Үч сураныч
13.07.2019

Үч сураныч

Яхя бин Муазды абдан сыйлаган Ибрахим аттуу бир адам бар эле. Ал Меккеге көчүп келип жашап калды да, Яхя бин Муазга кат жазып жөнөттү. Яхя бул учурда Мадинада турчу. Каттын мааниси мындай болчу: «Менин бул дүйнөдө үч тилегим бар эле. Биринчиси, өмүрүмдүн акыркы күндөрүн эң кадыр-барктуу жерде жашап өтүү. Экинчиси, өзүмө бир кызматчы алуу. Үчүнчүсү, мага өлүм келгенге чейин сизди бир көрүп калуу. Мына ушул үч тилегимдин экөөсү ишке ашты. Азыр мен жерлердин эң кадыр- барктуусу болгон Меккеде турам. Ошондой эле менин кызматчым да бар. Эми үчүнчү тилегимди сиз орундатып берсеңиз деп үмүт кыламын». Яхя катты окуп, кайра жооп жазды. Анын жообу мындай мааниде жазылган эле: «Бурадарым, сен адамдардын эң жакшысы болсоң жана кайсы жерде турсаң, ошол жерде жашай бер. Анткени, жайлар адамдарга карап кадыр-барк табат. Адамдар жайларга карап барк таппайт. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул жерлерде жашаганы үчүн бул жерлер кадыр-барк тапты. Ал эми Абу Жахилдин Меккеде жашап, Меккелик болуусу – ага эч кандай кадыр-барк тартуулаган жок. Ал эми кызматчы тууралуу айтсам, кожоюн болуу бир гана Аллага таандык, кызматчылык болсо кулдун сыпаты. Кайсы бир адамдын өзүнө кызматчы алып, өзүн кожоюн катары сезүүсү – ага жакшылык алып келбейт. Ал эми сенин үчүнчү арзууң тууралуу айтсак, эгерде сен ар дайым Алланы эстеп, Аны арзуу кылсаң, мени эсиңден чыгарып коймоксуң. Эстесең да, мынчалык деңгээлде сагынмак эмессиң. Эгер сен Алланы тапсаң, мага эч кандай муктаждыгың болбой калат. А эгерде Алланы таба албасаң, анда, менден сага эмне пайда...?

Бейиш гезити