Чүчүкулак кармоо
15.09.2022

Чүчүкулак кармоо

Чүчүкулак кармоо

Абдулмутталибдин жанына эл чогулат. Колуна кармаган он жебени Аллага берген убадасынан кайтпоо үчүн дароо калыстарга сунду. Ошол он жебенин ар биринде он баласынын аттары жазылуу эле. Кайсы гана жебеге туш келбесин, боор этинен бир бөлүгү кошо үзүлөрү турган иш болчу.
Калыс ошол жебелерден бирин тартып алды. Анын үстүнө мурунтан жазылган атты окуду:
“Аб-дул-ла!”.
Мээримдүү ата адегенде укканына ишенгиси келген жок. Жебени калыстын колунан жулуп алып, кайра окуду: “Абдулла”.
Көзү дароо жашка толуп чыкты. Тамагы ыйга муунду. Мээрими жана аталык сезими козголуп, бир ирет “Болбойт!” деп кыйкыргысы келди. Бирок Алла Таалага берген убадасын эстеди жана болот сымал эрки менен сезимдерин тизгиндеди.
Көңүлү чөгүңкү абалда Каабадан бурулуп үйүн көздөй үмүтсүз жөнөдү…
Үйүндөгүлөр аны күтүп жатышкан. Эч кимисинин чүчүкулактын жыйынтыгынан кабары жок отурушкан. Абдулмутталиб үйүнө кирип, жандай көргөн баласы Абдулланын бетине ийменип карады. Аталык мээрими кайра козголуп, ичи эңшериле түшкөндүктөн, жүзүн башка жакка буруп кетти. Сөзүн эки кылбаган уулдарын көп күттүргүсү келбеди да, мындай деди:
- Уулум, Абдулла! Алла Өзүнө арнап курман чалууга сени тандады. Бул сооптуу ишти бир туугандарыңдын арасынан сага насип кылды.
Абдулмутталибдин үй-бүлөсүн өрттөй аралаган бул кабар, көз ачып жумгуча Меккенин көчөлөрүн да кайгы-муңга бөлөдү.
“Абдуллабы? Ошол татынакай, сүйкүмдүү жигит, курмандыкка чалынат бекен?!”, – деп бири-биринен таң кала сурап жатышты.
Абдулмутталибдин жүрөгү ачышып, ичи өрттөнүп, мээрим сезими деңиздей толкуп турганына карабастан, сүйкүмдүү уулу Абдулланын билегинен кармап, аны түз эле Исаф-Наила аттуу буттардын жанына алып барды. Нур жүздүү Абдулла да кадимки бабасы Исмаилдин өз атасы Ибрахимге баш ийгени сыяктуу баш ийүүнү көрсөтүп тургансыды. Жүзүндө кичине да болсо беймазалык, эки анжы болуунун белгиси билинбейт.
Абдулмутталибдин бир колунда бычак, экинчиси менен Абдулланы колунан кармап турган эле. Курмандыкка чалуу үчүн баары даяр эле, бирок ошол убакта курайштын уруу башчылары келип калышты. Алардын бирөөсү мындай дейт:
- Эй, Абдулмутталиб, эмне кылганы жатасың?
Абдулмутталиб нур жүздүү уулуна карап туруп:
- Муну курмандыкка чаламын, – деп жооп берет.
Бул жооп турган көпчүлүк арасында таң калууну, нааразычылыкты пайда кылат. Арасынан бирөө көпчүлүктүн алдына чыгып:
- Эй, Абдулмутталиб, – дейт, – сен Меккенин эң акылдуу адамдарынансың. Сен ушундай иштерди жасасаң, сенден кийин эл сенин жасаганыңды жасабаспы? Ар ким өз билгениндей уулун курмандыкка чалса, келечегибиз эмне болот?
Турган көпчүлүк Абдулмутталибдин бул ишине каршы болчу. Бирок уулуна болгон чексиз мээримине карабастан, Жараткан алдында берген сөзүн аткаруу керек эле. Себеби Жараткан анын бир кездеги дубасы үчүн бири-биринен сүйкүмдүү он эркек уул тартуулады. Курмандыкка чалбоо – ал үчүн Жаратканга кыянаттык кылган болоор эле.
Анан Абдулланын таякеси Абдулла бин Мугыйра ортого түшүп мындай деди:
- Эй, Абдулмутталиб, Алла алдында жүйөөлүү бир чоң себеп болбогондон кийин, сен аны курмандыкка чала албайсың. Аны куткаруу үчүн керек болсо бардык малыбызды берүүгө даярбыз.
Абдулмутталибдин уйгу-туйгу болгон ички дүйнөсү да ушул эле нерсени каалап турган эле. Бирок болоттой катуу эрки жумшара турган эмес. Курайштар менен бирге уулдарынын да жалбарганы натыйжа бербегенден кийин, мындай бир сунуш кылышат:
- Эй, Абдулмутталиб, Абдулланы жаныңа алып, Шамга бар! Ал жерде акылман жана табып бир аял бар. Батыштан, Чыгыштан түрдүү кыйын маселелерин чечүү үчүн көп адамдар ага кайрылышат. Ага барган адамдардын ар биринин маселесине бир чара табат. Албетте, сен үчүн да бир чара көрөр. Абдулланы курмандыкка чалуу керек десе, макул, сен аны курмандыкка чаларсың; а эгер, баарыбызды бул кайгыдан куткарар бир чара көрсөтсө, анда ошого жараша иш кыларсың.
Бул пикир Абдулмутталибге жакты. Ошол замат Абдулланы жанына алып Шамды көздөй жолго чыгат. Мединага келгенде табып аялдын Хайбар деген шаарда экенин билишип, ал жерден Хайбарга келишет. Аррафа деген табып аялды ошол жерден таап, болгон иштин баарын түшүндүрүп беришет.
Аял:
- Силерде бир адамдын куну канча? – деп сурайт.
Абдулмутталиб:
- Он төө, – деп жооп кайтарат.
Муну уккан табып аял: “Барып он төө даярдаңыз. Балаңыз менен он төөнү алып чүчүкулак кармалчу жерге барыңыз, бир жакка он төөнү, экинчи жакка уулуңузду коюп, экөөнүн ортосуна чүчүкулак кармайсыз. Эгер төөлөргө чыкса, төөлөрдү курмандыкка чалып, уулуңузду куткарыңыз. Эгерде уулуңузга чыкса, төөлөрдүн санын дагы ошончо көтөрүп, Жараткан сизден ыраазы болгонго чейин чүчүкулак тартууну улантыңыз! Качан гана төөлөргө чыкса, аларды союп курмандыкка чалыңыз. Ушул жол менен Жаратканды да ыраазы кылуу менен уулуңузду да курмандыкка чалуудан куткарган болосуз, – дейт.
Айтылган сөздү туура көргөн Абдулмутталиб сүйүнүчтөн төбөсү көккө жеткендей болду. Убакытты текке кетирбестен, ошол замат Меккеге жол алат. Мекке калкы бул кабарды укканда, кубанычтары койнуна батпай сүйүнүшөт.

Чүчүкулактын жыйынтыгы

Меккеге келгендин эртеси күнү Абдулмутталиб уулу Абдулланы жана он төөнү Каабанын жанына алып барат. Табып аялдын айтуусу боюнча Абдулла менен он төөнүн ортосуна чүчүкулак кармашат.
Абдулмутталиб сүйүнүчтүү түрдө кызматчыга:
- Башта! – дейт.
Чүчүкулак Абдуллага чыгат. Төөлөрдүн саны жыйырмага чыгарылат. Кызматчы кайрадан саадактан окту тартат. Кайрадан Абдулланын аты жазылган ок чыгат. Төөлөр отузга чыгат. Кайрадан Абдулланын огу чыгат. Төөлөр элүүгө көбөйөт. Абдулланын аты жазылган ок эмнегедир кайра-кайра чыгып жатты.
Төөлөрдүн саны алтымыш, жетимиш, сексен, токсон болду. Эмнегедир башка бир ааламдан буйрук алып жаткандай эле. Абдулмутталибдин акылы айран болуп, ар бир чүчүкулактын алдында колдорун көккө жайып, ичинен дуба кылып жатты.
Акыры төөлөрдүн саны жүзгө жетет. Кайрадан ок тартылганда, кызыгуу менен карап тургандар эс ала түшкөндөй болушту. Анткени ок төөлөргө чыккан эле…
Баарынан да Абдулмутталибдин көздөрү сүйүнүчтөн жанып турду. Бирок ал өзүн кармап: “Алланын алдында үч жолу кайра чүчүкулак кармайм, жаным жай алсын!”, – дейт.
Чүчүкулак үч жолу кайталанат. Ар жолкусу сүйүнүчтүү болуп жатты, себеби ар биринде ок төөлөргө чыгып жатты.
Бул сүйүнүчүн Абдулмутталиб “Аллаху акбар! Аллаху акбар!” деп Жаратканга ыраазычылык билдирүү менен дуба кылды. Ошентип, Абдулла курмандыкка чалынуудан куткарылат.
Жандай көргөн баласынын курмандыкка чалынуудан куткарылганынан улам кубанычы койнуна батпай, Абдулмутталиб жүз төөнү Сафаа менен Марванын аралыгына алпарып катарынан курмандыкка атап чалдырды. Меккеликтер курмандык төөлөрдүн этинен каалашынча пайдаланышты. Ашканын жапайы жаныбарлар жешти.
Ошол күндөн бери карай, курайштыктардын арасында бир адамдын куну 100 төө болуп белгиленип, ушул адат уланды.
Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) да бул жөрөлгөнү мурункудай калтырган эле.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр баяны китебинен