Чоң күнөөлөр
15.01.2022

Чоң күнөөлөр

Алла Таалага шерик кошуу:

Эгер кимдир бирөө Алладан башка нерсеге сыйынса, сыйынууда Аллага дагы бир нерсени ортомчу же шерик кылса, анда анын ибадаты кабыл кылынбайт. Ал ширк кылуучу болуп эсептелет. Ширк эки түрдүү болот: чоң ширк жана кичине ширк. Чоң ширк - бул, ибадаттын кайсы түрү болбосун, Аллага башка нерсени шерик кылуу менен же ортомчу аркылуу аткаруу. Мисалы: Алладан башкага дуба кылып жакшылык суроо, Алладан башкага мал союп курмандык кылуу, ар түрдүү жамандыктардан сактоону Алладан башкадан сурануу жана үмүт кылуу, Алладан гана болуучу жакшылыктарды Алладан башкадан сурануу жана үмүт кылуу, Алладан гана болуучу жамандыктарды башка нерселерден болот деп коркуу, Аллага аткарылуучу ибадаттарды башка нерсени ортомчу кылуу менен аткаруу, Аллага гана белгилүү болгон иштерди алдын ала айтуу жана ишенүү ж.б.у.с. Кичине ширк – бул, далилдерде ширк деп айтылып, бирок чоң ширктин чегине жетпеген амалдар. Кичине ширк эки түрдүү болот: 1. Ачык ширк - бул, тил жана амал менен болот. 2. Жашыруун ширк, бул - жүрөктө болот. Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Силерге чоң күнөөлөрдү айтып берейинби?" - деп, сурады сахабалардан. - Ооба, айтып бериңиз, - дешти алар. Аллага шерик кылуу, ата-эненин каргышына калуу жана жалган күбөлүк берүү, - деп жооп берди. (Бухарий, Муслим)

Ушак:

Ушак - бул, көзү жок жерде адамдын айыбын ачуу. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сахабаларынан: - Ушак эмне экенин билесиңерби? - деп сурады. - Алла жана Анын Элчиси билүүчү - деп жооп беришти алар. Ошондо Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): - Ушак, бул - бир тууганына жакпаган айыбын ачуу – деди. - Ал эми ошол айып чындап эле анда болсочу? - деп сурашты сахабалар. - Ошол өзүндө бар айыпты айтуу - ушак, ал эми өзүндө жокту айтуу доомат болот - деп жооп берди. (Муслим). Ушак айтуунун бул жашоого да акыретке да тийгизүүчү көптөгөн зыяндары бар. Мисалы: ушак айтуучулар өз бир тууганынын этин жегендей чоң күнөөкөр болушат. Алла Таала Кураанда: «Бири-бириңерди ушактабагыла. Силердин бирөөңөр өз бир тууганынын этин жегенди жакшы көрөбү? Албетте, силер аны жактырбайсыңар» деп айткан. (Хужурат сүрөсү: 12-аят). Ошондой эле башкаларды ушактап жүрүп өтүп кеткен адам, Кыяматта соопторунан да айрылып калуусу мүмкүн. Бир жолу Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сахабаларынан: - Куру кол калган адам деп кимди айтабыз? - деп сурайт. - Колунда буюму да, тыйыны да жок адамды айтабыз - дешет алар. - Куру кол калган адам - ал менин үммөтүмдөн бир адам, Кыяматта окуган намазы, кармаган орозосу, берген зекети жана аткарган ажылыгы менен келет. Бирок, ал бирөөнү сөгүп койгон, бирөөнүн малын тартып алган, бирөөнүн абийирин ачкан, бирөөнү урган, бирөөнүн канын төккөн. Бул күнөөлөрү үчүн анын кылган жакшылыктары тигилерге алынып берилет. Эгер жакшылыктары жетишпей калса, тигилердин күнөөлөрү бул адамга алынып берилет жана тозокко ташталат - дейт Алланын Элчиси. (Муслим)

Чагымчылык

Чагымчылык - бул, адамдардын ортосундагы мамилесин бузуу үчүн биринин айтканын экинчисине жеткирүү. Чагымчылык кылуу да ушак сыяктуу бул дүйнө жашоосуна көптөгөн зыяндарын тийгизет. Ошондой эле чагымчылык кылуучу адам күнөөкөр болуп, Кыяматта азапка дуушар болот. Бин Аббас (Алла андан ыразы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) эки кабырдын жанынан өтүп баратып: «Бул экөө өздөрүнө чоң эместей көрүнгөн бирок чоң күнөөлөр себептүү азапталып жатышат. Бири сийдигинен тазаланган эмес, экинчиси чагымчылык кылып жүргөн» - деп айтты. (Бухарий, Муслим). Ал эми Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылган хадисте, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Адамдардын арасында эки беттүүлөрдү көрөсүңөр. Бул дүйнөдө кимдин эки тили болсо, Алла Таала Кыяматта ал адамга оттон болгон эки тилди берет» - деп айткан. (Абу Дауд)

Жалган сүйлөө:

Жалган сүйлөө дагы чоң күнөөлөрдүн бири болуп эсептелет. Ыймандуу адам эч качан жалган сүйлөбөстүгү тууралуу Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Мусулман адам жалган айтуу менен кыянат кылуудан башка күнөөлөрдү жасоосу мүмкүн» деп айткан. Ошондой эле жалган сүйлөгөн адамда мунапыктын белгиси болорун айткан. Дагы бир хадисте: «Чындыгында жалганчылык жамандыкка жетелейт, ал эми жамандык тозокко алып барат. Адам ар дайым жалган сүйлөй берсе, Алланын алдында жалганчы деп жазылып калат» - деген. (Бухарий, Муслим)

Уятсыз, жаман сөздөрдү сүйлөө:

Уятсыз жаман сөздөрдү сүйлөө ыймандуу адамга тиешелүү сыпат эмес. Мусулман адам ар дайым жакшы гана сөздөрдү сүйлөөсү керек. Анткени, ал туура эмес сүйлөгөн бир сөзү үчүн азапка дуушар болуп калуусу мүмкүн. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Чындыгында, пенде Алланын каарын келтире турган, бирок өзү ага маани бербеген бир сөздү айтып, ошол себептүү Алла аны тозокко ыргытат» деген. (Бухарий). Ыймандуу адам убактысын пайдасыз өткөрүүдөн сактануусу зарыл. Анткени, убакыт да биз үчүн берилген нээмат. Убакытты пайдасыз сөздөрдү сүйлөө менен өткөрүү, эртедир-кечтир өкүнүүгө алып келет. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир хадисинде: «Алланы зикир кылуу жана Пайгамбарга салават айтуудан башка сөздөр жүрөктү катырып коёт. Ал эми жүрөгү катуу адамдар Алладан алыс болушат» - деп айткан. (Муслим)

Уурулук:

Башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо - чоң күнөөлөрдүн бири. Уурулук жолу менен табылган тамак арам болот. Башка бирөөнү сыздатып, зыян жеткиргендиги үчүн, уурунун тапканында эч качан береке болбойт. Уурулук, эл арасында тынчтыкты жоготот. Адамдардын жашоосунда кооптонууну пайда кылат. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир хадисинде: «Ууру, уурулук кылган мезгилде ыймандуу болбойт» - деп айткан. Демек, уурулук кылуу мусулман адамга тиешелүү сыпат эмес.

Каракчылык:

Каракчылык кылуу да уурулук сыяктуу эле чоң күнөө. Ууру ээсине көрсөтпөй алса, каракчылар коркутуп, күч менен карактап алат. Айрыкча, сапарда бара жаткан мусапыр адамдардын жолун тосуп, мал-мүлкүн тартып алган каракчылар катуу азапка дуушар болушат. Алла Таала айткан: «Чындыгында, Алла жана Анын Элчисине каршы согушкандардын, жер бетинде бузукулук иштерди жасап жүргөндөрдүн, каракчылардын жазасы - алар өлтүрүлөт, асылат же колу буттары кайчылаш кесилет же мекенинен куулуп чыгарылат. Бул алардын бул дүйнөдөгү жазасы, ал эми Акыретте катуу азап бар. Бирок силердин күчүңөр жетүүдөн мурда тобо кылгандарына андай жаза жок. Билгиле! Чындыгында, Алла Кечиримдүү, Мээримдүү». (Маида сүрөсү: 33-34-аяттар)

Таразадан алдоо:

Таразадан алдоо - чоң күнөө. Адамдардын акчасын алып, бирок ага ылайыктуу тартпастан кем тартуу менен адамдарды алдоо - арам. Таразадан алдап алган ар бир грамм ал үчүн арам болот. Таразадан алдоо аркылуу пайда таап жаткандай сезилгени менен, алардын тапканында эч качан береке болбойт. Бирөөнүн акысы бирөөгө аш болбойт. Алар эртедир-кечтир зыянга дуушар болушат. Алла Таала айткан: «Чен-өлчөмдү жана таразаны туура аткаргыла. Биз адамга ал аткара албаган амалды жүктөбөйбүз». (Анаам сүрөсү: 52-аят). Дагы бир аятта Алла Таала минтип айткан: «Таразадан алдоочуларга азап болсун. Алар адамдардан өлчөп алышканда толук алышат да, башкаларга тартып-өлчөп беришкенде кемитип беришет. Алар Кыяматта тирилээринин анык экенин сезип билишпейби». (Мутаффифун сүрөсү: 1-2- аяттар). Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Кайсы бир коомдо таразадан алдоо көбөйсө, Алла ал коомдун түшүмүн кургакчылык аркылуу берекесиз кылып коёт» - деген. (Бин Маажа)

Пара алуу:

Пара алуу - чоң күнөө. Пара алуучу гана эмес, пара берүүчү да күнөөкөр болот. Пара алуу көбөйгөн жерде, адамдардын акысы өзүнө берилбей калат. Адилетсиздик күч алат. Кызматка татыктуу адамдар келбей калат. Натыйжада, ал жерде экономикалык, социалдык көйгөйлөр пайда болот. Пара үчүн алган ар бир тыйын арам болуп эсептелет. Пара алуучу да, берүүчү да азапка дуушар болот. Алла Таала айткан: «Ортоңордогу мал-мүлктү, байлыкты өз ара арам жолдор менен жебегиле». (Бакара сүрөсү: 188-аят). Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткан: "Пара алуучу да, пара берүүчү да - тозокто". (Абу Дауд)

Жетимдин акысын жеөө:

Жетим - балагат жашына жете элек, атасынан ажырап калган бала же кыз. Жетимге тиешелүү болгон мал-мүлктү алып алуу - чоң күнөө. Анткени, аны бага турган атасы жок. Анын, өзүнө тиешелүү мал-мүлккө ээлик кылууга күчү жетпейт. Бой жетип чоңойгондо ошол мүлкү менен жашоосун улап кетүүсү керек. Ошондуктан жетимдин малын жегенге катуу тыюу салынган. Алла Таала айткан: «Албетте, жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер өз курсактарына отту жешет жана тозоктун отунда азапталат». (Ниса сүрөсү: 10-аят)

Кумар ойноо:

Кумар оюндарынын бардык түрү - арам. Кумар оюндарынан утуп алган акчанын ар бир тыйыны арам болуп эсептелет. Кумар ойноочулар убакыттарын бекер кетиргени үчүн да күнөөкөр болушат. Кумар - адамдардын ортосунда душмандыкты пайда кылат. Анын айынан адамдар бири-бирин өлтүргөнгө чейин барышат. Алла Таала айткан: «Чындыгында, шайтан аракта, кумарда араңарга душмандык жана кек салып, Алланы эстөөдөн жана намаздан тосууну каалайт». (Маида сүрөсү: 90-аят). Ошондой эле: «Оо, ыймандуулар! Арак, кумар, сыйынуу үчүн орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу - шайтандын ыпылас иштеринен. Алардан алыс болгула! Ийгиликке жетүүңөр үчүн» - деп айткан. (Маида сүрөсү: 90-аят). Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Албетте, Алланын малын акысыз жегендерге Кыяматта тозок болот» - деген. (Бухарий). Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Ким нарда ойносо ал Аллага жана Анын Элчисине күнөөкөр болот» - деп айткан. (Бин Маажа)

Бейиш гезити