Чубак устаздын акыркы каты
31.08.2020

Чубак устаздын акыркы каты

Бисмиллаахир-рохмаанир-рохиим.

Тирүүсүндө олуялардын тирүү үлгүсү болгон маркум азирети Абдусаттар ажы устазыбыздын өрнөгүндө жашаган, өзүндөй мукам кыраат кылган, ошол илгертен бери теспенин таштарындай бир кылка такыбаалыктын таасиринен чыкпай келаткан санжыралуу тукумдун туусу болгон, бийлик менен адамдардын денесине эмес, илим-ыйман менен пенделердин жүрөктөрүнө аруулук менен асылдыктын нурун чачкан берекелүү улуу очоктун дагы бир мураскери Молдо Садриддин ажы чын жайга, такыбаалар барганга шашчу жайга, ушул тапта өзүм да самап турам ошол жайды, кылган ибадат менен ыкластын ыраатын көрөөр жайга кетти.

Аалымдар Пайгамбарлардын мураскорлору. Садриддин дамыла Пайгамбардын ак мураскору, жүздөгөн хадистерди жатка айткан, алты хадис китебинен сабак берген, медресе кармаган, кармап эле тим болбостон машайыктыгын кошо кармаган, аалым болуп магдырабастан, акысын берип тээ багымдаттын алдынан баштап куптандан кийинки убакытка чейин таалим, билим түшүндүрүү, сабак берүүдөн колу бошобогон жан эле.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткан: “Мен көркөм адеп ахлакты толуктоо үчүн жиберилдим!”. Садриддин дамыла устазым көркөм адеп ахлактын ээси эле. Бирөөгө бир катуу айтканын уккан эмесмин... Бир жолу борбордук мечиттин шыбынан суу өтүп жатыптыр, эмнеге Бишкек казысы Садриддин дамыла оңдотүп койбойт деп, сабактарымдын биринде олуттуу түрдө сын айткам. Ал сынды Насаат медианын жарым миллиондон ашуун катталуучусу угуп, алар дагы эки үчтөн адамга жеткиргенде, укпаган адам калган эмес. Молдо Садир шыбын ондотмок түгүл, борбордук мечиттин устун толук жаңы жаптырып, “Молдо Садир ачуусу келип сизди урушту!!!”, деп айтып койгула дептир мага. Элге жарыя кылбай жеке айтса деп ачууланса керек. Ушунчалык деңгээлде ачууланат эле... Эми анчалык жарыя айтпасаң, балким толук жабылбастан, шыптын ошол эле жери бүтөлмөк деп ойлоп калам.

Молдо Садир досум өтө ишээнчек адам эле. Ким эмне айтса деле “шондойбу!”, деп ишенет эле. Бир жолу бейтааныш эле бирөө телефон чалып, “Мен баланча дегенмин, мени тааныйсыз дамылда. Мага азыр өтө зарыл ушул буюм керек болуп турат, такси жиберем, берип жибериңиз? - деп айтса, кайран казыкем шымаланып таксиге буюм жүктөп жүрсө, ал кишинин кенешчиси, бир тактап коёюн деп сураса таксист өзү качып жок дейт... Көрсө жөн эле бир шылуундар ошентип элди алдап жүрүшчү экен ...

Ушундай ишенчээк жан эле ...

Садир дамылам экөөбүз устаз-шакирттиктен сырткары дос дагы элек. Достугубузду көралбагандар көп болду. Бир жолу ичинде кутуму бар бирөө мага келип, “Сиз кайсы бир жыйналышта үндөбөй эле олтуруп берсеңиз, Молдо Садридиндин ордун алып беребиз!?” деп жыландын башын кылтайткан. Дароо эле так кесе жок дедим. Молдо Садирге да дароо айттым. Анткени, алардын жаман ниети ишке ашканын каалаган жерим жок эле. Молдо Садирге да ушуга окшогон жарамсыз нерселерди айтышып, бизди араздаштырганга аракет кылышчу. Биздин достугубуз дайыма сакталуу кала берди ... Кудайым Өзү шерменде кылбасын ...

Садир дамылам! Сизди азирети Абдусаттар ажы устазыбыздын жанына жерлегени кичи мекенге алып кетишти. Тирүүлүктө деле, башкасында деле коңшунун жакшы болгону жакшы эмеспи ... Сизди өзүм жакшылап жууп, аруу кепиндеп, аспиеттеп колдонгон “ууд камбуудий” атырымдан себелеп узатсам жакшы болоор эле ... Бирок мен азыр камактамын. Жөн үкөл менен асма үкөл, мурунга тыгып дем алчу үкөл менен, кургатып курут кылынган таблетка үкөлдөрдүн камагындамын. Сүйлөйүн десем оозум толо жөтөл ... колум менен бирдеме чиймегилеп, ошону менен коштошуу кебимди айтып жаткан кербезим.

Казыкем! Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) салам айтыңыз. Мен үчүн да бир кучактап коюңуз. Кандай бактылуу пенде элеңиз ... Ал затты көргөндө, учурашканда бардык чарчоолоруңуз кетет ... өзүңүз өмүр ...

10.07.2020-жыл Устаз Шейх Чубак ажы ушул сөздөн кийин өзүн жаман сезип, достору ооруканага алып кетишкен ...

Алла Таала Өз ырайымына алсын сизди, Устаз.