Чубак устаздын кыскача өмүр баяны
20.07.2020

Чубак устаздын кыскача өмүр баяны

11-июлда экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болду. Кечээ, 10-июлда ал оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилгени маалымдалган. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында 1975-жылы 21-январда туулган. Атасы Тажибай Жалилов математика мугалими, апасы Гүлжамал Сакыева англис тили боюнча мугалим. Чубак Жалилов үй-бүлөөдө 6 бир туугандын экинчиси болгон.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

Чубак Жалилов 1992-1996-жылдары азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы Умму аль-Кура эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн. Чубак Жалиловдун эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган. Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле жылдары азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген. 2010-2012-жылдары Кыргыз Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариятка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон.

МАЕКТЕРИ:

"Мүнөзүм чорт экени чындык, бул мендеги "жымсалдамай" деген ыкманын жоктугу. Же болгон нерсени бурмалабай, түптүз бетке айтканымдын "жемиши". А бирок "жактырбаган кишиси менен сүйлөшпөй коёт" дегенге кошулбайм", - деген маектеринин биринде. "Муфтий кезимде жардамчыларым "уят болот" деп базарга барышыма тыюу салышчу. Кээде жупуну кийинип барсам "этикет сакталуусу керек, протокол бузулбоосу керек" деп айтып калышчу. Бирок мен жашырынып эле базарга барып, дүкөнгө кирип соода кылып чыкчумун", - деген маектеринде. "Супер Инфо" гезитине берген маектеринде ал үйдөгү китептеринин салмагы 4-5 тоннага жетип калганын айтып берген. "Менин бир өзгөчөлүгүм, китепти ушунчалык тездик менен окуп, ошол маалымат менин эсимде биротоло сакталып калат. Чыгарма окусам, өзүмчө эле «сюжетти кайдан алган, кимден уурдап алды экен?» деп изилдей бермейим бар. Бул адат менде бала кезден бери бар. Үйдөгү китептердин салмагы 4-5 тоннага жетип калат го, алардын ичинен кандай китеп бар же жок экенин жатка билем", - деген ал.

https://www.super.kg/mobile/kabar/news/315705/