Чыныгы боорукердик
16.09.2022

Чыныгы боорукердик

Шаардын эң бай адамдарынын биринин кечесине коноктор чакырылат. Алардын арасында боорукердиги, кичипейилдиги жана кылган жакшылыктары менен атагы чыккан фабриканын башчысы да бар эле. Бир маалда коноктордун арасынан бир жаш жигит жанында отурган адамга:

— Мен бүгүн жүрөк сыздаткан бир окуяга күбө болдум, тамакка табитим тартпай турат, – деп калды. Аны угуп калган фабрика ээси эмне болгонун сурайт.

— Мен азыр убактылуу жашап жаткан үйдүн ээсинин беш баласы бар. Ал – абдан адилеттүү, намыстуу киши. Үй-бүлөсүн кыш куюп бакчу эле. Бир канча күн мурун тамдан учуп кетип, бутун сындырып алыптыр. Үйдүн ишинин бардыгы аялынын мойнунда калган болчу. Эми ал да ооруп төшөккө жатып калды. Балдары каралбай калды. Мен ошого кейип жатам, – дейт.

Коноктордун баары жаш жигиттин айтып бергенин угуп, боору ооруп, бири-бирине шыбырашып, "ай-ай, жаман болгон экен" дешип кейип калышат. Анан башка нерселер тууралуу сөзгө өтүп кетишет. Ошол учурда фабриканын башчысы өйдө туруп, столду тыкылдатып:

– Урматтуу мырзалар! Мен ал байкуш, колунда жок кишилерге күйгөнүмдү 1000 сом менен билдирем, – деп, чөнтөгүнөн акчасын алып чыгып, столдун үстүнө коёт да:

– Сиздер да канчалык бооруңуздар ооругандыгын акча менен билдирсеңиздер, – дегенде, столдун үстүнө акча жаай баштайт. Конокко келген ар бири ал адамдын абалына боору ооруганын акчалай билдире баштайт. Бир аздан кийин фабриканын башчысы акчалардын баарын алат да, үй ээсине алып барып бер деп жаш жигитке берет.

Ачтарга оокат бериңиз, бейтапты барып көрүңүз жана иши бардын ишин бүтүрүңүз. (Хадис)

Жакшылыкка далалат кылуучу менен аны аткаруучунун сообу тең. (Хадис)

Жапа чеккен адамды көрүп туруп жалоорубаган адамды адам дешке болбойт. (Саади)

Адам канчалык адилеттүү болсо, адилеттикти ошончолук туура түшүнөт. (Цицерон)

Турмуш сабактары китебинен