Депрессия тууралуу Ислам дини эмне дейт?
30.07.2019

Депрессия тууралуу Ислам дини эмне дейт?

Депрессия жана стресс – азыркы адамдардын арасында эң кеңири тараган оору. Стресстин жана депрессиянын пайда болуусуна бир канча сырткы факторлор таасир этет: чарчоо, кайгы, кыйынчылыктар, көйгөйлөр. Анын артынан адам үмүтсүздүккө, алсыздыкка, көңүлсүздүккө кабылат. Азыркы жашоонун шартындагы адам күн сайын башына түшкөн түрдүү маселелердин, эмоциялардын баарын эле жөндөп кетүүгө алы келбейт.

Кээ бир адамдар ишеним менен депрессиянын айкалышына ишенишпейт. Бирок, кандай ишенимдеги адам болбосун баары бирдей кайгырганга, маанайы чөккөнгө, жан дүйнөсү жабыркаганга жөндөмдүү. Болгону мусулман адам мындай абалдан кантип чыгаары менен айырмаланат. Мухаммед пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтат: “Жаркырап турган айды булут каптап калган сыяктуу эле бардык жүрөктөрдү булут жаап калат да, заматта караңгы боло түшөт, бирок, булут тарагандан кийин кайрадан жүрөк жаркырайт”.

Эгер депрессияга кабылсаңыз, жүрөгүңүздү тыңшаңыз. Балким көңүл чөгүү, кайгыруу менен жооп бере турган бирдеме бардыр? Балким жан дүйнөңүз каалабаган бирдеме кылгандырсыз? Балким Жараткан туура жолдон тайып кеткениңизди билдирип жаткандыр?

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтат: “Чындыгында момун-мусулман күнөө кылса, ал жүрөгүндө кара чекит менен белгиленет. Эгер күнөө кылганын моюнга алып, өкүнүп, кайра кайталабаса, жүрөгү тазаланат. А эгер дагы күнөө кошсо, кара чекит чоңоё берет, күнөө кылган сайын чоңоюп олтуруп жүрөктүн баарын тунарык басып калат”.

Ал эми психологиялык жабыркоо тууралуу Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт: “Алла дабасы жок дартты эч качан бербейт, билгендер муну эске алышат, билбегендер эске алышпайт”.

Анда депрессиянын дабасы эмнеде?

Дуба – бардык оорулардын дабасы

Мусулман кандай гана абал болбосун, анын ичинде депрессия, стресс жана башка руханий ооруларда ал үчүн эң башкысы Жараткан, Жаратканга гана кайрылат, Жараткандан гана даба табат. Кудуреттүү Аллага ишенүү, сыйынуу жан дүйнөнү тынчтандырат. Кандай гана кыйынчылык болбосун, Жаратканды эстеңиз, андан күч-кубат, сабырдуулук, жардам сураңыз. Жараткандын мээрими чексиз, жардам сураганды кароосуз калтырбайт.

Депрессия же башка илдеттер менен күрөшүү Алладан үмүттөнүү менен байланышта. Үмүттөнүү менен Алланын эркине баш иет, бул жашоо болгону сыноо. Бардык нерсе Жараткандын буйругу экенин түшүнгөндө гана жүрөк тынчтанат.

Бардык түшүнүксүз абалда, жүрөктүн, акыл-эстин же жан дүйнөнүн оорусунда дуба кылыңыз. Жаратканга таянып, Андан жардам суроо менен жеңилдей аласыз. Ал эми депрессия жана стресстин алдын алуунун жакшы жолу – сак-саламат жашоо образын сактоо, Жаратканга сыйынуу жана жакшы иштерди жасоо.

Даярдаган: Назира Манас кызы