Дос
28.05.2020

Дос

Достун каны бөлөк, жаны бир. (Кыргыз эл макалы)

Кан күйгөн согуштун эң оор күндөрүндө досума ок тийгенин көрдүм. Душмандын огу жамгырдай жаап жаткан эле. Сардарга чуркап барып:

- Досумду алып келейинчи? - дедим.

- Жинди болдуңбу? Ага канча ок тийди? Эмдигиче өлүп деле калды көрүнөт? Өзүңдүн өмүрүңдү да коркунучка салба. Эми сени да жоготууну каалабайм, - деп жооп берди.

Мен болбой көгөрүп туруп алдым. Сардар акыры макул болуп, анда, биз сени коргоп, ок атып турабыз, жөнө деди. Жамгырдай жааган октун алдында досума жетип бардым. Аны жонума көтөрүп, кайтып келдим. Бирок, кеч болуп калган эле. Сардар кан жаян болуп жаткан досумду көрүп:

- Көп ок жептир.... Өмүрүңдү бекер эле коркунучка салдың, - деди эле. Мен:

- Татыктуу эле болду, сардар мырза. Жанына барганымда көз жума элек болчу. Анын: "Келериңди билгем досум, келериңди билгем" - деген акыркы сөзү мен үчүн баарынан кымбат болду, - деди.

Турмуш сабактары китебинен