Эң даамдуу эт адамдыкыбы?
22.07.2016

Эң даамдуу эт адамдыкыбы?

Тамак-аштын ичинен адамдар жакшы көргөн бир эт бар. Бирок, бул этти жеш арам болгондуктан, Аллах Таала аны жегенге тыюу салган. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) да бул этти жеш арам экендигин бир канча хадистеринде айтып өткөн. Анын заманында жашаган сахабалар, такыба болгондуктан, бул этти жеген эмес. Бирок, күн өтүп, заман өзгөргөн сайын, адамдар бул эттин даамын татып калышып, аны жегенге кызыга башташты. Алгач, анын даамын аялдар татып көрүшүп, жей башташкан. Кийинчерээк эркектер да аялдардан кем калбай жей башташты. Азыр болсо, аны аял-эркек дебей баары жешет. Жегенде да бири-биринен талашып, бирине-бирине калтырбай жешет. Айрыкча аш-тойлордо, ашканаларда, кафе-барларда шашпай отуруп алышып, башка тамактарга кошуп жегенди жакшы көрүшөт. Бул эттин башка эттерден айырмасы деле жок, болгону башка этти жесең курсагың тоюп, жегиң келбей калат. А муну болсо жеген сайын жегиң келе берет, курсагың тойбойт. Ошондуктан башка эттерди курсагы ачкандар көп жесе, бул этти курсагы токтор көбүрөөк жейт. Анан да бул этти адам жалгыз отуруп жей албайт. Анын курамы өтө бай болгондуктан, аны жеш үчүн жок эле дегенде эки, болбосо андан көбүрөөк адам болуу керек. Адамдын саны канча көп болсо, бул эттин сиңими да ошончо жакшы болот. Кээ бирөөлөр аны жашынып алып жешет. Кээ бирөөлөр болсо, ачык эле көпчүлүктүн арасында жей беришет. Ал эмес, телевизорго, же башка көрүнүктүү орундарга чыгып алып жегендер да жок эмес. Бул этти тиштери курч жаштар да жейт, тиши түшүп калган карыяларда жейт. Акчалуу байлар да жейт, акчасы жок кедейлер да жейт. Жогорку кызматтагы башчылар да жейт, кызматчы, кулдар да жейт. Кыскасын айтканда бул эттен жок эле дегенде бир ооз тийбеген адамды табуу кыйын. Бахх, анын даамын айт да, арзандыгын айт. Аны сатып алуу үчүн базарга барыштын да кереги жок. Айланаңды бир эле карап, аны табасың да, жей бересиң. Бул кандай эт экенин эми байкадыңарбы? Бул адамдын эти. Ооба, кадимки эле эки аяктуу, бир баштуу адамдын эти. Болгондо да өзүңө тааныш жакын адамыңдын эти. Адамдын этин кантип жемек элем деп ойлоп жатасыңбы? Туура адамдын этин эч кимдин жегиси келбейт. Бирок, биз бир күндө канча адамды кыйбат кылып жатканыбызды эсептесек, анда ошончо адамдын этин ырахаттануу менен жегенибизди билээр элек. Аллах Таала айтат: ««Бири-бириңерди кыйбат кылбагыла. Силердин бирөөңөр өз бир тууганынын этин жегенди жакшы көрөбү? Албетте, силер аны жактырбайсыңар». (Хужрат, 12-аят). Ушул аятка жакшы акыл жүгүрткөн адам, бир адамды жамандоо менен анын этин жегендин эч кандай айырмасы жок экендигин байкайт. Кыйбат, бул - эң жаман, чоң күнөө. Кыйбат кылган адам жөн эле күнөөкөр болбостон, тапкан-ташынган соопторунан да айрылып калат. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан: - Куру кол калган адам деп кимди айтабыз? - деп, сурайт. - Колунда буюму да, тыйыны да жок адамды айтабыз, - дешет, алар. - Куру кол калган адам - ал менин үммөтүмдөн бир адам, Кыяматта окуган намазы, кармаган орозосу, берген зекети жана аткарган ажылыгы менен келет. Бирок, ал бирөөнү сөгүп койгон, бирөөнүн малын тартып алган, бирөөнүн абийирин ачкан, бирөөнү кыйбат кылган, бирөөнү урган, бирөөнүн канын төккөн. Бул күнөөлөрү үчүн анын кылган жакшылыктары тигилерге алынып берилет. Эгер жакшылыктары жетишпей калса, тигилердин күнөөлөрү бул адамга алынып берилет жана тозокко ташталат, - дейт Аллахтын элчиси. (Муслим). Дагы бир хадисте, кыйбаттын кандай болору тууралуу, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан: - Кыйбат эмне экенин билесиңерби? - деп сурайт. - Аллах жана Анын Элчиси билүүчү, - деп, жооп беришет алар. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): - (Кыйбат, бул) - бир тууганына жакпаган айыбын ачуу, – деп айтат. - Ал эми ошол айып чындап эле анда болсочу? - Ошол өзүндө бар айыпты айтуу кыйбат, ал эми өзүндө жокту айтуу доомат болот, - деп, жооп берет . (Муслим). Урматтуу окурман! Келгиле кайсы бир адамды кыйбат кылуу учуру келген мезгилде, анын этин майдалап туурап, жакшылап туздап, жегенге даярданып жаткан абалыбызды көз алдыбызга келтирели да, ошол эттен кандай жийиркенген болсок, кыйбаттан да ошондой жийиркенип өзүбүздү алыстаталы.

Алайчы Сеитбеков