Эки жүздүүлөр меккеликтердин чакырыгына жооп кылып чогулушту
28.08.2019

Эки жүздүүлөр меккеликтердин чакырыгына жооп кылып чогулушту

Мусулмандар Мединага хижрат кылганда кыжыры кайнаган меккеликтер мусулмандардын саны күн санап өсүп жатканын көрүп, анын алдын алуу үчүн жаңы иш-аракеттерди жасоого умтулуп жатышты. Ошон үчүн Мединага кабар артынан кабар жөнөтүп, Алланын Элчисин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Меккеге алып келип жок кылгылары келди.

Алар зор күчкө ээ болуп турушса да алсыз адамдар колдорунан чыгып кетип, Мединадагы мусулмандардын катарына кошулуп жатты. Ага кошумча, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Аус менен Хазраж жана жөөттөр менен келишим түзүп, Мединада бейпилдикти жана тынчтыкты орнотуп койду. Меккелик мушриктер канчалык каршы турушса да, Мединада жаңы коом түптөлүп, зор күчкө ээ болуп баратты. Бул нерсе Абу Жахил баш болгон меккеликтерди кыжырлантты.

Чара издеп жатышты. Акыр аягында Дарун Надвада чогулушуп, чечим чыгарышты. Мединага кабар берип, Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кайра алдырып, Аны жана Анын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) динин жок кылмакчы болушту.

Кан ичмеси кармап, көздөрү тумандаган мушриктер кара ниеттерин ишке ашыруу үчүн эч бир жолдон кайра тартпай, мусулмандарды коркутуп-үркүтүүгө аракет кылып жатышты. "Бизден кутулдук деп ойлобогула! Үйлөрүңөргө чейин барып, таш-талканыңарды чыгарабыз!" – деген сыяктуу кабарлар демейдеги нерсе болуп калды. Мединалыктарды коркутуу үчүн Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жөнүндө түрдүү жалган-жалааларды камтыган кат жазышты. Алардын кайрылган адамы Мединанын башчысы болууга кыялданган Абдулла бин Убай Салул эле. Меккелик мушриктер дагы эле аны ясрибдик араптардын башчысы катары көрүшчү. Ошондой эле коркутуп-үркүтүүлөргө толгон каттарында төмөнкүлөр жазылган болчу:

"Силер биздин адамыбызды коргооңорго алып алдыңар, силер аны күч менен өлкөңөрдөн кууп чыгасыңар же биз силердин мал-жаныңарды талоондоп, баарыңарды кул кылып алганга чейин силер менен согушабыз!".

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) алардын коркутуп-үркүтүүлөрү тууралуу кабардар болуп турду. Ал (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) меккелик мушриктер эмне кылып жатканын, кимдер менен байланыш курганын, кандай пландарды түзгөнүнө байкоо салды. Ар бир сөзү жана иш-аракети даанышмандыкка толгон Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Кыяматка чейин келе турган бүтүндөй бардык төрөлөргө жол көрсөтөр стратегиялары бар эле.

Абдулла бин Убай жана анын санаалаштары Меккеден келген чакырыкка жооп кылып бир жерге чогулушкан эле. Көктөн издегени жерден табылгандай сүйүнгөн бул эки жүздүүлөр бул мүмкүнчүлүктү кандай пайдаланып калууну кеңешип жатышты. Так ошол учурда Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) чыга келди. Эки жүздүүлөр кылмыш үстүнөн кармалып, шашып калышты. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аларга мындай деп кайрылды:

"Курайштын силерди коркутуп-үркүткөнү тууралуу мен да уктум. Алардын силер үчүн даярдаган тузагы, силердин өзүңөргө даярдаганыңардай эле. Силер өзүңөрдүн балдарыңар жана бир туугандарыңар менен согушасыңарбы?!".

Медина мамлекетинин жол башчысына каршы чыга албасы анык эле. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул таасирдүү сөзүн угушканда пландаган иштеринен баш тартып, тарап кетүүдөн башка чаралары жок экендигин түшүнүшүп, үйлөрүнө кайтып кетүүгө аргасыз болушту. Дагы бир жаман ой ишке ашпастан жоюлуп, коогалаңсыз аяктады. (Абу Дауд)

Пайгамбарыбыз тынчтыктын жарчысы китебинен