Эй Россия, Россия бир боор энем!
26.06.2016

Эй Россия, Россия бир боор энем!

Эй, Россия, Россия, бир боор энем!
Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен,
Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм,
Биз элбиз, биз кишибиз – сени менен. 

Кайран акын Алыкул кашкайган чындыкты айткан экен. Айтса-айтпаса төгүнбү, Россиянын кенен коюнуна кимдер гана кирбеди дейсиң. СССРдин ити чөп жеп, арааны жүрүп турган мезгилде канчалаган кыргыз жаштары билим издеп анын коюнуна сүңгүштү. Бир эле кыргыздар эмес кошуна элдин баары эле Орусиянын койнунда ийне менен кудук казышпадыбы. Кыргыздар да, кыргыздан башкалар да Орусиядан көптү үйрөнүштү. Бирок, башка кошуналардан өзгөчөлөнүп биз огеле көп нерсени үйрөнүп жибериптирбиз. Көрсө, кыргыз «көңүлчөк» келет турбайбы, эмнени берсе, эмнени көрсө, эмнени укса баарын ылгабастан ала берет экен. Анан да укканын уккандай, көргөнүн көргөндөй бат үйрөнгөнүчү. Маданияттуу эл, илимдүү чөйрө, заманбап жетишкендик деген сыяктуу «жалган ишенимдер» келгиндерге жалаң гана жакшы жагын үйрөтүп тим болбостон, жаманын да кошо үйрөтүп коёт турбайбы. Жетимиш жылдык Кудайды чанган коммунисттик доор, жараткан менен иши жок динсиз чөйрө, ата-бабабыздын үч уктаса түшүнө кирбеген жаман адаттарды каныбызга сиңирип кетти. Катуу таасирленүүнүн күчүбү, же «Кошунаң көр болсо, бир көзүңдү кысып жүр» дегендей сокур тууроодон уламбы дагы эле кеткен доордон калган кемтиктерди толуктай албай келебиз. Андан да өкүнүчтүүсү орусиядан бөлүнүп, өз алдынча болсок да баары бир анын коюнунан чыгып кете албаганыбызда болду. Мурда өнөр, илим издеп кирсек, эми акча-тыйын издеп кирдик. Мурда бардык жамандыктары чүмкөлүп-жабылып жашырылган заманда кирсек, эми баары ачылып- чачылган заманда кирдик. Мурда мыйзамдан, тыюудан корккон заманда кирсек, эми мыйзамдын өзү бузулган заманда кирдик. Киргенде да баш отубуз менен кирдик. Ата да, эне да, бала да, кыз да кирди. Мурда миңдеп кирсек, эми миллиондоп кирдик. Бир караган адамга мунун эч кандай зыяны деле жоктой көрүнөт дечи. Болгону, материалдык байлыкты издеп жүрүп, рухий байлыгыбызды кыйратып алабызбы деген коркунуч жүрөктү өйүйт. Көр тирликтин айынан барарын барып алып, анан кой деген кожосу, ай деген ажосу жок, ээн-эркин калган жаштарыбыздын өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жатканы өкүнүчтүү. Жаман кабар бат тарайт демекчи, кулагыңды жапырып, көзүңдү жумсаң да баары бир ийнени капка ката албайт экенсиң. Бул жактан турмушту шылтоо кылып кеткен боордошторуңдун кандай жолдо жүргөнүн уккан сайын зээниң кейийт. Жок, мен ал жакта жүргөндөрдүн баарын күнөөлөгүм келбейт. Ал жерде да туура жолдон чыкпай жүргөн бир туугандарыбыз толтура. Ал эмес, бул жерде Жаратуучусун тааныбай жүргөндөр, тиякка барып намаз окуп, туура жолго түшүп калганы да жашыруун эмес. Ошол эле учурда «Сыныктан башканы баары жугуштуу» дегендей, жаман иштерди жасагандардын арасында жүрүп, жаман жолго түшүп кеткендер да көбөйүүдө. Жегени арам, басканы күнөө, Кудай менен иши жок каапыр коомдун таасири сөзсүз тиери турган кеп. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бекеринен: «Мушриктердин арасында калуучу мусулмандан жүз бурамын» - деп айтпаса керек. Ошондуктан Ислам аалымдары, себепсиз каапыр өлкөгө сапар кылууга тыюу салган. Ал эми зарылчылык болсо, тагыраак айтканда пайдалуу илим алуу үчүн, оорудан дарылануу үчүн, же зарыл жумушту аткаруу үчүн барса, адал-арамды ажыратуучу илими, ар кандай бузукулуктан өзүн тыя алуучу такыбалыгы жана күнөөлөрдөн өзүн тосуучу сабырдуулугу болуусу керек. Мындай сыпаттары жок адамдын динсиз өлкөгө сапарга чыгуусу туура эмес. Кандай болгон күндө да, дүнүйө үчүн жан үрөп жүрүп Акыретин да жок кылып алуу өтө өкүнүчтүү. Дүнүйөнү кайсы жерден издесең да табасың, бирок Акыретти жоготуп алуу чыгашанын чыгашасы. «Эсиң барда этегиңди жап» дейт эмеспи элибизде, баардык нерсени жокчулукка шылтай бербей, убагында этегибизди жаап калбасак, кийин кеч болуп калары турган кеп.