Гыйбатка түрткү боло турган себептер жана андан коргонуунун жолдору
08.10.2019

Гыйбатка түрткү боло турган себептер жана андан коргонуунун жолдору

"Элибизде эч тартынбай, ойлонуп да койбой адамдын (өлгөн денесинин) этин жеөө адаты жок эле го!?"  М. Акиф Эрсой

Адам баласын гыйбатка алып бара турган, ушактоого себепкер болгон бир топ жагдайлар бар. Аларды төмөндөгүдөй тизмектеп айтсак болот:

Ачуулануу, жинденүү, каардануу

Кимдир бирөө кандайдыр бир себептер менен башка бирөөгө ачууланганда гыйбат кылары бышык. Анткени, гыйбатка себеп боло турган жагдайлардын башында кимдир бирөөгө ачуулануу, каардануу, жинденүү турат. Адам ачууланганда ачуусун келтирген, каарданткан адамды жамандап, ошону менен өзүн-өзү сооротууга аракет кылат. Эгер бул илдет тамыр жайып, күч ала баштаса, ал акырындап олтуруп кек сактоого жана өч алууга алып барат.

Чын-чынына келгенде ачуулануу менен каардануу туура багытта колдонула турган болсо, ал адамды сырттан келүүчү ар кандай чабуулдардан коргой турган күч-кубаты жана сактай турган калканы боло алат. Мына ошондуктан, Алла Таала адам баласына ачуулануу жана каардануу сезимин аманат катары берген. Адам баласы ачуусун оң багытта колдоно алса, ачуулануунун, каардануунун жардамы менен өз абийирин, намысын, мекенин, жанын, мал-мүлкүн, урук-тукумун сактай алат. Эгер адам баласы ачуусун сактай албай, туура эмес багытта колдоно турган болсо, ал адамды аябай зор жоготууга же кыйын абалга кириптер кылып коёру айкын. Ошондуктан, адам баласы ачууланган кезде ачуусун басууну өздөштүрүүсү керек. Бирок, "ачуу душман, акыл дос", "ачуу – акылсыздыктын башталган жери" дегендей, ачуусун жеңе алган чыныгы эр адамдар өтө аз. Мына ошондуктан, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Күрөштө жеңилбеген адам балбан эмес. Ачууланганда ачуусун баса алган адам чыныгы балбан", – деп айткан. (Бухари) 

Себеби, "ачууң келгенде акылың качат, абийириң кеткенде тууганың качат" дегендей, "ачуу жутмак – тоо жутмакка тете". Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) келип: "Мен эмне кылайын? Мага өз насаатыңызды айтыңызчы", – деп акыл-насаат сураган адамга Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Ачууга алдырба! Жинденбе!" – деген кеңешин берген. Ал адам мындай аз жоопко алымсынбай, дагы бир-эки жолу насаат сураганда, ар жолкусунда Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Ачууга алдырба!" – деп жооп берген. (Бухари)

Ырас, "ачуулуу башта акыл жок"дегендей, адам аябай катуу жинденген кезде анын мээси иштебей калары айкын. Андай учурда адам жырткыч айбандын кейпине түшүп калуусу толук мүмкүн. Заардануу менен каардануу акыл-эсти тумандатып, адамды айбандык кейипке салып коёт. Андайда кулак насаат укпай, көз жакшылыкты көрбөй калат. Уят-сыйыт менен айбыгуу баарынан мурун эле куйругун түйгөн болот. Ачуусун басып, өзүн напсисине жеңдирбеген адамдар Ыйык Куранда минтип макталат: "Бардар жашоосунда да, турмушунан кыйналган кезде да кайыр-садага кылгандар, ачууларын жутуп, адамдарга кечиримдүү болгондор дал мына ушулар такыбаалар! Алла Таала жакшылык кылуучуларды сүйөт!" (Аали Имран сүрөөсү: 134-аят)

Бул аятта да ишарат кылынгандай, бирөөлөрдөн зыянга учурап, жамандык көрүп, бирок, алардан өч алууга кудурети жетсе да өч албаган, кайра тескерисинче айкөлдүк кылып, аларды кечирген адамдар чыныгы такыбаалар болуп эсептелет.

Кутман сахабалардан азирети Саад бин Абу Ваккас (Алла андан ыраазы болсун) менен азирети Халид (Алла андан ыраазы болсун) экөөнүн ортосунда кичинекей ыйкы-тыйкылык бар эле. Бир адам ушул учурду пайдаланып калайын деген ойдо азирети Саадга (Алла андан ыраазы болсун) барып, азирети Халидди (Алла андан ыраазы болсун) ушактай баштайт. Ошондо азирети Саад бин Абу Ваккас (Алла андан ыраазы болсун) дароо токтотуп: "Токтой турчу. Сөзүңдү токтотсоң! Халид экөөбүздүн таарынычыбыз мындай деңгээлге жете элек болчу", – деген экен. (Табарани)

Саад (Алла андан ыраазы болсун) бул сөзү менен "Мен боордошумдун артынан гыйбат кылууга эч кимге жол бербейм. Арабызда кичинекей пикир келишпестик болсо да, артынан жамандаган сөздөрдүн айтылуусуна жол бербейм" дегиси келгени жана күнөө иштин эшигинин ачылуусуна тоскоол болгону байкалып турат.

Суфяну Саври бир адамга минтип насаат айткан экен: "Гыйбаттан оолак бол! Адамдар тууралуу ар нерселерди сүйлөй бербе. Мына ошондо диниңди, ишенимиңди сактап калган болосуң".

Адам ачууланган кезде өзүн кармай билүүсү, ошентип жанындагыларга тили менен да, колу менен да зыян бербөөсү да сооп иштерден болуп саналары айкын. Аябай ачууланган кезде өз напсисин толук көзөмөлдөп, ачуусун келтирген адам тууралуу "Жараткан Эгем аны да, мени да Өз мээримине алсын!" – деп дуба кылып, ачуусун жеңе алса, шайтан алоолонткон отту даарат алып басаңдатууга, өчүрүүгө аракет кылса, ал адам оору-сыркоого, кырсык-курсукка чыдап сабыр кылгандай чоң сооп алары бышык. Кыямат күнү андай адамдарга Алла Таала өзгөчө жакшылыктарын ыроолой тургандыгы да анык.

Ачууну басуунун оңой жолдорунун бири – бул жакшылык кылуу сезиминде жашай билүү. Себеби, аябай ачууланган кезде деле ачуусун жута алган сабырдуу, такыбаа адамдар тууралуу баяндаган аяттын аяк жагында: "Алла Таала жакшылык кылуучуларды сүйөт!" – деп айтылып, ачууну жеңе билүүнү жакшылык кылуу менен байланыштырып жатат. Ошондой эле, Инжилде мындай бир сөз бар: "Оо, адам баласы, ачууланган кезде Мени эстегин. Ошондо, Мен да ачууланган кезимде сени эстейин жана кыйратып, жок кыла турган адамдардын арасында сен аман калгын". (Имам Газзали, Ихя улуумуд-дин: 3/149)

Бул аятта айтылган "жакшылык кылууну" эки түрдүү түшүнсө болот. Биринчиси, жамандык жасаган адамга карата жакшылык кылуу. Ислам этикасы боюнча "таш менен урганды аш менен уруу" же болбосо жамандыкка жакшылык менен жооп берүү. Бул жогоруда айтылган сабырдуулардын нак сыпаты болуп эсептелет. Анткени, Курани Каримде бул маселе тууралуу минтип айтылат: "Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт. Жамандыкты жакшылык, сылык мамиле менен жойгун. Ошентсең, сени менен анын ортосунда душмандык сезими болгон адам да сага өтө жакын достой болуп кетет. Муну өтө сабырдуу адамдар жана мыкты адеп-ахлакка ээ кишилер гана жасай алат". (Фуссилат сүрөөсү: 34-35-аяттар)

Ошондой эле куттуу хадистердин биринде минтип айтылган: "Адамгерчилик менен адептүүлүктүн эң улугу - ортоңордогу тууганчылык жана достук мамилеңерди үзүп салган адамдан кабар алып, анын ал-акыбалын сурап-турууң. Сени кур жалак калтырганга жакшылык кылууң жана сени жекирип, сага акарат кылган адамды кечирүүң". (Табарани)

Жакшылык кылуунун экинчи тарабы – бул асыл ой, жакшы иштерди жасоо тууралуу ойлонуу, жакшы иштерди жасоо, ар бир ишин дайыма Алла Таала көрүп турат деген сезим менен мыкты деңгээлде аткаруу. Бул өңүттөн алып караганда, ачууну жеңүү бул Алла Тааланы чын дилден эстеп, Анын ыраазылыгына ээ болуу үчүн аракет кылуу болуп саналат. Ошондуктан, Алла Тааланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ачууланган адамдын "истиааза" (Ауузу биллаахи минаш-шайтоонир-рожиим) айтуусун буюрган.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ачууну басуу үчүн сунуш кылган ыкмалардан дагы бирөө – унчукпай калуу. (Имам Ахмад)

Себеби, шайтан ачуу менен бирге эле адамдын жүрөгүнө жана оозуна бир чок таштайт. Ошол кезде адам унчукпай койсо, ал чок бат эле өчүп калат. Эгер сүйлөй турган болсо, сүйлөгөн сайын сөз күч алып, зыянын тийгизе баштайт. Ачуулуу адамдын оозунан не деген гана жаман сөздөр чыкпайт. Алыс-жакын дебей уккан адамдын көңүлүн оорутуп, анысы өмүр бою айыкпас дартка айланат. Мына ошондуктан, ачууланган кезде сөз сүйлөбөй коюу, унчукпай калуу чыныгы акылдуулар жана сабырдуулар гана жасай ала турган мыкты аракет.

Ачууну басуунун дагы бир жолу – бул абалды өзгөртүү. Психологдор да турган абалын өзгөртүүнү сунушташат. Ардактуу Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Тик турган кезде ачуулангандын ачуусу тарап кетсе кандай жакшы. А эгер тарабаса, дароо жата калсын", – деп айткан хадисин орундатуу ылайыктуу жана абзел иш болот.

Эгер ачуусу такыр эле тарабай, кыйын болуп баратса, анда муздагыраак сууга даарат алуу да чоң жардам берет. Анткени, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Ачуулануу – бул шайтандан. А шайтан болсо оттон жаралган. Отту суу гана өчүрө алат. Кимдир бирөө ачуулана турган болсо, дароо даарат алсын", – деген кеңешин айткан. (Абу Дауд)

Мындан да көбүрөөк амал кылууну каалаган адам даарат алгандан кийин эки рекет намаз окусун. Себеби: "Ар түрдүү ачуулануу менен оозеки уруш-жаңжалдын дарысы – бул эки рекет намаз тургузуу".

Ачууну басуу үчүн мындай иш-аракеттерди аткарган адамга Алла Таала тарабынан асыл ой, айкөлдүк жана мээримдүүлүк келери жана башка бирөөгө зыян кылмак тургай, жаман сөз айтууга да аракет кылбай калаары бышык. Алла Таалам бизди да ачуусун баса алган, башка бирөөлөрдү ушактабаган, Өзүнүн салих, изги пенделеринен кылсын! Оомиин!..

Тилдин балээси Ушак китебинен