Ибрахим пайгамбар уулун курман кылуусу
08.08.2019

Ибрахим пайгамбар уулун курман кылуусу

Биз Ибрахимге зирек, акылдуу бала берерибизди сүйүнчүлөп кабар бердик. Исмайил атасы менен бирге жүрүп, иш кыла турган жашка жеткенде, ага атасы айтты: - Оо, балакайым! Мага Алла тараптан сени курмандык чалууга буйрулдум. Сен бул жөнүндө эмне деген оюң бар? Исмайил айтты: - Оо, атаке! Алланын буйругун аткарыңыз. Кудай буйруса мени сабыр кылуучулардын катарында табасыз. (Соффат сүрөөсү: 102-аят)

Ибрахим пайгамбар уулу Исмайил пайгамбарды курмандык чалуусунун себеби, Ибрахим пайгамбар бир курмандык кылганда миң кой, үч жүз уй, жүз төө Алланын ыраазылыгы үчүн курмандык кылат. Периштелер, адамдар таң калышып сөз кылышканда, Ибрахим пайгамбар айтат: - Бул курмандык кылгандарым мага эч кандай кыйынга турган жок, эгер уулум болгондо Алланын ыраазылы үчүн жада калса баламды курмандык кылууга даярмын. Ибрахим пайгамбар бул сөздү айтканына көп убакыттар өтөт. Бул сөзү эсинен деле көтөрүлүп кетет. Ыйык жерге келгенде Алла Таалага жалбарып уул сурайт, Алла Таала анын дубасын кабыл кылып, уулдуу болорун сүйүнчүлөп кабар берет. Ибрахим пайгамбар балалуу болуп, баласы өзү менен жүрө турган болгондо, тактап айтканда жети жашка киргенде башка кабарда он жашка киргенде, бир күнү түшүндө бир киши келип айтат: - Убада берип айткан сөзүңдү аткаргының – деп.

Бин Аббас (Алла ал экөөнөн ыраазы болсун) айтат: - Зулхижжа айынын сегизинчи түнү бирөө айтат: - Оо, Ибрахим! Убадаңды аткаргын! Ибрахим пайгамбар эртең менен туруп ойлоно баштайт. Бул түш Алладан болдубу же шайтандан болдубу деп кечке чейин ойлонот. Андыктан ал күн “Йаумут-Тарвия” – “Ойлонуу күнү” – деп аталды. Ал күнү да кеч киргенде уктап жана ошол эле түштү көрөт. Таң аткандан соң бул түш Алладан экенин билет. Андыктан ал күн “Арапа” – “Билүү” – күнү деп аталды. Үчүнчү күн да ошол түштү көрөт, таң аткандан соң баласын курмандык кылууга ниеттенет. Андыктан ал күн “Йаумун-Нахр” – “Курмандык чалуу күнү” – деп аталды. Ибрахим пайгамбар уулу Исмайилди курмандык кылууга алып бармакчы болгондо апасы Ажар энебизге айтты: - Исмайилге жакшы кийимдерин кийигизгин, мен аны меймандыкка алып барамын, Ажар энебиз уулунун башы-көзүн жууп, чачтарын тарап, жаңы кийимдерин кийгизип, жыттуу атырларды сээп, жыттуу кылып көрктөндүрүп коёт. Ибрахим пайгамбар бир жип алып, канжар алып, Исмайилдин колунан кармап жетелеп, Мина тарапка карай жол алат. Ибилис (каргыш тийгир) аларды бул абалда кетип жатканын көрүп, өтө кайгырып, капаланып кордолот. Жаралгандан бери ошол күндөгүдөй кайгырып, кордолгон эмес эле.

Исмайил пайгамбар атасынын алдында чуркап, бир-таштан экинчи ташка секирген ойнок улактай секирип кубанычы койнуна батпайт. Ибилис келип Ибрахим пайгамбарга айтат: - Балаңдын чырайын көрбөйсүңбү? Боюнун жетилгенин көрбөйсүңбү? Кийимдеринин жарашып турганына карабайсыңбы? Ибрахим пайгамбар айтат: - Ооба, көрүп турамын. Бирок, бул Алланын буйругу. Бул сөздү угуп үмүтү үзүлүп, Ибилис Ажар энебизге чуркап келет. Оо, Ажар! Сен бул жерде кантип кабарсыз олтурасың? Ибрахим уулуңду сойгону алып кетүүүдө. Ажар энебиз айтат: - Сен калп айтасың! Ушул убакка чейин эч бир ата өз уулун сойгон беле? Ибилис айтат: - Туура, бирок, Ибрахимди көрдүң, бир колуна бычак, бир колуна жип алды. Конокко барган адам ошентип барабы? Ажар энебиз айтат: - Анда эмнеге баласын соёт экен? Ибилис айтат: - Роббиси ошого буйруптур. Ажар энебиз айтат: - Андай болсо, мен өзүмдүн жанымды болсо да курмандык кылууга даярмын. Ал бир балам экен, жүз балам болсо дагы курмандык кылууга даярмын. Ибилис (каргыш тийгир) Ажар энебизден үмүтүн үзүп, Исмайил пайгамбарга келип айтат: - Сен азыр сейилдегени барамын деп сүйүнүп, ойноп баруудасың, бирок, атаң сени сойгону алып бара жатканынан кабарың жок. Исмайил пайгамбар айтат: - Сен жалган сүйлөбөгүн! Ата баласын соймок беле? Ибилис айтат: - Атаң сени конокко алып барса, өзү менен бирге бычак-жип алабы?

- Эмнеге мени соёт экен?

- Алладан ошондой буйрук болуптур. Исмайил пайгамбар айтат: - Эгер Алладан ошондой буйрук болгон болсо, менде бир жаным бар экен, эгер жүз жаным болсо деле Алланын буйругун аткарууга даярмын. Исмайил пайгамбардын сүйлөп жатканын Ибрахим пайгамбар угуп калып сурайт: - Ким менен сүйлөшүп жатасың? Исмайил пайгамбар: - Мага бир киши келип ар кандай сөздөрдү айтып жатат дегенде, Ибрахим пайгамбар айтат: - Ал шайтан, дагы бир келсе таш менен ургун! Ибилис кайра келип Исмайилди азгырмакчы болуп, сөз баштаганда таш менен урат, кайра-кайра жети жолу келет, жети жолу таш атат. Акыры Ибилистин үмүтү үзүлүп кайтып кетет. Андыктан, ошол жерде ажыларга жети жолу таш атуу важиб болуп калды.

Минага жеткенден кийин Ибрахим пайгамбар уулуна айтат: - Оо, уулум! Мага Алладан буйрук болду, сени курмандык кылып чалуум керек. Сен эмне дейсиң? Алланын өкүмүнө сабыр кыласыңбы же Алладан кечирим сурап бул балээден кутуласыңбы? – деп Ибрахим пайгамбар уулун сынап сурады. Исмайил пайгамбар жооп берди: - Оо, атакем! Алланын буйругун аткарыңыз. Мен Кудай буйруса сабыр кыламын. Ибрахим пайгамбар уулунан бул жоопту угуп аябай ыраазы болот. Ибрахим пайгамбар дайым Алла Тааладан тилейт эле: - Оо, Аллахым! Мага салих, ыймандуу перзент бергиниң – деп. Ошол дубам кабыл болгон экен деп Алла Таалага алкыштарды айтып, шүгүрлөрдү кылды. Анан Исмайил пайгамбар айтат: - Оо, атакем! Менин бир канча осуятым бар, көңүл буруп койсоңуз!

1 - Колдорумду бекем байлап коюңуз. Жан ачуусунан кокустан колумду силкип жиберип, сизге тийип кетпесин.

2 - Жүзүмдү жерге каратып, желкемден мууздаңыз. Көзүм көзүңүзгө түшүп, аталык мээрим кармап, ырайымыңыз келип, соё албай кыйналбаңыз.

3 - Кийимиңизди менден сактанып союңуз. Кийимиңиз менин каныма булганып, менин сообум кемип калбасын жана апам көрүп кайгырып жүрбөсүн.

4 - Бычагыңызды жакшылап кайрап, курчутуп алыңыз. Себеби, жандын чыгуусу катуу, бычагыңыз тез кеспей кыйналып калбайын.

5 - Кийимдеримди апама алып барып бериңиз. Мени сагынганда кийимимди жыттап, сооронуп жүрсүн.

6 - Менин колдорум байланганын, кантип мууздаганыңызды апама айтпаңыз.

7 - Апамдын алдына жаш балдарды киргизбеңиз. Себеби, жаш балдарды көргөн сайын мени эстеп, кайгысы жаңыра бербесин.

8 - Апама салам айтып, көңүлүн көтөрүп, кайраттуулукка үндөңүз.

Ибрахим пайгамбар Исмайил пайгамбар экөөсү тең Алланын буйругуна баш ийип, Исмайил пайгамбардын буту-колун байлап, койду мууздоого даярдап жаткызгандай Исмайил пайгамбарды жерге жаткызды. Бул окуя Минада бир таштын алдында аткарылууда болчу. Бычакты баласынын кекиртегине коюп, күч менен тартты. Ошол учурда Алла Таала асмандагы, жердеги периштелердин көзүндөгү парданы ачып койду. Алар Ибрахим пайгамбардын өз баласын кыйналып союп жаткандыгын көрүшүп, таң калып, баштарын саждага коюшту. Алла Таала периштелерге айтты: - Көрдүңөрбү Менин пендемди?! Менин ыраазылыгым үчүн өз баласынын мойнуна бычакты болгон күчү менен тартууда. Силер болсо айткан элеңер: - Мен силерге айтканымда: Мен жерге орун басар кылып Адамды жаратамын дегенде, силер айттыңар: - Бузулук менен жерди булгай турган, бири-биринин канын төгө турган Адамды жер бетине жаратасыңбы? Канча тасбих, мактоо, ибадат керек болсо биз аткарабыз дедиңер эле. Ал эми силер жаратпагын деп Мага каршы болгон Адамдын, Менин ыраазылыгым үчүн жасаган амалын көргүлө. Ал абалды көргөн периштелер айткан сөздөрүнө өкүнүп тобо кылышат. Исмайил пайгамбар учурдан пайдаланып айтат: - Оо, атаке! Менин буту-колдорумду чечип эле бош коюңузчу, мен Алланын буйругуна буту-колум байланып, мажбурланып бара жаткандай болбоюн. Өз ыктыярым менен моюн сунгандай болоюн. Исмайил пайгамбар буту-колдорун бош коюп, жүзүн жерге каратып, жатып: - Атаке! Эми Алланын буйругун аткарыңыз дейт. Ибрахим пайгамбар бычакты уулунун мойнуна күч менен тартканда бычактын мизи кайрылып кетти. Бычак Исмайил пайгамбардын мойнун кеспей койду. Исмайил пайгамбар айтат: - Оо, атаке! Күчтөн калгансызбы же аталык мээрим кармап балаңыздын мойнуна бычак тартууга алыңыз калбай калдыбы? Ибрахим пайгамбар ачууланып бычакты алдындагы ташка уруп жиберди эле таш экиге бөлүнүп кетти. Ибрахим пайгамбар аны көрүп таң калып, бычакка карап айтты: - Сен ушундай катуу ташты кесесиң, жумшак этти кеспейсиң, эмнеге? Бычак Алла Тааланын кудурети менен тилге кирип сүйлөдү: - Оо, Ибрахим! Сиз мага кес деп буйрук бергениңиз менен Алла Таала мага кеспегиниң деп буйрууда. Мен Алланын буйругун коюп, сиздин буйругуңузду аткарайынбы?!

Адам атанын уулу Абыл курмандык кылган көк кочкор Алла астында кабыл болуп ал бейиште багылып жатат эле. Алла Таала Жебирейил периштеге буйруйт: - Ошол кочкорду Ибрахимге алып барып бергин. Исмайилдин ордуна аны курмандык кылсын деп. Жебирейил периште ал көк кочкорду желкесине көтөрүп келип, Ибрахим пайгамбар өз уулунун мойнуна бычак тартып жатканын көрүп, Ибрахим пайгамбардын баатырлыгына, такыбаалуулугуна таң калып: - Аллооху Акбар, Аллооху Акбар – дейт. Ибрахим пайгамбар бул үндү угуп төбөсүнө карап, Жебирейил периштени желкесиндеги кочкорду көрүп, кубанычынан: - Лаа илааха иллал-Лооху, уал-Лооху Акбар – дейт. Исмайил пайгамбар да аларды көрүп: - Аллооху Акбар, уа лилЛаахил хамд – дейт.

Ушул үч келмени айт күндөрү бизге да айтуу милдет болду. Исмайил пайгамбар атасына айтат: - Мен кайрымдуумунбу же сизби? Ибрахим пайгамбар айтат: - Албетте мен кайрымдуумун. Исмайил пайгамбар айтат: - Тескерисинче мен кайрымдуураакмын. Себеби, сиз бир балаңызды кайыр кылып курмандык кылсаңыз деле башка балаңыз бар эле, ошого карабастан менде бир жан болсо дагы аны курмандык кылдым. Алла Таала айтат: - Силер экөөңөрдөн дагы Мен кайрымдуураакмын. Себеби, силерге бейиште багылып жаткан кочкорду берип, экөөңөрдү тең курмандык болуп союлуу азабынан куткардым.

Асмандагы периштелер: Исмайил пайгамбардын Алла Тааланын астында кадыр-баркы жогору экендигине таң калышкан экен. Анткени, Жебирейил периште Алла Таалага эң жакын периштелеринен болгонуна карабай Исмайил үчүн мойнуна кочкорду көтөрүп келди. Алла Таала айтты: - Мен ант ичип айтамын! Эгер асмандагы периштелердин бардыгы моюндарына бир кочкордон көтөрүп келишсе да Исмайилдин бир сөзүнө тең келбейт эми. Ал сөзү: - Оо, атаке! Алла Тааланын буйругун аткара бергин, мен Кудай буйруса сабыр кылып туруп беремин.

Бул окуядан биз алуучу өрнөктүү сабак: Жүрөгүбүздөгү сүйүү Алла Таалага гана болуусу керек. Качан биз сүйүүбүздү арзыбаган башка нерселер үчүн арнай баштасак Алла Таала кызганат. Акыйкатта Ибрахим пайгамбар өз уулун мууздаган жок, тескерисинче ал уулуна болгон сүйүүнү мууздаган эле.

Шарият жана Тарикаттан терилген берметтер китебинен