Ислам - ортолуктун дини
11.08.2016

Ислам - ортолуктун дини

Ислам дини – ортолук жолдогу дин. Абдулла ибн Амр, (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: «Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) колуна эки китеп кармап бизге чыкты да: «Силер билесиңерби булар эмне китептер экендигин?» – деп сурады. Биз айттык: «Жок, оо, Аллахтын элчиси, бизге кабар бер». Ошондо ал оң колундагы Китеп тууралуу мындай деп айтты: «Бул ааламдардын Раббисинен (түшүрүлгөн) Китеп. Мында Бейишке кирүүчүлөрдүн ысымдары, аталарынын ысымдары жана урууларынын аттары – алардын бүт баары жазылган. Алардын саны эч качан көбөйбөйт да, азайбайт». Андан соң сол колундагы Китеп тууралуу мындай деп айтты: «Бул ааламдардын Раббисинен (түшүрүлгөн) Китеп. Мында Тозокко кирүүчүлөрдүн ысымдары, аталарынын ысымдары жана урууларынын аттары – алардын бүт баары жазылган. Алардын саны эч качан көбөйбөйт да, азайбайт». Ошондо сахабалар сурашты: «О Алланын элчиси! Эгерде бардыгы (алдын ала) жазылган болсо, анда иш-аракеттердин эмне пайдасы бар?». Ал айтты: «Чектен ашпай тууралыкты кармангыла, а эгер кыла албасаңар, анда (ортолукка) жакындаганга аракет кылгыла». Чындыгында, Бейишке кирүүчү адам (мурда) кандай гана иш кылбасын акырында Бейишке кирүүчүлөрдүн иштерин кылат. Ал эми Тозокко кирүүчү адам (мурда) кандай гана иш кылбасын акырында Тозокко кирүүчүлөрдүн иштерин кылат». Андан соң Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, колдору менен ишарат кылып, аларды кайтарып жиберди да айтты: «Раббиңер кулдарынын (тагдырын) чечип койду – бир бөлүгү Бейишке кирет, бир бөлүгү Тозокко кирет». «... аларды кайтарып жиберди*...» – Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, аларды кайып ааламына кайтарып жиберген. Бүткүл жашообуздун тагдыр кылынгандыгын көрсөткөн бул хадисте Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, бизге эки дүйнөдө бактылуулукка жеткире турган жолду көрсөттү, атап айтканда – диндеги кеп- сөздөр менен иш-аракеттердин тууралыгын кармануу жана ошондой эле ибадатта жана жалпы эле динибизде ортолукту кармануу. Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, бизди ар кандай чектен ашуучулуктардан тыйган, анткени «саддидуу уа коорибуу» деген сөздүн мааниси диний иш-аракеттерде «бардык нерселер боюнча чектен ашуучулукка жол бербестен жана аларды кемитпестен ортолукту кармануу» менен ортолук жолдо болууну билдирет. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз жетпеген ишти аткарам деп аракет кылуу туура эмес, анткени мунун артын сөзсүз бошоңдоо коштоп, адам мурдагы кылып жүргөнүнөн да азыраак кыла баштайт же болбосо таптакыр эле таштап коюшу мүмкүн. Алла Таала айтты: «Мүмкүнчүлүгүңөр жетишинче Аллага такыбачылык кылгыла ». Тагабун сүрөөсү (64:16) Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эгерде силерге бир нерсеге буйрук берсем, анда алардан мүмкүнчүлүгүңөр жеткендерди гана аткаргыла». «Чындыгында, бул дин бекем. Ошондуктан, ага акырындык, жумшактык менен киришкин жана Аллага ибадат кылууну өзүңө өзүң жаман көрсөтүп албагын. Чындыгында, мингич унаасын аябаган адам көпкө узабай аны зыянга учуратып алат». Анас ибн Малик, родыяллаху анхунун, риваятынан: Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтчу: «Өзүңөргө өзүңөр катуулук кылбагыла, антсеңер Алла да силерге катуулук кылып койот». Кимде-ким өзүнө да, башкаларга да мүмкүнчүлүгү жетпеген диний иштерди милдеттендирсе, анда ал адам Алланын динине жана Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа салламдын, Сүннөтүнө каршы иш кылган болот. Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам айтты: «Аша чапкандар (аль- мутанаттиъун) зыянга учурады!» – деп үч жолу кайталады». «Аль-мутанаттиъун» – эч бир муктаждык жок эле тереңдегендер жана катуулук кылгандар. Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «О адамдар! Диндеги аша чабуучулуктан сак болгула. Чындыгында, диндеги аша чабуучулук силерден мурунку өткөндөрдү да зыянга учураткан». Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, диний ишенимдеги жана башка диний иштердеги аша чабуучулуктан алыс болууга буйруган. Анткени мына ушул сапат мурдагы диний коомдорду зыянга учураткан. Диндеги аша чабуучулуктан улам пайда болгон кыйынчылыктар адамдар үчүн оорчулуктарды жаратып, аларды динден алыстоого алып келет. Анткени мындай кадамга баруу адамдан көптөгөн кыйынчылыктарга чыдоону жана көптөгөн күч-аракеттерди талап кылат. Алла Таала айтты: «Алла силерге жеңилдикти каалайт, анткени адам (баласы) алсыз жаратылган». Ниса сүрөөсү (4:28) Адам өзүнүн табигый алсыздыгынан улам диндеги аша чабуучулуктун себебинен диний милдеттерди таштап салууга өтүп кетиши ыктымал. Ошондуктан Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн сахабаларына мындай деп насаат кылган: «Жеңилдеткиле жана оордотпогула, кубандыргыла жана динди жаман көргөзбөгүлө... Бул хадистин башка бир риваятында Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, силер оордотуу үчүн эмес, жеңилдетүү үчүн гана жиберилгенсиңер». Диндеги аша чапкан адамдарда жеке эле өздөрүнүн эмес, башкалардын да адашууларына жана зыянга учуроолоруна себеп болуу коркунучу көбүрөөк. Аша чабуучулук жана чектен ашуучулук динибиздин негизине каршы келет. Биздин дин – ортолуктун жана адилеттүүлүктүн дини. Мына ушул анын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири. Алла Таала айтты: «Биз силерди адамзатка күбө болууңар үчүн жана (Алланын) элчиси силерге күбө болуусу үчүн ортолуктун (адилеттүүлүктүн) үммөтү кылдык». Бакара сүрөөсү (2:143) Каргышка калган Иблис ыйман келтиргендерди туура жолдон азгыруу үчүн эки жолду колдонот. Бул туурасында Ибн аль-Каййим, рохимахулла, абдан жакшы айткан: «Чындыгында, шайтан, адегенде билинбестен адамдын жүрөгүн аңдып, аны байкап көрөт. Эгерде андан бошоңдукту, көңүл коштукту жана жеңилдикке ыктоочулукту байкаса, анда ушуну пайдаланып ага тоскоолдук кыла баштайт жана (Алланын буйруктарын аткаруудан) тосот, аны жалкоолук, көңүл коштук жана бошоңдук менен бузуп, жалган түшүнүктөргө, кыялданууларга жол ачып, акыры адамды (Алланын) буйруктарын таштоого да алып келиши мүмкүн. А эгер адамдан баамчылдыкты, аракетчилдикти, чечкиндүүлүктү, кажыбас кайраттуулукту байкаса жана ага каршы башка эч бир жол таппаса, анда ал аны ашыкча иш-аракеттерди кылууга түртөт жана «сага бул жетишсиз, сенин жөндөмүң мындан да жогору, сен (Аллага ибадат кылууда) башкалардан ашып түшүшүң керек, башкалар эс алса да, сен эс албагын, башкалар ооз ачса да, сен орозоңду уланта бергин, башкалар бошоңдосо да, сен иш-аракетиңди уланта бергин. Эгерде алардын бири бетин үч жолу жууса, анда сен жети жолу жуугун, а эгер алар намазга даарат алышса, анда сен гусул алгын» деген сыяктуу чектен ашуучулук жана аша чабуучулук менен адаштырат. Ошентип (Иблис) аны аша чабуучулукка жана туура жолдун чегинен чыгууга түртөт дагы, биринчи адамды туура жолго жакындатпастан (ибадатка) кайдыгер мамиле кылууга азгырат.

Өмүралиев Бекболот