Ислам - жашоо мыйзамы
15.07.2019

Ислам - жашоо мыйзамы

Бүткүл ааламды Өзүнүн чексиз мээрими менен жаратып, жүргүзүп, көзөмөлдөп, адам баласына сый-урмат берип, мезгил-мезгили менен пайгамбарларын жиберип, өмур, перзенттерди тартуулап, ырыскы-насибин берип турган Алла Таалага чексиз шүгүрлөр, чексиз алкыштар болсун. Ал жаратылган макулуктарына окшобойт, шериги, окшошу, теңдеши жок, бардык айыптардан таза, бардыгына өтө адилет, чексиз ырайымдуу Зат. Ал биз менен сиздерди айбан, жырткыч макулуктарынан айырмалап, шайтандай эмес, акыл-эстүү адам болуп жашасын деп, Өзүнүн акыркы Ислам динин тартуулаган. Ислам дини бул жашоону туура, таза, түз өткөрүүнүн жолу. Бул жолду Алла Тааланын эң жакыны, жаратылгандардын эң улугу, бүткүл ааламга мээрим кылып жиберилген, акыркы пайгамбары Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) көрсөткөн. Ислам дини укуктарды сактоонун дини. Кимде-ким Алланын укуктарын, пенделердин жана өзүнүн жеке укуктарын сактай турган болсо, анын Исламы толук болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) адамзаттын канын, малын, абийирин сактоо үчүн жана эки дүйнөнүн бактысыздыгынан куткаруу үчүн жиберилген. Алсыз адамдардын акысын алдуудан, кембагалдын акысын байдан ала тургандай теңдик түзгөн. Курани Каримде Алла Таала: “...Силердин Алланын алдында эң урматтууңар, сыйлууңар, силердин эң такыбааңар”, дейт. Бактылуулук улутта, урууда эмес, ички дүйнөнүн тазалыгында, арам адалды ылгап жашоодо экен. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзүнүн куттуу хадисинде: “Эй, адамдар, силердин Роббиңер бир, бардыгыңар бир атадансыңар. Ошондуктан, арабдын араб эместен, ак адамдын карадан эч кандай артыкчылыгы жок. Бири-бириңерди кемсинтпегиле, сыйлап жашагыла” деген мазмунду айткан. 

Ислам дини аялзатынын мартабасын, ордун өтө жогору койгон. Анткени, аялзаты - энелер. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзүнүн акыркы коштошуу ажылыгында: “Силер аялзатына жакшы мамиле кылуу тууралуу осуятымды алгыла.”, деген жана дагы: “Силердин эң жакшыраагыңар, үй бүлөсүнө, аялына жакшы мамиле кылганыңар”, деген. Урматтуу мекендештер, бактылуу үй бүлө куруу – бул бактылуу мамлекет куруу дегендик. Ошондуктан, уй бүлөгө өтө олуттуу маани берели. Ата-энеге жакшы мамиле кылалы. Алла Таала ата менен эненин укугун өзүнүн укугуна жанаша коюп: “Мага ибадат кылгыла жана ата-энеңерге жакшылык кылгыла, аларды сыйлагыла, капа кылбагыла" - деген жана дагы Курани Каримдин дагы бир жеринде: “Мага ширк келтирбегиле жана ата-энеңерге ак болбогула”, “Мага шүгүр келтиргиле жана ата-энеңерге шүгүр келтиргиле” - деген. Алла Тааланын ата-энени Өзүнүн укугуна жанаша айтканы, ата-эненин урматынын бийиктигин көрсөтөт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) дагы бир хадисинде: “Кайсы уул, кыз ата-энесин жакшы көрүп, махабат назары менен баш ийип, караса ар бир караганына кабыл болгон ажылыктын сообу берилет”, деген. Пайгамбарыбызга бир адам келип, согушка барууга уруксат сураган. Пайгамбарыбыз андан: “Ата-энең тирүүбү?” деп сурады. Ал: “Ооба”, деди. Пайгамбарыбыз: “Сенин ата-энеңе барып, аларга кызмат кылганың, ошол сенин казатың”, деди. Дагы бир хадисинде: “Ким ата-энесин тилдесе, ага Алланын каргышы болсун”, деген.

Тууганчылык мамилени бекем кармайлы. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) туугандардан тууганчылык мамилени үзүү бул Алладан мамилесин үзүү деген. Дагы бир хадисинде Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Ким сени үзсө, сен бириккин; ким сага бербесе, ага бергин; ким сага зулумдук кылса, аны кечиргин”, деген. Дагы бир хадисинде айткан: “Ким өмүрүнүн узун ырыскы-насибинин кең болуусун кааласа, ал тууганчылык мамилени кармасын”.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) балдардын төрөлгөндө аларга жакшы ат коюп, жакшы өстүрүп, чоңойтуп, уул баланы үйлөндүрүп, кыз баланы турмушка узатууга чейинки тарбиясына өтө зор маани берген. “Кимде-ким жаш балдарга ырайым кылбаса, ал бизден эмес”, деген. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү өтө кейиштүү, өкүнүчтүү нерсе бул жаш балдарга көрсөтүлүп жаткан зордук-зомбулуктар, Алла Тааланы, Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) нааразы кыла турган нерсе. Балдар биздин келечегибиз, аларды жакшылап тарбиялоо ата-эненин улуу милдети. 

Кошуналар менен ынтымакта жашоо керек. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “ Кошуналарга уурулук кылуу, бул бөлөк уурулуктан он эсе оор”, деген. Дагы бир хадистин мазмунунда Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Алла Таала кошуналардын акысына ушунчалык маани бергендиктен, мен аларды мураскорлордун катарын кошобу, деп ойлогом”, деген. Пайгамбарыбыз дагы: “Ким Аллага, акыретке ыйман келтирсе, кошунасына зыян жеткирбесин”, деген.

Ислам дини конокторду урматтай турган дин. Коноктун келген үйдө үч күндук акысы бар. Алардын үч күнгө чейин бекер жашаганга, тамактанга укугу бар. Үч күндөн кийинкиси болсо, үй ээсинин ыктыярында. Конокторду тосуу, аларды урматтап-сыйлоо биздин маданиятыбыз.

Ислам дини жетимдердин укугуна көңүл бурат. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Жетимдердин малын жеөө чокту кармаганга барабар” жана “ким бир жетимди өз кепилдигине алса, ал Кыяматта мени менен ушунчалык жакын болот”, деп сөөмөйу менен ортоноюн көрсөткөн. Бир адам Пайгамбарыбызга келип: “Оо, Алланын Элчиси, менин жүрөгүм катып калды. Кандай кылам?”, дегенде Пайгамбарыбыз: “Жетимге ырайым кыл, башынан сылагын, аны тамактандыргын, Алла кааласа жүрөгүң жумшарат, муктаждыктарың аткарылат, ден соолукта да болосуң”, деген. Ошондуктан, туугандар жетимдерге боорукерлик кылалы, жардам берели.

Муктаждарга алсыздарга, кедей-кембагалдарга жардам берели. Ким муктаждардан, мискиндерден, кедей-кембагалдардан эшигин жаап алса, Алла Таала ага мээрим эшигин жабат, деген Пайгамбарыбыз.

Кары-картаңдарды сыйлоо, урматтоо, ыраазы кылып, алардын батасын алуу Исламдын буйругу. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Кимдин карылыгы Ислам менен өткөн болсо, Кыяматта ал толук нур менен болот. Албетте, кары адамды сыйлоо, Алланы сыйлоо менен барабар”, деген.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Исламда ар бир нерсенин акысы бар, жолдун да акысы бар, аны бергиле”, деген. “Оо, Алланын Элчиси, жолдун акысы эмне?” деп сурашканда, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Адамдын өтүүсүнө тоскоолдук келтирүүчү нерселерди койбоо, салам айтуу”, деген.

Ислам дини адамдардын өз жанын кыюуларына тыюу салат. Кимде ким өзүн бычак сайып өлтүрө турган болсо ал Кыяматка чейин өзүн бычак сайып өлтүрүүнүн, ким уу ичип өлсө ал дагы Кыяматка чейин уу ичип өлүүнүн, ошондой эле кимде-ким өзүн жардырып өлө турган болсо ал жардырып өлүүнүн азабын тарта берет. Бул пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сөзү.

Эми Ислам баалуулуктарына келе турган болсок, биз диний да, светтик да билим алуу менен жогорулайбыз. Ошону менен бирге адеп-ахлагыбызды оңдоо керек. Бүгүнкү күндөгү ызы-чуунун көпчүлүгү илимсиздиктен эмес, адеп-ахлактын төмөндүгүнөн болууда. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Менин бул дүйнөгө келүүмдүн максаты, кулк-мүнөздү толуктоо үчүн келгем”, деген жана дагы: “Сен адамдарды байлыгың менен эмес жакшы сөзүң менен өзүңө тарта аласың. Сенин жакшы мүнөзүң дагы садага, жакшы сөзүң дагы садага”, деген. Мына ушулар Исламдын баалуулуктары. Адилеттүүлүк, ырайымдуулук, жумшактык, аманатка бекем болуу, кайраттуулук, кичи пейилдик, убадага бекем болуу, унчукпай коюу, көтөрүмдүүлүк мунун баары маданиятыбыз.

Ислам дини бул ортолуктун дини. Аша чабууга, экстремизмге, терроризмге, радикализмге жол берилбейт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Силер дүнүйө деп акыретти, акырет деп дүнүйөнү таштабагыла. Экөөнү бирдей ала жүргүлө”, деген.

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы