Ислам аалымдарынын аалам өзгөрүүсүнө кошкон салымдары
09.02.2020

Ислам аалымдарынын аалам өзгөрүүсүнө кошкон салымдары

Орто кылымдагы өнөрчүлүк жана илимдин башкы тармактарында мусулмандар эн алгачкылардан, образдуу айтканда пионерлерден болушкан. Мавританиялык испания мусулман дүйнөсүнүн илимий жетишкендиктерин Франция, Англия, Германияга жайылуусуна жол ачкан. Испаниянын университеттери христиан жана еврей студенттерге толуп кеткен. Алар мусулман окумуштууларынын колунан билим алып, андан ары өз мекенинде кадыр-баркка ээ болгон. Мусулмандардын илиминин батышка таратуучу экинчи булак - Сицилия болгон. Мусулмандардын бийлиги өкүм сүрүп турган мезгилде Кремондук Жерар, Балталык Аделар, Роджер Бекон жана Роберт Честар сыяктуу атактуу котормочулар мусулман илимпоздорунун чыгармаларын арабчадан латын тилине которушкан. Стенли Лейн Пуль "Испаниялык маврлар" деген китебинде мусулмандардын бийлиги учурунда Испания Европага адабият, исскуство жана башка илимдин тармактарында өзүнүн жетишкендиги менен укмуштуудай таанылган. Испания укмуштуудай гүлдөп өсүп, астрономия, математика, ботаника, юриспруденция ж.б. илимдер боюнча эмгек сиңирген илимпоздордун мекенине айланган. Практикалык эксперименттер: кеме куруу, жогорку сапаттагы материалдарды өндүрүп чыгаруу, курулуш, керамикалык өнөрчүлүк испаниялык маврлар аркылуу өтө жогорку деңгээлде жүргүзүлгөн деп жазган. Александрияда, Дамаскта, Каирде, Багдадда китеп басып чыгара турган мекемелер ачылган. Кудурети күчтүү Алла Тааланын ыйык Куран китебинин жана Мухаммед пайгамбардын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) таасиринен улам мусулман аалымдары чоң ачылыштарды жасаган. Эми мусулман аалымдарынын илимдин ар кайсы тармактарында жасаган ачылыштарына токтолуп өтөлүк.

Жеңил өнөр жайы:

Биринчи жолу кагаз өндүрүүчү фабрика 794-жылы Багдадда Харун ар-Рашид деген вазирдин баласы Бин Фазл тарабынан курулган. Ушундай эле фабрика Египетте 800-950-жылдары курулган. Ал эми мындай фабрикалар Европада кийинчерээк 1100-жылы Византияда, 1102-жылы Сицилияда, 1228-жылы Германияда, 1309-жылы Англияда пайда болгон. Кагаз өндүрүүчү фабрикалардын курулуусу менен Ислам маданияты жана илими болуп көрбөгөндөй тездик менен өнүккөн.

Медицина илими:

Медицинанын падышасы Бин Сина «Аль-Канон» деген медициналык эмгеги менен Ислам илими чөйрөсүндө гана эмес Европада да зор мааниге ээ болгон (980-1037- ж.ж.) Ушул китеп Европанын университеттеринде 600 жыл бою "Медициналык Библия» деген ат менен студенттер үчүн окуу куралы катары колдонулган. Бин Сина (Авиценна) илимдин 29 тармагында (анын ичинде медицина да бар) эмгек жазып, европалыктарга илим жолун ачып берген. Рази (864-925ж.ж) билими боюнча Бин Синадан кем калышпаган дарыгер болгон. Рази кээ бир изилдөөчүлөрдүн божомолуна таянганда алгачкылардан болуп лихорадка жана ветряная оспа оорулары бар экендигин аныктаган жана алар тууралуу жазып калтырган. Фатех Султан Михмеддин устаты жана мугалими Ахшамсаддин (1389-1459ж.ж) микробдун пайда болушун аныктап чыккан. Кээ бир изилдөөчүлөр микроб ачылышын Бин Синанын ысымы менен байланыштырат. Камбур Весим (1761-жылы өлгөн) туберкуллез микробу бар экендигин ойлоп тапкан. Бин Хатиб (1313-1374ж.ж.) халера оорусуна болжолдуу түрдө инфекциялык мүнөздөмө берген. Мусулман дарыгерлери көз оору илимин изилдөө тармагында 100 жылдар бою алдыңкы орунду берген эмес. Али бин Синанын «Гезкир» аттуу илимий эмгеги көз оору боюнча медицинада 100 жылдар бою жалгыз илимий булак болуп эсептелген. Амар аттуу мусулман илимпоз 9 кылым мурун көзгө хирургиялык операция жасаган. Али бин Аббас (994-жылы өлгөн) ракка хирургиялык операция жасаган. Ал жасаган операция азыркы мезгилде жасаган операциялардан эч айырмасы болгон эмес. Ал жазган медициналык энциклопедия «Китабул Малики» бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготкон жок. 707-жылы Валид бин Абдул-малик халифатынын башкаруу доорунда эң биринчи оорукана ачылган. Ооруканага кеткен жалпы чыгымдар мамлекет тарабынан каржыланган. Чыгыш мусулмандары ушундай бийиктиктерди багынтып жатышканда, европалык дарыгерлер буларды элге шарлатан катары көрсөтүшкөн, ал эми ооруканаларды шайтандар жайы деп эсептешкен. Хирургиялык операция жасоого аракеттенген дарыгерлерди куугунтукка алышкан.

Математика илими:

Математика тармагында да мусулмандардын жетишкен ийгилигин четке кагууга болбойт. Мунун мисалы катары чыгыш профессору Жак Рислер төмөндөгүдөй ойду айткан: "Азыркы математика илиминин жаралуусуна мусулмандар биринчилерден болуп көмөк көрсөтүшкөн". Ал эми француз илимпозу Э. Гаутье сыймыктануу менен: "Европалык маданият, анын ичинде алгебра жана анын башкы бөлүктөрү мусулман илимпоздорунун илиминин негизинде ийгиликке жетишти жана байыды, чындыгында азыркы математика илими бул алгачкы батыш эмес, Ислам математикасынын уландысы катары эсептелет" - деп айткан. Алгебранын негиздөөчүсү Хорезм (780-850ж.ж) биринчи жолу нөл цифрасын колдонгон. Ал алгебра боюнча «Аль-Джабр вал мугабим» деген китепти жазган. Аль-Джабр деген китептин аталышын батыш окумуштуулары айтылышын өзгөртүп "алгебра" деп аташкан. Ошол мезгилден бүгүнкү күнгө чейин биздин муун алгебра деп окуп келе жатышат. Беттанни (858-929ж.ж.) европалык математиктер үчүн чоң үлгү болгон. Жак Рислердин айтуусу боюнча, Беттани гана факт жүзүндө тригонометрияны негиздеген. Синус деген терминди математика илимине мусулмандар киргизген. Мусулмандар синусту «сейб» деп аташкан. Абу Вафа (940-998ж.ж.) тригонометрияга тангенс, котангес, косиканс деген түшүнүктөрдү киргизген. Насриддин Туси (1201- 1277ж.ж.) тригонометрия боюнча алгачкы эмгектин автору болгон. Ошондой эле тригонометрияда өзгөрүлмө формулалардын ачылышы Бин Юнустун ысымына таандык. Дифференциалдык эсептөө Ньютонго чейин Сабит бин Гурра тарабынан ачылган. Геометрияны көпчүлүк илимпоздор ойлогондой Декарт эмес, мусулман илимпоз Сабит бин Гурра негиздеген. Шпенглер (1880-1936ж.ж) функция деген тушунукту дүйнөлук маданиятта европалыктар гана биринчи жолу киргизгендигин айткан. Бирок, бул туура эмес маалымат болгон. Себеби аларга чейин эле б.а. 100 жыл мурун функция деген түшүнүк Бируни тарабынан ачылгандыгын Мухаммед Игбал чечкиндүү түрдө белгилеп кеткен. Гаясиддин Жаммид (1429-жылы өлгөн) алгачкылардан болуп ондук системаны эсептөөнү ачкан жана ушул темага арналган илимий эмгек жазган.

Даярдаган: Өмүрзак Абдусомад уулу