Ислам дини аялдын иштөөсүнө кандай карайт?
21.08.2019

Ислам дини аялдын иштөөсүнө кандай карайт?

Акча таап, үй-бүлөнү камсыздоо эркектин милдети. Шариятка ылайык аял иштеп акча табууга, үй-бүлөнү каржылоого милдеттүү эмес. Бирок, материалдык жактан кыйынчылыктар болгондо аял да иштеп акча тапса болот, анын үстүнө бекерчилик Исламда жактырылбайт.

Имам Садык айтат: “Аллага эки нерсе жакпайт: адамдын көп уктаганы, анан уйкудан туруп бекер олтурганы”, “Ашыкча уйку жана эс алуу ишенимди жоготот жана адамдын жашоосун бузат”.

Мисалы, Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кызы Фатима Захра үйдө көп иш жасачу.

Адам максатсыз жашоо кечирбөө үчүн муктаждыгы болсо да, болбосо да кесипке ээ болуусу керек, пайдалуу бир иш менен алектенүүсү керек. А тапкан каражатын үй-бүлөнү камсыздоого жана жакшы иштерге жумшоо керек.

Бекерчилик руханий абалдын начарлоосуна, арамзалыкка алып келет.

Аял үчүн эң жакшы жумуш – күйөөсүнө кызмат кылуу жана үй иштерин жасоо. Анын иши – мыкты кожойке, эне, жар болуу. Аял аракет кылса үйүн бейиштин төрүнө айлантып, үй-бүлөсү үчүн эң мыкты эс алуучу жай кылат. Аялдын үйдөгү кызматын Ислам дини чоң иш катары баалайт.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтат: “Аялдардын Алла жолунда күрөшү – күйөөсү үчүн мыкты жар болуу”.

Момундардын энеси Умму Салама Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) “аялдын үйдөгү жумушунун” маанисин сурап, мындай жооп алат: “Аял үйдү иретке келтирип жатып ар бир буюмдун ордун таап койгону үчүн Алла ага көңүл бурат. Мындай көңүл бурууга татыктуу адам түбөлүк дүйнөдө азап тартпайт”. Умму Салама энебиз  Пайгамбардан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аялга бериле турган сооптор тууралуу кененирээк айтып берүүсүн суранды. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт: “Аял күйөөсүнө берилип, ага ырахат тартуулаганда өзүн жана мал-мүлкүн Алла жолуна багыштаган аскердин деңгээлиндеги соопко ээ болот. Аял төрөгөндө Алла ага мындай кайрылат: “Сенин мурдагы бардык күнөөлөрүң кечирилди, жаңы жашооңду башта!” Аял баласын ар бир жолу эмизгени үчүн кулду азатка чыгаргандай сооп алат”.

Кожойкелер үй иштеринен сырткары пайдалуу китептерди окуп, жаңы нерселерге кызыгып, аң-сезимин, билимин өрчүтүп, кызыктуу макалаларды жазып, жок дегенде тигүүчүлүккө, токуучулукка, сүрөт тартууга кызыкканы жакшы болот. Аялдын бирдеме менен алек болгону үй-бүлөгө да пайдасын тийгизет. Мунун баары аны керексиз ойлордон, депрессиядан, кыжырдануудан алыстатат.

Имам Али айтат: “Алла Таала кол өнөрчүлүк же пайдалуу иш менен алектенген адамдарды жакшы көрөт”.

Албетте, аял үйдөгү ишти аткарганы жакшы. Ал эми үйдөн сырткары иштеген аялдар өздөрүнө ылайыктуу жумуштарды билип алганы оң. Мисалы, аялдардын маданий-агартуу жана медициналык тармактарда иштегени жакшы.

Үйдөн сырткары иштеген аялдар төмөнкү жагдайларды эске алуулары керек:

1. Кесипти жолдошуңуздун макулдугу менен тандаңыз. Жолдошуңузга жакпаган кесипти издебей эле коюңуз, анткени, бул эртеби-кечпи келишпестикке алып келип, мамилени бузат, үй-бүлөгө да терс таасир этет. Жолдошуңуз сиздин иштөөңүзгө тыюу салууга же уруксат берүүгө укуктуу экенин эске алыңыз. Бирок, эркек да эгер олуттуу себеп болбосо аялдын иштөөсүнө тыюу салбоо керек.

Иштеген аял коомго пайда келтире алат, ошол эле учурда үй-бүлөнү камсыздоого да салым кошо алат.

2. Үйдүн сыртында же жумушта аял косметика колдонбой, шариятка ылайык жабык кийинип, чоочун эркектер менен көп сүйлөшпөгөнгө аракет кылуусу керек. Жумуш орду – бул өзүн көрсөтүүчү сахна эмес же мода көрсөтүүчү подиум эмес, жөн гана эмгектенүүчү мекеме. Өзүңүздү татыктуу алып жүрсөңүз, эмгек жамаатынан сый мамиле көрүп, кадыр-баркыңызды сактап каласыз, эң башкысы, жолдошуңуздун ишенимине киресиз. Кооздуктарыңыздын баарын үйдө калтырыңыз. Үйдө жолдошуңуз үчүн гана боёнуп-жасаныңыз, кооз кийимдерди үйдө гана кийиңиз.

3. Кайсы бир мекеменин кызматкери болуудан сырткары сиз балдарыңыз үчүн энесиз, жолдошуңуз үчүн сүйүктүү жарсыз, эң маанилүүсү ушул. Мекемедеги жумушуңуз менен алек болуп жатып негизги милдетиңизди унутуп коюуга укугуңуз жок, үй иштери, балдарды кароо, тарбиялоо биринчи орунда туруусу керек. Сиздин жумушуңуздан улам үй-бүлө мүчөлөрү жабыркап калбай тургандай шарт түзүңүз.

4. Эгер жаш балдарыңыз бар болсо, аларды бала бакчага бериңиз же жакшы бала багуучуга калтырыңыз. Эч качан аларды үйдө жалгыз калтырбаңыз, бул кооптуу. Шоктонуп жаракат алып калуусунан сырткары психологиялык жактан жабыркап калуусу мүмкүн.

5. Эгер иштөөнү чечкен болсоңуз, терең ойлонуп көрүп, жолдошуңуз колдой турган ишти тандаңыз. Чоочун эркектер менен көп байланыш болбой турган жумушту тандаңыз. Ушундайча өзүңүзгө да, башкаларга да жакшы болот.

Иштеген аялдардын күйөөлөрүнө да кайрыла кетүүбүз керек. Урматтуу кожоюндар, үй иштеринде жана балдарды тарбиялоодо аялыңызга жардам бериңиз, үйдөн сырткары иштеп, үйдөгү иштерге да жалгыз жетишүүсүн талап кылбаңыз! Бул шариятка да, адамгерчиликке да жатпайт. Үй-бүлөлүк милдеттерди туура бөлүштүрүп, өз убагында сапаттуу аткарыңыз.

Даярдаган: Назира Манас кызы