Кааба
06.08.2019

Кааба

Тарыхы: Азыркы Каабанын курулуу тарыхы Ибрахим пайгамбардын заманынан башталат. Ибрахим пайгамбар баласы Исмайил менен бирге Каабаны түптөгөн. Бул туурасында Куранда: «Эстегин, Ибрахим менен баласы Исмайил экөө үйдүн пайдубалын көтөрүп жатып: «Оо, Раббибиз, бизден ушул ишибизди кабыл кыла көр! Албетте, Сен Угуучу Билүүчүсүң!» - деп айтылган. (Бакара сүрөөсү, 127-аят). Ошол замандан бери карай Кааба бир канча жолу оңдолуп кайра курулган. Кааба Меккедеги Харам мечитинин ичинде жайгашкан.

Курулушу: Каабанын дубалдары Мекке тоолорунан алынган гранит таштарынан тургузулган. Ал эми бийиктиги 25 см, сыртка карай 30 см чыгып турган пайдубалы мрамордон жасалган. Пайдубалдын түбүндө атайын жез шакекчелер орнотулган. Буларга Каабанын үстүнү жабылчу «Кисва» деп аталган кездеме байланып коюлат. Кездеме кара түстө, бетине келме жана Куран аяттары жибек жана алтын жиптер менен тигилип жазылган. Кисваны жыл сайын Зулхижжа айынын 9-10-күндөрү алмаштырып турушат. Каабанын эшиги жерден 2 метр бийиктикте жана ага тепкич менен чыгышат. Каабанын ар бир бурчунун аталыштары бар. Чыгыш тараптагы бурчу “Хажарул Асвад” же “Шаркий”, түндүк тараптагы бурчун “Иракий”, батыш бурчун “Шамий” ал эми түштүк бурчун “Яманий” деп аташат. Каабанын түштүк-чыгыш бурчунда 1,5 м бийиктикте атайын жасалып күмүш менен капталган орунда кара таш коюлган. Каабанын түндүк-батыш дубалынын тушунда бийиктиги 1 метр, калыңдыгы 1,5 метр болгон жарым айлана сыяктуу дубал тургузулган. Каабанын бул бөлүгүн “Хатым” деп аташат. Ошондой эле үстү айнек менен коргоого алынган бир аз бийиктике турган таш “Макааму Иброхим” деп аталат. Бул жерде Каабаны куруп жаткан учурдагы Ибрахим пайгамбардын бутунун изи калган. Каабанын ичинде үч түркүк бар, асты мрамор менен капталган.

Бейиш гезити