Кадыр түн касиети
21.05.2020

Кадыр түн касиети

Муса (Алланын саламы болсун) Алла Таала менен бир сүйлөшкөндө айтат: "Оо, Аллахым, мен Сага жакын болууну каалаймын".

Алла Таала айтат: "Мага жакын пенделерден болууну кааласаң, Кадыр түнү уктабай ибадат кылып чык".

Оо, Аллахым, мен ырайымыңа жетүүнү каалаймын.

Алла Таала айтат: "Менин ырайымым Кадыр түнү жетим-жесирлердин баштарын сылап, колдон келген жардамдарын аларга бергендерге жетет".

Оо, Аллахым! Мен тозоктун үстүнө тартылган көпүрөдөн чагылган чаккандай учуп өтүүнү каалаймын.

Алла Таала айтат: "Ким Кадыр түнү садаганы көп берсе, көпүрөдөн чагылган чаккандай учуп өтөт".

Оо, Аллахым! Мен бейиштин дарактарынын көлөкөсүндө олтуруп, ал дарактардын мөмөлөрүнөн татууну каалаймын.

Алла Таала айтат: "Андай керемет Кадыр түнү уктабай теспе айтып чыккандарга буйрулат".

Оо, Аллахым! Кыямат күнү тозок азабынан кутулууну каалаймын.

Алла Таала айтат: "Андай азаптан кутулуу Кадыр түнү уктабай истигфар айтып чыккандарга насип кылат".

Оо, Аллахым! Өзүңдүн ыраазылыгыңды табууну каалаймын.

Алла Таала айтат: "Менин ыраазылыгымды, ким Кадыр түнү эки рекет намаз окуса табат". (Зубдатул Вааиъзин)

Рабаяттарда Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткан: "Кадыр түнү асман эшиктери ачылат, Кадыр түнү ким уктабай намаз окуса, анда, ар бир рекетине бейиште дарак эгилет. Эгер бир атчан адам анын көлөкөсүндө жүз жыл жол жүрсө да ал көлөкөнү кесип өтө албайт жана ар бир рекетине бейиште сарайлар курулат жана ар бир окуган аятына башына таажы кийгизилет жана ар бир олтурган жерине бейиште даражалары көтөрүлөт, ар бир берген саламына бейиштеги кооз кийимдер кийдирилет. (Зубдатул Вааиъзин)

Дагы бир рабаятта Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткан: "Кадыр түнү төрт желек асмандан жерге түшүрүлөт. Мактоо желеги, кечирим желеги, ырайым желеги, керемет желеги. Ар бир желек менен жетимиш миң периште чогуу болушат, ар бир желекте келме жазылган".

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткан: "Ким Кадыр түнү келмени – үч жолу айтса, бир жолу айткандыгы үчүн бардык күнөөлөрү кечирилет, экинчи жолу айткандыгына тозок азабынан кутулат, үчүнчү жолу айткандыгына бейишке киргизилет".

Мактоо желеги асман менен жердин арасына кагылып коюлат, кечирим желеги Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мүрзөсүнө кагылат, ырайым желеги Каабанын үстүнө кагылат, керемет желеги Байтул мукаддастагы ак таштын үстүнө кагылат, алардын бардыгы ошол түнү уктабай ибадат кылып чыккан мусулмандардын эшигине келип жетимиш жолу салам айтышат. (Санания)

Вахб бин Мунаббах айтат: "Исраил уулдарында бир такыбаа адам Алла Таалага үч жүз жыл ибадат кылган экен. Ибадатканасынын алдында бир курма дарагы болгон, ал дарак күнүнө жазын-кышын бирдей курсагы тойгудай мөмө берет. Ал адам курма дарагына ишенип көңүлү ток, курсагы жөнүндө ойлонбой күнү-түнү ибадат кылат. Өзүнүн тазалыгына ишенип Алла Тааладан үмүт кылат, бир күн мага да вахий кылса керек деп. Алла Таала ага аян кылып айтыптыр: "Менден башкага көңүл коюп, көңүлү ток болуп жүргөн адамдарга вахий кылбаймын" деп. Ал киши айтат: "Оо, Аллахым, мен Өзүңдөн башка эмнеге көңүл коюптурмун?" Алла Таала айтат: "Күнүнө мөмөсүнөн жеп жаткан курма дарагына көңүл койгонсуң" деп. Ал киши даракты да кесип таштап бир Аллага тобокел кылып ибадатын уланта берген экен. Алла Таала ага айтат: "Акыркы замандын Пайгамбарынын үммөттөрүнө Кадыр түнүн бергенмин, ал үммөттөрдөн ким Кадыр түнүндө уктабай ибадат кылып чыкса, алардын ошол түндөгү ибадаты сенин бардык ибадаттарыңдан артыгыраак".

Кээ бир аалымдар айтышкан: "Нух (Алланын саламы болсун) өз элин элүүсү кем миң жыл динге даават кылды. Мухаммед пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жыйырма үч жыл даават кылды, ошондой болсо деле Мухаммед пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) артыгыраак болот Нух пайгамбарга (Алланын саламы болсун) караганда, Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жыйырма үч жылдык аз гана убактысы Нух пайгамбардын(Алланын саламы болсун) тогуз жүз элүү жылдык көп убактысынан артыгыраак, Мухаммед пайгамбарды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ээрчиген үммөттөрү Нухтун (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) үммөттөрүнөн көп, ошондой эле миң ай Алла жолунда согуш кылгандан, миң ай уктабай ибадат кылганынан Кадыр түнү бир түн ибадат кылуу баардыгынан артыгыраак. Ушулардан ар бир акылдуу адам билүүсү керек, Алла Тааланын Мухаммедге (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) болгон ырайымы, башка бардык макулуктарга болгон мээриминен артыгыраак. (Тапсир Ханафи)

Кадыр түнү Рамазан айынын канчанчы түнү экендигине аалымдар арасында талаш-тартыштар бар, кээ бирлер айтышкан Кадыр түнү Рамазан айынын алгачкы түнү болот – деп. Кээ бирлер айтышкан Рамазан айынын он жетинчи түнү болот – деп. Көпчүлүк аалымдар айтышкан Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө болот – деп. Бирок сахабалардын көпчүлүгү, аалымдардын көпчүлүгү Рамазан айынын жыйырма жетинчи түнү болот – деп бардыгы бир өкүмгө келишкен.

Абу Язиди Бистами айтат: "Мен Кадыр түнүн өмүрүмдө эки жолу таптым, ал Рамазан айынын жыйырма жетинчи түнү эле".

Хакаики ал Ханафиде айтылган: Лайлатул-Кодр - Кадыр түнү – деген сөздө арабчасынан алганда тогуз тамга бар. Алла Таала бул сөздү "Кадыр" сүрөөсүндө үч жолу кайталаган, тогузду үчкө көбөйтсөк жыйырма жети болот, тыянагы: Кадыр түнү Рамазан айынын жыйырма жетинчи түнү болот экен.

Дагы бир далил: Кадыр сүрөөсүндө отуз сөз бар жыйырма жетинчи сөз (Х тамгасы) болуп турат, ал дегени Кадыр түнү, тактап айтканда, жыйырма жетинчи сөз Кадыр түнү – деп турат.

Кадыр түндү Рамазан айынын ичине белгисиз кылып бекитип коюусунун себеби: бир эле түн ибадат кылып, калган түндөрдө уктап жатпай, Кадыр түндү табамын – деп бир ай толук ибадат кылып көп соопторго ээ болуу үчүн. Ошондой эле жума күндөгү дуба кабыл боло турган саатты жыйырма төрт сааттын ичине бекиткен жана ортоңку намазды беш убакыт намаздын ичине бекиткен жана Алланын Улуу Ысымын жүз ысымдын арасына бекиткен жана Алла Таала ыраазычылыгын сооптордун ичине бекиткен, Алла Тааланын ыраазычылыгы кайсыл соопто экенин билбей бардык сооп иштерди жасайбыз жана Алла Таала ачуусун күнөөлөрдүн ичине бекиткен, Алла Тааланын ачуусуна калбайлы деп бардык күнөөлөрдөн сактанабыз. Ошондуктан, жогоруда айтылган нерселерде бир эле убакытка таянып калбастан бардык убакыттарда кызыгып аракет кылуу керек. (Мушкатул Анвар)

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткан: "Кадыр түнү бир койду сааганчалык ибадат кылуу, Алла Таалага артыгыраак болот, өмүр бою орозо кармагандан көрө, Кадыр түнү бир аят Куран окуу Алла Таалага жакшыраак болот, башка түндөрү Куранды башынан аягына чейин окуп катым кылгандан көрө".

Кадыр сүрөөсүндөгү "Рух" жаатында аалымдар ар түрдүү тапсирлешкен. Кээ бирлери айтышкан: Рухтан максат Жебирейил (Алланын саламы болсун) деп, кээ бирлери айтышкан: Судратул мунтахада бир топ периштелер бар "Рух" – деп ошол периштелер айтылат, алардын санын бир Алладан башка эч ким билбейт. Ал периштелер Жебирейил (Алланын саламы болсун) менен бирге жерге түшүшөт. Жебирейилдин (Алланын саламы болсун) орду ал периштелердин ортосунда болот. Алар Кадыр түнүн күткөн бардык эркек-аял момундарга дуба кылышат. Жебирейил (Алланын саламы болсун) Кадыр түнүн күткөн бардык момундар менен көрүшөт. Анын белгиси, ошол түнү эгер муундарың титиреп, жүрөгүң эзилип, көзүңдөн жаш чыгып кетсе, ал Жебирейилдин (Алланын саламы болсун) көрүшкөнүнүн белгиси. Кээ бир аалымдар айтышкан: "Рух" – деп бир улуу периште. Эгер жети кат асманды, жети кат жерди оозуна алса оозуна батып кетет. Аны башка периштелер да көрүшпөйт, бирок, Кадыр түнү гана көрүшөт.

Кээ бир аалымдар айтышкан: "Рух" – деп Алла Тааланын жараткан бир макулугу, периште да эмес, адам да эмес, бирок, алар тамак жешет, кийим кийишет.

Кээ бир аалымдар айтышкан: "Рух" – деп Иса (Алланын саламы болсун) айтылат, себеби, Исанын (Алланын саламы болсун) аты Рух. Иса (Алланын саламы болсун) периштелер менен чогуу жерге түшөт, Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) үммөттөрүн көрүү үчүн.

Кээ бир рабаяттарда: "Рух" – деп бир периште, анын буту жерде болсо, башы Арштын астына жетип турат, ал периштеде миң башы бар, ар бир башы дүйнөдөн чоң, ар бир башында миң жүзү бар, ар бир жүзүндө миң оозу бар, ар бир оозунда миң тили бар, ал тилдери менен Алла Таалага тынбай теспе айтат, Кадыр түнү ал периште да жерге түшүп Кадыр түн тоскон момундарга кечирим тилейт.

Кээ бир рабаятта: Рухтан максат Алланын ырайымы, Кадыр түнү Алла Таала Жебирейил (Алланын саламы болсун) менен кошуп ырайымын да түшүрөт, ал ырайымды Жебирейил (Алланын саламы болсун) тирүү момундарга бөлүп берет, бардыгына жетип, артып калат, Алла Таала айтат: "Өлүктөргө да бөлүп бер", – деп, алардан да артып калат, Жебирейил (Алланын саламы болсун) айтат: "Оо, Роббим, ырайымың алардан да артып калды, калганын эмне кылайын? Алла Таала айтат: "Менин казыналарым ырайым менен толтурулган, капырларга болсо да бөлүштүрүп бер!" Алла Тааланын илиминде кайсы капыр өлгүчө Исламга кире турган болсо, ошол капырларга бөлүп берет, ал ырайымдын шарапаты менен ал капыр өлгөнчө албетте ыйманга кирет. (Шайх Зада).

Шарият жана Тарикаттан терилген берметтер китебинен