Карама-каршылык таппадым
23.07.2016

Карама-каршылык таппадым

Ассаламу алайкум, Ахмад, алгач өзүң тууралуу кыскача айтып өтсөн, кайсы жердин, кайсы элдин кулунусуң дегендей...? Ва алайкум ассалам ва рахмутуллохи ва баракатух. Менин түпкү тегим поляк. Өзүм 85-жылы Новосибирскде туулгам. Балалыгым жана жаштык курагым да ошондо өттү. Жөнөкөй орто мектеп, анан Медициналык Университетте алты жыл билим алдым. Андан кийин дагы үч жыл кесибим боюнча окудум. Кесибим ЛОР. Ислам тууралуу маалыматты кайдан билип, кантип динди кабыл кылып калдың? Ата-энем эч кайсы динди кармабайт. А мен Ислам тууралуу интернеттен билип калдым. Анча-мынча маалыматым болгону менен толук түшүнө албай жүрдүм. Качан өзүмдүң жакын адамым каза болгондо, өлүмдөн кийинки жашоо мени көбүрөөк кызыктыра баштады. Анан Иудаизм, Христиан жана Исламдын үчөөсүн тең изилдей баштадым. Акыры, чечүүчү ролду Исламдын акыркы дин экендиги жеңип кетти. Анан Ислам менен жакындан таанышууга кириштим. Жогоруда айтылган диндерди изилдөөдө бири-биринен артыкчылыгын сезе алдыңбы? Мен Аллахтын алдында бардык диндер бирдей деп ойлочумун. Бирок, качан диндер жөнүндө маалымат алгандан кийин Аллахтын дини бир эле дин болгондугун, аны адамдар өзгөртүп жибергенин билдим. Исламдан башка диндердин ыйык деп аталган китептеринен абдан көп карама-каршылыкты таптым. Анан Порохованын котормосундагы Куранды сатып алдым. "Эгер Куранда карама-каршылык жок болсо, анда Ислам менин диним болот" деп өзүмө-өзүм сөз бердим. Орус тилиндеги Куран котормосун бир жыл окудум. Албетте, мындай көлөмдөгү китепти бир айга калбай окуп койсо болот. Бирок, мен шашпадым. Кээ бир аяттардын негизги маанисин түшүнүүгө көп убакыт кетти. Алардын чечмөөлөсүн таап окудум. Ошентип, 600 беттен турган Куранды окуп, бир да карама-каршылыкты таппадым. Мен дароо түшүндүм, бир гана Кудайдын сөзүндө карама-каршылык болбойт. Демек, Ислам - чыныгы дин. Куранды окуганда өзүңдө кандайдыр бир өзөрүү болгонун байкадыңбы? Куран - Кудайдын сөзү. Кудайдын сөзун окуп жаткан адамда кантип өзгөрүү болбосун. Мен качан анын акыркы аяттарын окуп жатканда, ыйлап жиберейин деп өзүмдү араң токтоттум. Эмне үчүн экенин да билбейм. Балким, чыныгы-туура жолду тапканыма кубансам керек. Кайсы бир адамдын алдында "Кайсы динди тандоо керек?" деген суроо туула турган болсо, мен: "Биринчи бардык диндердин тарыхын карап чыккыла, анан сөзсүз Куранды окула" деп айтар элем. Орустун белгилүү жазуучусу Л.Н. Тольстой: "Ар бир акыл- эстүү адамдын акыркы аялдамасы - Ислам болуусу керек" - деп айткан. Бул кандай даана айтылган сөз. Мен бардык орус тилдүү менин туугандарым, жок дегенди бир жолу бул улуу ойчулдун сөзүнө көңүл буруп коюусун үмүт кылат элем. Ахмад, сен азыр Ислам Университетинде илим алып жатасың, Ислам динин кабыл алган адам сөзсүз дин илимин алуу керек деп ойлойсуңбу, же башка максаттарың барбы? Туура, динде канча илимдүү болсоң, ошончо өзүңө жеңил болот. Бирок, бул ар бир динди кабыл алган адам университетте окуш керек деген сөз эмес. Мен Исламга киргенден кийин, андагы китептерди, аларды жазган окмуштуларды көрүп, дин илими абдан терең экенин түшүндүм. Адамдарды динге чакыруу үчүн илим алуунун зарыл экендигин билдим. Айрыкча биз, орус тилдүү, Европалык мусулмандар деп дагы айтсак болот, илимге муктажбыз. Биздин чөйрөбүз бузукулукка толгон, адамдар бизди башкача көз караш менен карашат. Биз талаага чачып жиберген дан сыяктуу ар кайсы жерде өсүп жатабыз. Биздин артыбызда бизди колдогон эч ким жок. Бирок, биз өтө аз болсок да барбыз. Бири-бирибиз менен байланышууга аракет кылабыз. Дээрлик көпчүлүгүбүз ата-энелерибиз да туура жолго түшсө деп тилейбиз. Биздеги эң чоң көйгөй мына ушул. Алыс сапарга чыкканда, ата-энесин эшек арабага отургузуп коюп, өзү самолёт менен учуп кеткен адамдын көңүлү эч качан тынчтанбаса керек. А бул жерде түбөлүктүү жашоо тууралуу сөз болуп жатат. Аз болсо да кыргыздардын арасында жашап келе жатасың, биздеги динге болгон мамилеге көз карашың кандай? Россия сыяктуу өлкөдөн келген адам үчүн Кыргызстандагы диний абал абдан жагымдуу. Өзүңдү чыныгы жакындарыңдын арасында жүргөндөй сезесиң. Ал эми адамгерчилик жагынан мындай элди жердин жети кабатынан да таба албайсың. Бирок, аталарынан бери мусулман болуп келген элдин динге анча көңүл бурбаганы мени таң калтырат. Мунун себеби да биз сыяктуу эле мурдагы Кудайсыз доордун таасири деп ойлоймун. Аллах кааласа келечекте бардыгы өз ордуна түшөт деп ишенемин. Аз болсо да жакшы маек куруп бергениңе ырахмат. Алган илимиң пайдалуу болсун, ата-энеңе да сенин жакшы мамилең, сый-урматың таасир берет деп ойлойбуз. Окууңа, жашооңо Аллах Таала береке берсин. (Редакциядан: Ахмад Кыргызстанга келгенден кийин үч айда кыргызча тап-так сүйлөп калган. Азыр Ислам Университетинин биринчи курсун аяктап жатканына карабастан, арабча сүйлөп жана арабча китептерди окуйт. "Аккан арыктан суу агат" дегендей бир эле убакта динди да, илимди да карманып, толук сүннөт жолу менен жашап жаткан Ахмад башкаларга үлгү болот деп ишенебиз. Тартуу, мактанууну жек көргөн Ахмад : "Мен өзүмдү реклама кылгым келбейт" деп сүрөтүн гезит бетине чыгарууга макул болгон жок).

Георгий Владимирович (Ахмад)