Карайган жүрөктү кантип агартат?
19.05.2019

Карайган жүрөктү кантип агартат?

Ислам аалымдарынын бири айтат: "Жез жана күмүштү дат баскан сыяктуу, жүрөктөрдү да кара так, кара дат басат. Дат баскан жүрөктү тазалоонун жолу Алла Тааланы эстеп зикир кылуу, зикир жүрөктү апапакай күзгүдөй кылып тазалап коёт. Качан зикир кылынбай калса, ошол замат жүрөккө кара так түшөт. Жүрөктү эки себептен дат басат:

1. Алланы эстебей капылетте калуу.

2. Күнөө кылуу.

Кимдин көп убакыты капылетте жүрүп өтсө, анда, анын жүрөгүнө ошончолук көп кара так түшөт, кара так анын капылетте жүргөнүнө жараша болот. Эгер жүрөктү толугу менен кара так ээлеп алса, анда, ал жүрөк маалыматтарды башкача кабыл алат. Чындыкты, акыйкатты туура эмес жалган маалымат катары кабыл алып, жалганды туура, акыйкатсыздыкты акыйкат деп эсептеп калат. Анткени, ал жүрөктү караңгылык каптап калган болот, караңгылык каптаган жүрөк акыйкатты акыйкаттай көрө албайт же акыйкатты түшүнө албайт же билип түшүнүп турса да кабыл албайт же акыйкатсыздыкты кайтарбайт. Бул жүрөккө жеткен эң чоң балээ, эң чоң оору, эң чоң бактысыздык...

Абдишүкүр ажы Нарматов