Карылыкта келген пикир
23.09.2019

Карылыкта келген пикир

Окууну бүтүп, жумушка орношууну кааладым. Каалоом ишке ашып, жумушка да орноштум. Андан кийинки оюм үйлөнүү болду.

Үйлөндүм, бирок, жашоо баласыз көрксүз болуп жаткандай сезилди. Балалуу болгум келди.

Алладан сурадым, Ал мага бала берди. Бирок, бир бөлмөлүү үйдүн дубалын карап жашоодон тажай баштадым. Дагы бар чоң үйүм болсо экен деп эңседим.

Эмгектендим, байлык жыйнадым, багы бар чоң үй да сатып алдым. Бирок, балдарым чоңоюп калыптыр. Аларды үйлөндүрөйүн деп аракет кылып баштадым.

Балдарым да үй-бүлөлүү, үйлүү-жайлүү болушту. А мен болсо, жумушка жарабай калып, кыйынчылыктар мени чарчата баштады. Эми пенсияга чыгам деген чечимге келдим.

Пенсияга чыктым. Толугу менен жумуштан чыккандан кийин, жалгыз калдым. Бирок, кайра жашоого кайткым келди. Азыр жашоого кайрадан ой жүгүртүп баштадым.

Өмүрүм аз калды. Тобо кылып, Алланын кечиримине ээ болгум келди. Куран жаттайын деген ой келди, жаттап баштадым, бирок, жаттаган сүрөөлөрүмдү бат эле унутуп калып жаттым.

Орозо кармагым келди, бирок, ден-соолугум ага жол бербеди.

Түн ичинде туруп тахажуд намазын окугум келди. Бирок, буттарым туруп намаз окуганга чыдабай калды. Ошол кезде Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткан хадиси эсиме түштү. "Беш нерсени, беш нерсе келээрден мурда пайдаланып кал. Карылык келбестен мурда жаштыгыңды. Ооруп калаардан мурда, ден-соолугуңду. Кедей болуп калаардан мурда, байлыгыңды. Бир нерсе менен алек болуп калаардан мурда, бош убакытыңды. Өлүм келээрден мурда, өмүрүңдү".

Эгерде бир күндүк планыңда, эки рекет шашке намазын окуу, Курандан бир пара окуу, түнкү тахажуд намазын окуу, адамдарга жылуу сөз айтуу, садага берүү сыяктуу жакшы максаттарың жок болсо, анда, жашоонун таттуу даамын кайдан издеп жатасың? Анда жашоодон максатың эмне?

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов