Кайдыгерлик
23.07.2019

Кайдыгерлик

Азга каниет, көпкө топук кылып жашоо кечирген балыкчынын башынан көп эле кызык окуялар болуп өтчү. Бул жолу да ал кызык окуяга дуушар болду. Менимче, анын башынан өткөн окуялардын эң эле кызыгы ушул болсо керек. Анда сөз башынан болсун. Балыкчы кармап келген балыгы түгөнмөйүнчө кайра деңизге барчу эмес. Качан гана балык түгөнүп, курсагы курулдап, аялы кулагын жей баштаганда, торун сүйрөп деңизди көздөй жөнөп калчу. Бир күнү аялы эң акыркы балыктын ичин жарып жатып, жин тийгендей кыйкырып жиберди:

- Абышка! Абышка! Бизге Кудай берди! Батыраак бери чурка! Курсагын сылап, күнгө кактанып жаткан балыкчы ордунан чочуп туруп, аялына чуркады:

- Ой, эмне болду, кокуй, мынча кыйкырып?!

- Бизге Кудай берди деп жатам! Карачы мобуну! Аялдын кубанычы койнуна батпай, көздөрү жайнап чыгыптыр. Балыкчы аялынын алаканын карап көргөн көзүнө өзү да ишене албай калды. Анын колунда бармак башындай акак таш турган болчу.

- Балыктын ичинен чыкты, карачы мындай ташты деңиздин түбүнө кирсең да таба албайсың, - деп кудуңдады аялы.

- Мына эми, биз бул чөлкөмдөгү эң бай адам болобуз, биз эми балык эле жей бербей, бал-каймак кошулган кыпкызыл токочтон да жейбиз, - деп кошумчалады күйөөсү.

Ошентип, күйөөсү акак ташты жакынкы айылдагы зергер буюмдарын саткан соодагерге алып келди. Соодагер акакты ары-бери карап көрүп:

- Оой, бул абдан баалуу таш экен, дүкөнүмдөгү таш аттуунун баарын сатсам да мунуңа ылайык акча таба албаймын. Сен муну шаарга алып баргын, ошол жерде мунун баасын төлөй алчу соодагерлер бар, - деди. Балыкчынын сапары шаарды көздөй уланды. Бирок, шаардагы менмин деген соодагерлер да анын баалуу ташын сатып ала алган жок.

- Мен мунун баасын төлөй албайм, бул абдан баалуу таш экен. Муну башка соодагерлер да ала алышпайт. Бирок, мен сага бир жардам кылайын. Сен эми шаардын акимине бар, анын казынасында бул ташыңа ылайыктуу байлыгы бар, - деди алардын бири балыкчынын көңүлүн жубатып. Балыкчы акимдин сарайына келип, кирүүгө уруксат сурады. Бир канча убакыттан кийин ага кирүүгө уруксат беришти. Болгон окуянын баарын угуп, ташты көргөн аким:

- Бул таш чындыгында баалуу экен, анын ордуна сага эмнени тартуу кыларымды билбей турам. Бирок, бул таш меники болот, сен да бул жерден куру кол кетпөөң керек, - деди да, мындай чечим чыгарды:

- Мен сага алты саат убакыт берем, ушул убактын ичинде менин казынамдан эмнени сырка ташып чыксаң, ошонун баары сеники болот.

- Улуу урматтуу аким, мага окшогон балыкчы үчүн алты саат өтө эле көптүк кылат, мага эки эле саат жетиштүү болмок, - деди балыкчы каниеттүүлүгүн көрсөтүп.

- А мага окшогон колу ачык аким үчүн эки саат өтө эле аздык кылат, андыктан, сен алты саатты пайдалана бер, - деди аким да өз оюнан кайтпай. Акимге макул болуп ыраазылыгын билдирген балыкчыны желдеттер казынага алып келип киргизип коюшту. Казына чоң үч бөлмөдөн турат экен. Биринчи бөлмөдө алтын-күмүш, акак-маржан, шуру-бермет, айтор баалуу таштардын түрү тизилип турат. Экинчи бөлмөдө түрдүү жибек, шайыдан жасалган мамык төшөктөр, көз жоосун алган килемдер шып тиреп жыйылып турат. Үчүнчү бөлмөдө болсо, жыты кеңилжээрди жарган дүйүм тамак-аштар, каухар идиштерде мөлтүрөгөн суусундуктар бар экен. Булардын баарына суктана көз чаптырган балыкчы биринчи эмнеден баштаарын билбей бир топко ойлонуп калды. Анан: «Ой, алты саатта баарына жетишсе болот, андан көрө кара курсакты бир чампайтып алайын, кембагалдын бир тойгону – орто байыганы» деди да, тамакка олтурду. Ошентип, эки сааттан соң тамак-аш бөлмөсүнөн чыкты. «Эми алтын-күмүштү ташый берсем болот го» деп ойлоду ичинен, үчүнчү бөлмөгө бара жатып. Анан кайра «Жоок, дагы төрт саат убакыт бар турбайбы, мынча убакытта бул жердеги байлыктын баарын ташып кетсе болот. Андан көрө мобу жибек мамыкка бир жамбаштайын атаң көрү» деп ойлоду да, экинчи бөлмөгө кирип кетти. Курсагы ток, кайгысы жок, ансыз да алыс сапардан чарчап келген балыкчы жамбашы жаздыкка тиер замат коңурукту кор тартып уйкуга кетти.

- Тур! Турбайсыңбы?! Бул жерден батыраак жогол! – деген желдеттин үнү балыкчыны таттуу уйкудан чочутуп ойготту. Эмне болуп кеткенине, кайсы жерде жатканына акылы жетпей, темселеген балыкчыны желдеттер желкесинен сүйрөп сыртка алып чыгып салышты. Мына ошондо гана бул жерге эмне үчүн келгенин, кара курсак менен уйкунун айынан акак ташынан кол жууганын сезген балыкчы бутун сүйрөп үйүнө жол тартты. Аты-жөнү жок бир кайдыгер балыкчынын окуясы ушинтип аяктады. Бирок, бул окуядан алынчу сабак али күнгө чейин акырына чыга элек...

Урматтуу окурман! Балыкчынын колуна бир тийип калган акак таш – бизге берилген өмүр. Өмүрдүн баасы ушунчалык кымбат. Аны эч ким сатып ала албайт. Бирок, биз аны кадырлай албайбыз. Ал эми акимдин казынасы – бул, дүнүйө жашоосу. Казынадагы алтын-күмүш баалуу таштар – жакшы амалдар. Жумшак төшөк – кайдыгерлик жана көңүл коштук. Ал эми дүйүм-түрдүү тамактар – кумар каалоолору. Мына ушул эки нерсе б.а. кайдыгерлик менен кумар каалоолору биздин өмүрүбүздү текке кетирип, акимдин казынасынан куру кол чыккан балыкчыдай, бул дүйнөдөн жакшы амалы жок куру чыгуубузга себеп болот.

Бейиш гезити