“Казан-аяк кагышат...” Кагыштырбаса болбойбу?
02.09.2019

“Казан-аяк кагышат...” Кагыштырбаса болбойбу?

Ар бир эле үй-бүлөдө кез-кезде жубайлардын өз ара мамилеси солгундайт. Мамиленин ачарчылыгы белгилүү бир убактарда кайталанып турат. Мисалы, үч жылда, жети жылда, он беш жылда.

Мамиленин мынчалык начарлоосуна эмне алып келет? Жубайлардын бирөөсү бангизатка же ичимдикке берилип кеткен учурлар болсо, анда түшүнүктүү. А “адептүү үй-бүлөлөрдө” эмнеден улам суздук болот?

Азыр биз демейдегидей жемелөө, көнүмүш болуп калган майда-барат араздашуулар тууралуу сөз кылабыз.

“Тапкан акчаң эч нерсеге жетпейт, мага жакшы көңүл бурбайсың, үй иштерине жардам бербейсиң, жата калып телевизор көрсөң эле болду” дегендей сөздөр чыга берет аял тараптан.

“Дайыма кулактын кужурун аласың, менин эмгегимди баалабайсың, тапкан акчама шүгүр кылбайсың, нааразы боло бересиң, телевизор көрсөтө да койбойсуң” деген сыяктуу сөздөрдү эркек да айтат.

Бир чети булардын баары үй-бүлөдөгү кадимки көрүнүш десек болот, бирок, акырындап мите курттай акылды жей берет. Көнүмүш адатка айланып калгандыктан белгилүү бир максатка да жетпейт, жөн гана жан дүйнөнүн бейпилдигин бузат, үйдүн кутун кетирет. Күйөөсү аялынан кемчилик таап айтып турат, аялы да андан калышпай айтып турат. Жашоо ушундай!

Мындай мамиледен улам үй-бүлөдө дайыма чыр чыгып турат, дайыма болгон соң адатка айланат. Жубайлар жумуштан жакшы маанайда келишсе да үйгө киргенден кийин адатынча жаман сөздөрүн айтып башташат. Анан жаңы чыр чыгат. Эмне болуп атканын деле байкабай калышат. Үйдөгү балдарга кандай таасир этет бул көрүнүш? Албетте, бала көргөнүн кылат. Урушканды, чыр чыгарганды өздөрүнө адат катары сиңирип алышат.

Акыл калчап ойлонуп көрүңүз: “Түгөйүмдүн эмнеси жакпайт?” Албетте, азыр тизмени толтура саласыз. Жакпаган жактары табыла берет да издесеңиз. Өзүңүздүн мамилеңизди да аңдап көрдүңүзбү? Аялдарды мисалга алсак: күйөөңүз жумуштан өз убагында келгенде сагынганыңызды айтып, жылмайып тосуп алдыңызбы же нааразычылык санаасын баштаганга бирдеме табылдыбы? Буга окшогон мисалдар көп.

Ушундайча үй-бүлөлүк мамиленин ажырымы башталат. Майда-барат тириличиктен улам жемелөө адаты, жакшы жактарын эске албоо, күнүмдүк тиричиликте бири-бирин колдоого албоо ушуга алып келет.

Мамиленин ачарчылыгынан чыгуунун жолу бирөө эле. Жемелөө адатыңызды таштаңыз, түгөйүңүздүн ачуусуна тие турган сөздөрдү айтпаңыз. Жагымдуу сөздөргө алмаштырганга аракет кылыңыз. Дайыма колдоп, дем-күч берип, жакшы жактарын айтып мактап туруңуз. Жакын адамыңыздын акылын сактаңыз. Ошондо гана үйдө бейпилдик, ынтымак өкүм сүрөт. Ата-энеси бири-бирин сүйүп, сыйлап, кылдат мамиле кылып турса, албетте, балдары да ошондой мүнөздө чоңоюшат.

Жубайлар өз ара начар мамилени татыктуу жеңип чыгышса гана мамиле бекемдейт. Үй-бүлөлүк мамилени жөнгө салуу оңой эмес, бирок, аракет кылуу керек. Демейдегидей убакта баары өз жолуна түшсө, мамиленин ачарчылыгы убагында мамилени жөнгө салууга болушунча аракет кылуу керек.

Аялдарга кеңеш:

* Айтканыңызды бербей өжөрлөнбөңүз, күйөөңүздүн чечим чыгаруусуна мүмкүнчүлүк бериңиз;

* Күйөөңүздү башка ийгиликке жетишкен эркектер менен салыштырып “мээсин жей бербеңиз”;

* Балдарыңызга тиешелүү маселелерди түгөйүңүзгө да айтып, кеңешип туруңуз, ал өзүн чоочун адам сезип калбасын;

* Эгер кызганчаак болсоңуз, кызганууга сөзсүз шылтоо табасыз. Ишенгенге аракет кылыңыз.

Эркектерге кеңештер:

* Аялыңызга баарын айтканга аракет кылыңыз, көйгөйлөрүңүздү ичиңизге сактабаңыз – аялыңыз сизди түшүнөт, колдойт, а кыйынчылыктарды чогуу жеңүү үй-бүлөнү бекемдейт, жубайларды бири-бирине жакындатат;

* Аялыңызга жагымдуу сөздөрдү айтып туруңуз, аялдар кулагы менен сүйөт, алар үчүн өзү тууралуу жакшы сөз угуу абдан маанилүү;

* Адамдардын көзүнчө сындабаңыз, аялдар аябай таарынчаак келишет, айрыкча алардын келбетине же мүнөзүнө карата сын айтылса. Кээде сөзүңүздү артка кайра алууга туура келет, а бул үй-бүлөлүк мамилеге доо кетирет;

* “Сүйөм” деген сөздү көп айтыңыз. Бул сыйкырдуу сөз баарын жеңет!

Назира Тилекова