Күч бирдикте
24.06.2022

Күч бирдикте

Бир күнү аңчы куштарга тор салып коёт. Андагы жемди көргөн бир топ куш ал торго келип түшүп калат. Келе жаткан аңчыны көрүп куштар жапырт учуп калышат. Бир убакта бир багытты көздөй учкан куштардын торду көтөрүп кеткенин көрген аңчы алардын артынан чуркайт. Асманды карап чуркап келе жаткан аңчыны көргөн адам эмне болгонун сурайт:

— Эмне эле көктү карап чуркап баратасың?

— Тиги куштарды кармаганы.

— Койсоңчу болбогон сөздү. Асмандагы куштар сага карматмак беле?

— Албетте, эгер бир куш болсо кармай алмак эмесмин. Бирок, буларды мен кармай аламын.

Ошентип кеч кирет. Баягы бир багытты көздөй учкан куштар эми ар бири өз уясын көздөй: бири токойго, бири бадалга, бири көл тарапка уча баштайт. Ошентип ар ким ар кай жакка тартып отуруп, тор чаташып, баары бир жерге кулап түшөт. Аңгыча чуркап келе жаткан аңчы алардын баарын кармап алат.

Бири-бириңерден ажырабагылы. Анткени короодон бөлүнгөн койдун көбү карышкырга жем болот. (Хадис)

Көп суур ийин казбайт. (Макал)

Күч бирдикте. (Макал)

Төртөө төп болсо, төбөдөгүсүн алат,
Алтоо ала болсо, алдындагысын алдырат. (Макал)

Кумурсканын уягунан арстан да айбыгат. (Саади)

Турмуш сабактары китебинен