Кечилдин отуз суроосу
21.06.2020

Кечилдин отуз суроосу

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул дүйнөдөн өтүп, Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) калыйпалык кылып турган заман. Бир күнү Шам өлкөсүнөн христиан динине кызмат кылган кечилдердин башчысы миң жолдошун ээрчитип келип калат. Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) бешим намазын окуп бүтүп, адамдарга Пайгамбардын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) хадистеринен айтып отурган. Кечилдер мечит алдына келишип, катар-катар туруп калышты. Анан алардын жол башчысы Абу Бакирге (Алла андан ыраазы болсун) карап:

- Сага салам болсун, оо, Мухаммеддин калыйпасы, - деп салам айтты.

- Туура жолго түшүп, Улуу затка баш ийип, чыныгы пайгамбарды ээрчигендерге салам болсун, - деп, жооп кайтарды да,

- Эмне жумуш менен келип калдыңар? - деп сурады, Абу Бакир.

- Ата-бабаларыбыздын китептеринде жазылган кээ бир суроолорго жооп алуу үчүн келдик, эгер силердин пайгамбарыңар туура кабар айтып кеткен болсо, анда силер туура жооп бересиңер. А эгер силер туура жооп берсеңер, анда биз да силер ээрчиген пайгамбардын динин ээрчийбиз, - деди кечил, келген себебин түшүндүрүп.

- Эмнени кааласаңар, ошону сурагыла, биз жооп берүүгө даярбыз, - деп жооп берди Абу Бакир токтолбостон.

Абу Бакирдин сөзүнөн кийин кечил ага жакын келип, суроолорун катары менен айта баштады:

1. Өз денесинен өз атын угат, бул эмне?

2. Мен жана менин артымда тургандар эмне үчүн келишти?

3. Биз эмнелерди ала келдик?

4. Алла Таалага сүйлөгөн он төрт нерсе эмне?

5. Жаны жок, бирок дем алат, бул эмне?

6. Кайсы суу асмандан түшкөн эмес, жерден да чыккан эмес?

7. Жер бетинде эң биринчи өлтүрүлгөн ким?

8. Шамал жыгып кеткен эң биринчи дарак кайсы?

9. Алла Таала Өзү жаратып, кайра ал жөнүндө сураган нерсе эмне?

10. Өзү бейишке кирген, бирок анын амалын кылуудан пайгамбарлар тыйылган, бул эмне?

11. Эти да каны да жок, бирок сүйлөйт, бул эмне?

12. Азы да көбү да арам, бул эмне?

13. Бир элчи бар, ал пайгамбар да эмес, инсанда да эмес, жин да эмес, буга эмне дейсиң?

14. Эркек адам жылаңач, кийими жок аялга карап сүйлөйт, бирок күнөөкөр болбойт, мунун сыры эмнеде?

15. Бир амал бар аны аткаруу да арам, аткарбай коюу да арам, бул кайсы амал?

16. Муса пайгамбарды ким эмизген, жана канча эмизген?

17. Алла Таала Муса пайгамбарга кайсы күнү сүйлөгөн?

18. Адам атанын узундугу канча болгон?

19. Адам ата канча жыл жашаган?

20. Алла Таала аян түшүргөн, бирок ал пайгамбар эмес, бул эмне?

21. Беш нерсе бар, ичип-жейт, бирок жегенин алдынан да артынан да чыгарбайт, буга эмне дейсиң?

22. Эки дене бар, алар бирге өлөт, бирок бири арам, бири адал болуп калат, бул эмне?

23. Куранда Алла Таала кайсы канаттуулардын атын атаган?

24. Бир эркекке талак кылбастан туруп эле, аялына жакындоо бир канча убакытка арам болуп калат, эмне үчүн?

25. Өзү өлүп башканы тирилткен жандык кайсы?

26. Күн чыгыш менен батыштын аралыгы канча?

27. Асман менен жердин аралыгы канча?

28. Ат кишенегенде эмне дейт?

29. Короз кыйкырганда эмне дейт?

30. Төө боздогондо эмне дейт?

Кечил суроолорун берип бүтүп, ким жооп бере алат дегенсип, күтүп калды. Бир аз жымжырттыктан соң:

- Мына, суроолорду баарың уктуңарбы? - деп, сурады Абу Бакир жанындагылардан.

- Ооба, баарын уктук, - дешти алар.

- Мындай учурда Алинин жардамы керек. Мен Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Мен илимдин үйү болсом, Али анын эшиги" деп айтканын укканмын. Алини батыраак таап, чакырып келгиле, - деди.

Бир топ адамдар дароо аны таап келүүгө жөнөп кетишти. Анын кайсы бир жумуш менен шаар сыртына кеткенин уккан Салман Фарсий аны шаардын сыртынан тапты. Али (Алла андан ыраазы болсун) анын саламына жооп бергенден кийин:

- Шамдан кечилдер келип калыштыбы? - деп сурады. Чочуп кеткен Салман:

- Оо, Пайгамбардын иниси, сен аны кайдан билип алдың? - деди, таңыркап.

- Мага аны Алланын Элчиси кабар берген болчу, жүр анда, аларга баралы, - деди, күлүмсүрөп Али.

Алар мечитке келген кезде адамдардын баары аларды күтүп отурушкан. Али (Алла андан ыраазы болсун) аларга салам айтып, Михрабдын жанына отурду да:

- Сен Шамдык Шархажил бин Шархилсиңби? - деп сурады кечилден.

- Менин атымды сага ким айтты? - деп, таң калганын жашыра албады кечил.

- Агамдын уулу Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сен жөнүндө кабар берген, - деди Али аны тынчтандырып. Андан кийин, кечил баягы суроолорун дагы бир жолу кайталап айтты. Анын баарын кунт коюп угуп отурган Али (Алла андан ыраазы болсун) кечилге жакын келип, отурду да:

- Эгер мен бул суроолордун баарына толук жооп берсем, силер эмне кыласыңар? - деди.

- Сен эмне десең биз ошого даярбыз.

- Анда, силер биздин динди кабыл алып, келме келтирип, күбөлүк бересиңер.

- Биз макулбуз, - деди кечил жылмайып.

Али (Алла андан ыраазы болсун) Аллага мактоо, Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) салават айтты да, суроолорго бир четинен жооп бере баштады: 

1. Өз денесинен атын уккан бул - сенин кулагың. Анткени, адам өз атын айтса, аны кулагы менен угат.

2. Силер, Ислам дини туура динби же жалганбы деп, текшерүү үчүн келдиңер.

3. Ал эми силердин жаныңарда, миң алтын дилде жана миң күмүш теңге бар.

4. Алла Таалага сүйлөгөн он төрт нерсе - жети жер жана жети асман.

5. Жаны жок, бирок дем алган бул - атып бара жаткан таң. Алла Таала айткан: "Дем алып бара жаткан таңга ант". (Таквир сүрөөсү: 18-аят)

6. Асмандан түшпөгөн жерден чыкпаган суу, бул - аттардын тери.

7. Жер бетинде эң биринчи өлтүрүлгөн адам - Адам атанын баласы Абил.

8. Шамал жыгып кеткен эң биринчи дарак - Саж дарагы, андан Нух пайгамбар кемесин жасаган.

9. Алла Өзү жаратып, кайра анын эмне экендигин сураган нерсе - Муса пайгамбардын таягы. Алла Таала айткан: "Оң колуңдагы эмне, оо, Муса? Бул менин таягым, мен ага таянамын жана койлорума аны менен жалбырактарды күүп беремин жана башка максаттарда да пайдаланамын - деди Муса". (Таха сүрөөсү: 17,18-аят)

10. Өзү бейишке кирген, бирок анын амалын кылуудан башкалар тыйылган бул - Юнус пайгамбар. Алла Таала айткан: "Эми (Оо, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл. Балыктын ээси Юнус кылган амалды кылба". (Калам сүрөөсү: 48-аят)

11. Эти да каны да жок сүйлөгөн нерсе бул - тозок. Алла Таала айткан: "Ошол күнү Биз тозокко: "Капырларга толдуңбу" - дейбиз. Ал: "Дагы барбы?" - дейт". (Каф сүрөөсү: 30-аят)

12. Азы да көбү да арам болгон нерсе, бул - Таалут дарыясы. Алла Таала айткан: "Таалут аскерлер менен чыкканда мындай деди: "Алла силерди суусаган мезгилиңерде бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе - мени менен согушка барбайт. Ким андан ичпесе - мени менен согушка барат. Бирок, ким колу менен бир ууртам гана ичсе, мейли, анын өз ыктыяры, кааласа калат, кааласа барат". (Бакара сүрөөсү: 249-аят)

13. Ал эми пайгамбар да, инсан да, жин да болбогон элчи, бул - Сулайман пайгамбардын заманындагы - Үпүп.

14. Жылаңач, кийими жок аялга карап сүйлөп, бирок күнөөкөр болбогон эркек - көзү көрбөгөн адам.

15. Аткаруу да арам, аткарбай коюу да арам болгон амал, бул - мас адамдын намазы.

16. Муса пайгамбарды энеси үч ай, үч күн эмизген, анан деңизге ыргыткан.

17. Алла Таала Муса пайгамбарга жума күнү сүйлөгөн.

18. Адам атанын узундугу - алтымыш чыканак болгон.

19. Адам ата миң жыл жашаган.

20. Алла Таала аян түшүргөн, бирок ал пайгамбар да эмес, адамда эмес, бул - бал аарысы. Алла Таала айткан: "Сенин Раббиң бал аарыга минтип аян кылды: "Үйүңдү тоолорго, дарактарга, адамдар жасай турган уяларга кургун!" (Нахл сүрөөсү: 68-аят)

21. Ичкен жегенин чыгарбаган бешөө - Адам ата, Обо эне, Салих пайгамбардын төөсү, Муса пайгамбардын таягы, Исмайил пайгамбардын кочкору.

22. Бирге өлүп, бири арам, бири адал болуп калган эки дене - асмандан сууга чумкуган канаттуу балыкка урунуп, экөө тең өлүп суу үстүнө чыгып калса, канаттуу арам, балык адал болот.

23. Куранда аты аталган канаттуулар - карга, үпүп, бөдөнө.

24. Эркек аялына жакындабоону шарт кылып касам ичип койсо, ошол убакытта ага жакындоо арам болуп калат.

25. Өзү өлүп, башканы тирилткен жандык - Исрайил коомундагы уй.

26. Күн чыгыш менен күн батыштын аралыгы - Күн үчүн бир күндүк жол.

27. Асман менен жердин ортосу - зыян көргөн адамдын дубасы.

28. Ат кишенегенде: "Оо, Аллахым, мусулмандарга жардам берип, капырларды кор кыл" деп айтат.

29. Короз кыйкырганда периштени көрүп: "Оо, кайдыгерлер, Алланы эстегиле" деп айтат.

30. Төө боздогондо: "Мага Алла жетиштүү, андан өткөн сактоочу жок" деп айтат.

Азирети Али (Алла андан ыраазы болсун) суроолордун баарына жооп берип, кечилдерден жооп күтүп унчукпай калды. Алар жооптордун баары туура экендигин моюнуна алышып, келме айтып мусулман болушту да, алып келген белектерин берип, өз жерлерине жөнөп кетишти.

Бейиш гезити