Керээз
28.09.2019

Керээз

Айылдын чок ортосундагы эски үйдүн короосунда боз үй тигилип турат. Анын жанында топтошуп турган адамдар, эшиктен бирөө кирген сайын өкүрүп ыйлап калышат. Эч ким жокто жөн эле олтурган, бирөө келгенде эле тура калып ыйлай баштаган чоң эле кишилердин кылыгына акылы жетпей, тасма көргөнсүп тамаша кылышып жаш балдар ойноп жүрүшөт. Боз үйдүн ичинде сексендин кырына барганда бул дүйнө менен кош айтышкан Жакшылык ак-сакалдын сөөгү жатат. Аты затына жарашкан абышка, Жараткандын берген өмүрүн жашап, бүгүн жылдыз толгондо үзүлгөн. Кой оозунан чөп албаган момун адам болчу абышка. Бирок, бири кем дүнүйө деген ушу го чиркин, өз канынан жаралган балдарынан жакшылык көрө албады. «Атасы коңуз атпагандын баласы доңуз атат» болуп, балдары баары жогорку билимдүү болуп, шаарда иштеп калышты. Балдарынан баар таппаган абышканы кемпири кайтыш болгон соң жалгыз кызы карамалап жүрдү. Чыккан кыз чийден тышкары дегендей кийинки күндөрү ал да жакшы каралаша албай, абышка өз арбайын өзү согуп калган болчу. Эми болсо минтип, тирүүсүндө жатпаган жибек төшөктө суналып, өмүрүндө жамынбаган баркыт менен жабылып мемиреп жатат. Атанын жүрөгү согуп турганда бир басып койбогон балдары, колдоруна таяк кармап, «Эсил кайран атам оо, эми кайдан көрөйүн» - деп ыйлап турушат. Убагында: «Ой, алжыган атаңа барып эмне кыласың деп кадам шилтетпеген орус мүнөз келиндер: «бедный абышка, сиз жок биз что будем делать» - деп көз жаш кылымыш болуп олтурат. Баарынан да кызыгы жана эртең менен болду, байкуш атаны сууга алчу адам жок же айылдын молдосу келбей же өлүккө кирчүү сакалдуу бирөө табылбай жатса, мындайда маданиятуу көрүнгөн балдар, маданият дегенди ары жыйыштырып коюп, атадан калган жалгыз үй менен кара уйду талашып кирбеспи. Катуу кыйкыруу менен башталган жаңжал сөгүшүүгө жетип, андан ары жакалашууга өткөндө, кокуй эл көрөт деп араң токтотушпадыбы. Жакшыдан жаман чыгат болуп, жакшы атанын балдарынын ушундай абалга жеткени тууган-уруктун баарын сыздатты. Азыр да эл жогунан пайдаланып чукчуңдаша баштаган бир туугандардын урушу кайсы жерге жетет эле ким билет, Кудай жалгап бир топ адам келип калды да, азыр эле бир-бирин чаап жиберүү үчүн пайдаланып жаткан таяктарын таянып «ыйлай» баштоого аргасыз болушту. Ый бүтүп, ызы-чуу бир аз аздаган соң, өзүнү айыл өкмөтүнүн башчысымын деп тааныштырган, курсак салган адам алдыга чыгып, жанына кошо келген үч-төрт аксакалды, айыл имамыны чакырып алды да көз айнегин тагынып, чөнтөгүнөн бир барак кагазды алып чыгып, акырын сөзүн баштады:

- Урматтуу туугандар – деди ал, адатынча жөтөлүп алып, – мен бул жерге биринчиден сиздерге көңүл айтуу үчүн келдим, атаңардын арты кайрылуу болсун – деп бир аз турду да, аксакалдын өмүрү түгөнүп анан кайтыш болгонун билбейт окшойт: - калган өмүрүн балдарына жана неберелерине берсин – деп кошумчалап койду. Анан маңдайынан сызыла чыккан терин сүртүп алып сөзүн улады: - атаңар кайтыш болоордон бир ай мурун, мага мобул турган аксакалдардын алдында ушул кагазды берген болчу. Кагазды берип, качан мен кайтыш болгонумда балдарымдын баары келген кезде, элдин алдында ушул катты окуп бер, анан мында жазылгандардын баарын аткарууга жардам бер деп кайрылган. Аксакалдын ошол керээзин аткарып, сиздерге бул катты окуп берейин – деп кагазды ачып окуй баштады: «Кагылайын эл-журт, менин сүйүктүү балдарым, бул катты укканыңарда картайган абышканын алжыган сөзү катары эмес, ичээр суусу, көрөр күнү түгөнүп бараткан атанын акыркы керээзи катары кабыл кылгыла. Балдарым, силерди бутуна тургузуп, адам кылайын деп бүтүндөй жаштыгымды, ден-соолугумду арнадым. Кудайга шүгүр баарыңар өзүңөр менен өзүңөр болдуңар. Силер үчүн жасаган эмгегимди эстеп, бир жолу кабар алып койбосоңор да, силерге ыраазымын. Силерди сагынып көргүм келгенде, бала күндөрүңөрдөгү кийген кийимиңерди жыттап черимди жазам. Кичинекей кезиңердеги: «ата, биз чоңойгондо апам экөөңөйдү багабыз» - деп былдыраган тилиңерди эстеген сайын көзүмдөн жаш кылгырат. Кээде чакырган жерден ала келген этти, бала кезиңердегидей эле силерге деп катып койгум келет. Бирок, силердин келбесиңерди эстегенде айласыз гана өзүм жемиш болом. Жай болуп күн ысыган сайын, шаар жерде ысыкта кыйналды го деп силерди ойлойм. Кыш кирип күн сууган сайын, печка коюп, меш жакчу эмес эле балдары үшүп калдыбы деп көңүлүм тынчыбайт. Силерди күндүзү оюмдан , түндөсү түшүмдөн алыстата албай жүрүп оорукчан да болуп калдым. Эми менин канчалык өмүрүм калды бир Кудайга гана белгилүү. Төрүмдөн көрүм жакын болуп турат. Мен көз жумганда келериңерди билем. Мен үчүн келбесеңер да, менден калган болор-болбос дүнүйөнү алуу үчүн келесиңер. Ошондо жок нерсени талашып эл-журттун алдында уят болбосун деп ушул керээзимди жаздым. Мен үчүн баарыңар бирдейсиңер. Бириң алсаң экинчиң ага душман болуп, туугандыктан алыстайсыңар. Ансыз да ортоңордо ынтымак жок экенин билем. Тирүү кезимде силерди жакшы мамиле менен жашоого үйрөтө албадым эле, эми өлгөндө да силерди тытыштырып таштап кетким келбеди. Ошон үчүн, силерди талаштарып бири-бириңе душман болуп калууңарга себеп боло турган бул үйдү мечит салып алуу үчүн айыл өкмөтүнө өткөрүп бердим. Аны кайра талашууга намысыңар жол бербестир. Мен аркы дүйнөм үчүн эч кандай жарытылуу кам көрбөдүм. Жараткандын алдына барганда ушул ишимдин бир аз болсо да пайдасы тиер деп үмүт кылам. Уйду баары бир карашыма соёсуңар, анын музоосу менен тоокторду кызымдын балдарына берем деп койгом. Алар келип алып кетсин. Майда-чүйдө буюмдарды колдонбосоңор да бөлүп алгыла, аны көргөндө мени эстеп бата кылып тураарсыңар. Эл сыяктуу үч күн сактабай дароо жашыргыла. Чыныгы жашоомо денемди чиритпей таза баргым келет. Куру намыска берилип, ашыкча чыгым кылбагыла, баарын молдо айткандай жасагыла. Атаң өлсө өлсүн атаңды көргөн өлбөсүн деген, айылдагылар менен мамилеңерди үзбөгүлө. Балдарыңарды жакшы тарбиялагыла, картайып ал-күчтөн тайган кезиңерде карабай таштап кетпесин. Аялыңардын сөзүн уккула, бирок, айткандарынын баарын аткара бербегиле. Аялынын тилинен чыга албаган эркек эч кандай жакшылыкка жетпейт. Акырында айтаарым, ар дайым ынтымактуу болгула, кантсе да бир ата бир эненин балдарысыңар. Силерди сагынып, бир көрүүгө зар болгон атаңар».

Катты окуп бүткөн айыл өкмөтүнүн башчысы бир оор жумуштан кутулгансып үшкүрүнүп олтуруп калды. Босогого катар тизилип турган бир туугандар, өздөрүнүн кемчиликтерине өкүнгөндүктөнбү же бир аз болсо да акча болуп калат эле деп үмүт кылып турган үйдөн айрылып калышканынабы же эл алдында катуу уят болушкандыгынанбы айтор мурдагыдай жалган эмес чындап эле көздөрүнө жаш айланып, ыйлап турушту. Жакшылык абышканын кайтыш болгонуна анчалык кайгырбаган эл, анын калтырган керээзин уккан соң катуу кайгырып: кайран Жакшылык, тирүүсүндө да бирөөгө жамандык кылчу эмес, эми мынтип өлгөндө да жакшылыгын жасап кетиптир – деп күбүр-шыбыр кылып кетип жатышты.

Бейиш гезити