Керемет дуба
27.08.2019

Керемет дуба

Хижранын 502-жылында адам чыдагыс ич ооруга чалдыккан Нишабурдун алдыңкыларынын бири менден аны дарылоомду суранды. Мен макул болуп аны канчалык дарыласам да, канчалык айыктырганга аракет кылсам да ал такыр сакайбай койду. Ошентип үч күн өттү. Бирок, анын оорусуна бир да дары даба болбоду. Акыры оорулуунун сакайып кетүүсүнөн үмүтүмдү үзүп койдум. Үчүнчү күнү кечинде намазды окуп жатып эмнегедир аны өлүп калат окшойт деп ойлодум. Акыры уктоого камынып, бирок, ичимден эмнегедир уйгу-туйгу болуп, көпкө чейин уктай албадым. Ошентип, ар кандай ойлордун курчоосунда акыры уктап калдым. Таң атаар алдында ойгонгонумда мен: "Оорулуу адам өлүп калды болсо керек" - деп ойлодум. Жогорку кабатка чыгып, айланага кулак салдым, бирок, анын каза тапканын билдирген, кандайдыр бир аза күткөн адамдын үнүн уккан жокмун. Мен ошол учурда Курандын алгачкы сүрөөсүн окуп, ошол тарапка үйлөдүм да, анын аркасынан:

- Оо, Жаратканым, Аллахым, Эгем!!! Зыян тартпаган, чыныгы жана күмөн санабаган китебинде: "Биз Куранды ден-соолук үчүн, шыпаа жана ишенгендер үчүн ырайым катары түшүрдүк" - деп белгилегенсиң. Бул ооруган адамдын оорусуна шыпаа бер, - дедим.

Мен дуба кылып жатып жаш, бай, жоомарт болгон бул оорулуунун ичээр суусунун ушинтип түгөнүп калганына ушунчалык жаным кайышты. Анан даарат алып намаз окудум. Бир убакта короодон бирөөнүн үнү угулду. Мен терезеден карасам ал үнү чыккан киши сүйүнүчтүү үн менен:

- Сүйүнчү! - деп кыйкырды.

Мен дароо терезеден башымды чагарып:

- Эмнеге? - деп сурадым шашылып.

- Оорулууң сакайды! - деди ал кубанып.

Уккан кабарга аябай сүйүндүм. Мен бул жакшы жакка өзгөрүүнү албетте Ыйык Курандын алгачкы сүрөөсүн окуганымдан улам болду деп терең ишендим. Ушундан кийин ар дайым ушул сүрөөнү кайталап жүрдүм. Мына ошондо баарына ушул жол таасирдүү болуп жатты.

Куттуу икаялар китебинен