Хижама же сактыкта кордук жок
15.07.2020

Хижама же сактыкта кордук жок

Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын ысмы менен. Пенделерине сыноо үчүн дарт жиберип артынан ага дабасын да жиберген Алла Таалага алкыш-мактоолор болсун. Үммөтүнө ибадатты да, дарыланууну да үйрөткөн Пайгамбарыбызга Алланын рахматы жана саламы болсун.

Дарт бар экен, анын шыпаасы да бар. Бирок, аны издөө керек. Издегенде да туура жайдан издөө керек. Кыргызым адатта жеңил жана арзан жолун издейт. Кала берсе дарттын алдын алуу ар жакта турсун, өз убагында дарыгерге барбайт. Жыгылдым дегенде жакындары жөлөп-таяп алып барышат.

Соцтармактарга хижама боюнча козу карындай жайнаган билдирүүлөргө кайдыгер карап тура албадым. Китептерден окуганым жана устаздарымдан алган насааттарымды коомчулукка билдирип кетүүнү эп көрдүм.

Бизде «кан алуу» деп аталган термин арабдарда экиге бөлүнөт:

Биринчиси; «хижама» деп аталып, баштан кан алууну билдирет.

Экинчиси: «фасд» деп аталып, дененин баштан башка бөлүгүнөн кан алууну айтылат.

Ысык өлкөлөрдө, айрыкча Арабстанда баштан кан алдыруу пайдалуу болгондуктан «хижама» деген термин белгилүү болуп кеткен.

Бин Аббастан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ихрамда болгон абалында башынын бир тарабы ооругандыктан башынан кан алдырды». (Тирмизи)

Түшүндүрмө: Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ихрам байлап Меккеге баратып башынын бир тарабы ооруп калган. Лахяй-Жамал аттуу жайга жеткенде кан алуучу дасыккан адисти чакырткан. Ошондо Абу Тийба аттуу кан алуучу дасыккан адис келип ал заттын башынан кан алган.

“Хажжам” деген сөз араб грамматикасынын эрежеси менен “дасыккан кан алуучу адис” дегенди түшүндүрөт. Араб грамматикасында “фаъъаал” формасында келген маани: жарай турган, күчүн сактоочу; катуу таасир кылуучу, эффективдүү, активдүү дегендикти билдирет. Кесип ээлерине мына ушул форма менен айтылса жогоруда айтылгандай “дасыккан” деген мааниде болот. Маселен мал союучу адамды “кассааб”, үй салуучу, куруучу жыгач устаны “нажжаар” деп айтылат. Мына ушул кесип ээлерине бул форманы иштетилип жаткандыгынын себеби, мал союучу касапчынын дасыккан болуусу шарт. Мал союунун бүт өкүмдөрүн, эрежелерин ийне-жибине чейин билүүсү керек. Антпесе, союлган малдын эти арам болуп, канчалаган мусулмандын алкымын булгайт. Алкымы бузулган мусулмандын ибадаты да, дубасы да кабыл болбойт. Ошондуктан, касапчылык кесиптеги адамга ушул форма иштетилген. Анын сыңарындай куруучу жыгач уста да чебер болбосо курган имаратыңыз кулап калуусу толук ыктымал. Мындай мисалдарды толтура келтирсек болот. Сөз узап кетпестиги үчүн ушул экөөсү менен гана чектелели. Андыктан, кан алдырууда да “Дасыккан” деген маанини сөзсүз эске алуу керек. Демек көрүнгөн адамга эле кан алдырта берүү туура эмес. Себеби, бүгүнкү күндө кан алам деген адам ушунчалык көбөйгөн, мен алып коём, деп мажбурлап колуңан сүйрөп барып алгандар канча. Чымчык сойсо да касапчы сойсун деген сөз бекеринен айтылбаган чыгаар. Бул ишти да медицинадан же Ислам медицинасынан кабары бар жана хадистерди аңдай билген, адам анатомиясын түшүнгөн киши жасаганы максатка ылайыктуу болот. Ошондуктан, сак болуу керек.

Мындан дагы бир түшүнүлүүчү нерсе кан алдыруу ихрамды бузуучу амалдарга кирбейт. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кызматкери Салмадан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Кимде-ким башындагы дартка арыз кылса, кан алдыр деп айтчу. Ким бут ооруудан арызданса, кына кой дейт эле».

Түшүндүрмө: Албетте, Салма (Алла андан ыраазы болсун) өзү күбө болгон нерсенин кабарын берүүдө. Бул иштер жана кеңештер Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жашап турган чөйрө, шарттар жана оорулуулардын өзгөчөлүгүнө карап, тажрыйбага таянып айтылган. Бул хадистен ар кандай эле баш оорусуна кан алдыруу, ар кандай бут ооруусуна кына коюу даба экен деген жыйынтык чыгарып албастык керек.

Абу Кабша (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Пайгамбарыбыз башынан жана эки далысынын ортосунан кан алдырчу жана: «Ким мына ушул жеринен кан агызса, бир нерсе менен, бир нерсе үчүн дабаланбаса да боло берет», дейт эле». (Эки хадисти Абу Давуд рабаят кылган)

Түшүндүрмө: Бул сөздөн кез-кези менен аталган жайдан кан алдырып турган адам бир дартка дуушар болуу ыктымалы азаят деген маани келип чыгат. Андыктан, тээ мурда эл ичинде эрте жазда сүлүк салуу адаты болгон. Бүгүнкү күндө да бул тажрыйбаны жасагандар муну тастыктайт.

Азирети Анастан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) рабаят кылынат: «Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) моюнунун эки тарабынан жана желкесинин өйдө жагынан кан алдырчу. Айдын он жетинчи, он тогузунчу же жыйырма биринчи күндөрү кан алдырчу». (Абу Давуд жана Тирмизи)

Түшүндүрмө: Канды кайсы жерден алдыруу да олуттуу маселе. Көрүнгөн жерден кан алдыра берүү менен көздөлгөн максатка жетишип болбойт. Мына ушул хадисте айтылгандай дасыккан адистерге тажрыйба аркылуу аныкталган жана пайдалуу экендиги тастыкталган жайдан алдырылат. Албетте, канды кайсы жайдан алууну оорулуу адам эмес, дарыгер белгилейт. Экинчи олуттуу нерсе канды качан алдыруу маселеси. Жогорку рабаятта айтылуусуна караганда, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айдын «он жетинчи, он тогузунчу же жыйырма биринчи күндөрү кан алдырат эле».

Бул нерсе өтө маанилүү. Анткени, Ай Жердин жолдошу, аны менен дайыма байланыштуу. Ай түндө жерге нур чачып турат. Айдын тартылуу күчү да Жерге жана андагы нерселерге өз таасирин өткөрүп турат. Айдын мындан башка да таасирлери өтө көп. Андыктан, Айдын жаңы чыккан учурдагы таасири башкача, толгондогу таасири дагы башкача жана аяктап калгандагы таасири да башкача болуусу турган сөз. Кан алуу инсандын денесинде чоң өзгөрүүлөргө себеп болуучу жараян. Демек, ал ишти эң ылайыктуу шарттарда жасоо керек. Мына ошол шарттардын бири аны жасоо убактысын туура тандай билүү. Антпесе, адам өмүрү үчүн кооптуу. Мисалы: кан алдырууда айтылган убакытка этибар берилбесе, адам түбөлүк майып болуп калуу ыктымалы көп. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) тастыкталган тажрыйбаларга таянып жогорку рабаятта айтылган күндөрдө кан алдырган. Аалымдар бул иштин хикматын аныктоо үчүн бир канча тажрыйбалар өткөрүп чындыгында аталган күндөр кан алдыруу үчүн эң ылайыктуу күндөр экендиги тастыкталган. Бул акыйкатты Бин Каюум ал-Жаузия «Задул маад фии хадйи хойрил ибад» аттуу китебинде кеңири баяндап берген.

Азыркы күндө бул маселеге бир аз этибар берилүүдө. Кээ бир хирургиялык операцияларды айтылган убакыттарга карап жасоого өтүлүүдө. Тез-тез «магнит бороону» болгон күндөрү жүрөк оорусуна чалдыккандар өзүн этият кылуу керектиги да уктурулууда.

Азирети Абу Хурайрадан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Ким он жетинчи, он тогузунчу же жыйырма биринчи күндөрү кан алдырса, ар бир дартка шыпаа болот», деди».

Түшүндүрмө: Албетте, кан алдырууга таандык болгон дарттарга шыпаа болот.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) шейшемби күнү кан алдыруудан тыйган жана: «Ал күн кан күнү. Анда бир саат бар, кан токтобой коёт», деп айтат эле». (Эки хадисти Абу Давуд рабаят кылган)

Түшүндүрмө: Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) шейшемби күнүн кан күнү аты менен атагандыгын аалымдарыбыз эки түрдүү түшүндүрүшөт.

Биринчиси; Кабыл Абылды шейшемби күнү өлтүргөн. Адам баласынын каны биринчи жолу шейшемби күнү аккан. Ошондуктан, бул күн кан күнү деп эсептелинет да ал күнү кан алдыруу мүмкүн эмес.

Экинчиси; аптанын шейшемби күнү инсандын каны активдешет. Эгер ошол күнү кан алдырса, каны токтобой коюу ыктымалы жогору болот.

Азирети Абдулладан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Исра кечеси жөнүндө айтып берди. Албетте, кайсы бир периштелердин жамаатынын жанынан өтпөйүн, үммөтүңүздү кан алдырууга буюруңуз, дешкенин ачыктап берди».

Түшүндүрмө: Бул рабаяттарда кан алдырууга көп кызыктырылуусунун негизги себеби Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жана ошол доордогу мусулмандар өтө ысык аймак деп эсептелинген Араб жарым аралда жашашкан. Алардын шарттары ошондой болуусун талап кылган. Мен белгилүү сүннөт болгон хижамадан тосмокчу эмесмин. Бирок, сактыкты сөзсүз эске алынса деймин. Баарыбызга маалым, Пайгамбарыбыз байпакка масх тарткан деген рабаят бар. А биз болсо бул рабаятты коомчулукка түшүндүргөндө айтабыз: “Пайгамбарыбыздын доорундагы байпак менен азыркы жука байпактарды бир-бирине салыштырып болбойт. Ал доордогу байпак деп аталган байпак, суу өткөрбөй турган деңгээлде өтө калың жана кийгенде же чечкенде байлабаса да тик турган сыпатта болгон. Ал эми азыркы күндөгү байпактарда ал сыпаттар табылбайт, андыктан аларга масх тартканга болбойт”.

Анын сыңарындай Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) доорундагы хижама менен азыркы учурдагы хижаманын да бир топ айырмачылыктары болуп жатат. Маселен, ал доордо хижама - кан сордуруу мүйүздүн жардамы менен болчу. Азыр болсо атайын заманбап аппараттар менен болууда. Адистердин айтуусуна караганда азыркы заманбап аппараттар менен кан сордурулганда катуу сорулуп, натыйжада майда тамырларды берирээк тартып териге жакындатып салат. Андан соң ага лезвия тийсе майда тамырлар кесилип кетет. Майда тамырлардын кесилгендеги зыяны тез билинбейт, жылдар өтүүсү менен зыяны чоң болот. Тагыраак айтканда шал кылып коюусу да мүмкүн. Бул заманбап кан сордуруучу аппараттардын келгенине али көп боло элек, ошондуктан булардын зыяны билине элек.

Урматтуу мекендештер! Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп, көрүнгөн эле адамга хижама кылдыра бербеңиздер. Аңгектен качып дөңгөккө дегендей, жакшы болуп турган ден соолугуңуздан айрылып калбаңыз, абайлаңыз!

Даярдаган: Абибилла Кадырбердиев