Күнөө иштерди көз көрүнөө жасагандардын күнөөлөрү тууралуу айтуу
29.08.2019

Күнөө иштерди көз көрүнөө жасагандардын күнөөлөрү тууралуу айтуу

Улуу аалымдардан Бадиуззаман мындай адам тууралуу мынтип айткан: "Ушакталып жаткан адам күнөө иштерди жаап-жашырбай, ачык эле жасай берет. Тагыраак айтканда, жамандыкты кыялбайт, өзүн жектебейт. Керек болсо жасаган бузукулугу менен сыймыктанып, зулумдугунан ыракат алат. Күнөө иштерди эч тартынбай, элдин көз алдында жасайт".

Алла Тааланын "ас-Саттар" (Жабуучу/Жашыруучу) тагыраак айтканда, "пенделерин күнөөсү менен бетке урбай, оңолуп, туура жолго түшүүсү үчүн мөөнөт берген жана жаңылыштыктарын оңдоого мүмкүнчүлүк берген" деген ысым-сыпаты бар. Пенде өзү жасаган күнөөсү үчүн чын дилинен бушайман болуп, аны башка бирөөлөргө айтпай, өз ичинде сактап, Алла Таалага гана баш калкалоосу зарыл. Жараткан Алла Таалага дуба-тилек кылганда: "Оо, Жараткан Эгем, мени кара басып ушундай күнөө кылып алдым. Сен мага канчалаган жакшылыктарыңды жана нийматтарыңды ыроолоп турсаң да, мен сабырсыздык, кесирлик, көрө албастык кылып, Сенин Туура жолуңдан тайдым. Мени кечире көргүн, оо, Кудуреттүү Эгем! Эртең Сенин алдыңа барганда, шерменде болбоюн. Мени кечиргин, оо, Жараткан Алла Таалам! Кыямат күнү бул күнөөлөрүмдү жүзүмө уруп, мени шерменде кыла көрбө! Мен жасаган күнөөмө чындап бушайман болдум. Эми экинчи андайга барбайм. Сен Кечиримдүү Затсың, кечиргенди жакшы көрөсүң. Мени кечире көр, оо, Жараткан Эгем!" – деп жасаган иштерине чын дилинен бушайман болуп, кайра ал ишти жасабоого бекем ниет кылуусу керек. Ардактуу Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Өзүнүн куттуу хадистеринин биринде: "Кимде-ким мусулман боордошунун кемчилигин же катачылыгын жашыра турган болсо, Алла Таала да Кыямат күнү ал адамдын кемчилигин же катачылыгын жашырат", – деп айтып, Алла Тааланын "ас-Саттар" деген көркөм ысым-сыпатынын негизинде иш алып барууга үндөгөн. (Бухари)

М. Фетхуллах Гүлен да бул жагдайга байланыштуу төмөндөгү сөздөрүн айткан: "Ыйман келтиргени менен диний амалдарды аткарбаган адамдарга да, көөдөнүмдө эч кандай жек көрүү болбоосун каалайм. Алардын жалаң жакшы жактарын көрүп жүрөйүн. Боордошторумдан бирөө чоң күнөө кылып жатса да, аны жашырып, көрбөгөнгө, кабардар болбогонго аракет кылам". 

Шарият боюнча ушундай болгону менен арабыздагы кээ бир "арсыз", "уятсыз" адамдар түндө жасаган күнөө иштерин эртеси элдин алдына чыгып алып, тим эле сонун нерсе айтып жаткандай, мактанып ашкерелейт. Күнөө ишти жаап-жашыргандын ордуна элге айтып, бир чети ошол ишке үгүттөп жатса, бир чети өзүнүн "кыйындыгын" чын-чынына келгенде бетпактыгын көрсөткүсү келет. Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) андай адамдар Алла Тааланын ырайымынан кур жалак кала турганын мына бул куттуу хадисинде айткан: "Өздөрү жасаган күнөө иштерин башка бирөөлөргө айтып, ашкерелеген адамдардан башка үммөтүмдүн баарынын күнөөсү кечирилет. Түндө жасаган күнөө ишин Алла Таала жашырып койгонуна карабай, эртеси күнү: "Кечээ түнү мен баландай күнөө иш кылдым", – деп айтуусу, өзү жасаган күнөөнү башка бирөөлөргө ашкерелегендик болуп эсептелет. Жараткан Кудай ал адамдын күнөөсүн жашырып койгон абалда түндү өткөрөт. Бирок, эртеси Алла Таала жашырган нерсени ал өзү ашкерелеп жиберет". (Бухари)

Хадисте айтылгандай, жасалган күнөөнү башка бирөөлөргө айтуу же элге ашкерелөө жакшы көрүнүшкө жатпайт. Күнөө жасаган адам күнөөкөрдөй болуп унчукпай олтуруусу керек. Күнөөсүн жарыялаган күнөөкөр тууралуу укканда унчукпай калбай, анын кесепети тийип калбоосу үчүн Алла Таалага баш калкалап, Андан жардам сурап, башка момун-мусулмандарды андай адамдын жамандыктары менен кесепетинен оолак болууга чакырып, эскертүүбүз керек. Себеби, "Алла Тааладан коркпогондон корк" деген улуулардын кеби бар. Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) таандык деп эсептелген сөздөрдө: "Уятты жыйыштырып салган адамдын артынан ушактоо гыйбат эмес", (Байхаки); "Көз көрүнөө күнөө иштерди жасоодон тыйылбаган адамга урмат-сый көрсөтпөгүлө! Андан элдин сактануусу үчүн анын жасаган жаман иштерин айткыла, элге кабардар кылгыла", – деп айтылган. (Табарани)

Азирети Айша энебиздин (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылганына караганда, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) алдына кирүүнү суранган адам тууралуу: "Ал өз уруусунун эң жаман адамы. Ошентсе да силер анын кирүүсүнө уруксат бергиле", – деп, кийин ал адам алдына келгенде ага сылык мамиле жасап, ыраазы кылып узаткан. Анын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ал кишиге жасаган мамилесин көрүп таң калган Айша энебизге (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Кесепети тийбесин деп мамиле кылбай, таштап салган адам Кыямат күнү эң жаман акыбалга дуушар болот", – деп жооп берген.

Бул окуяда да таасын байкалып тургандай, момун-мусулмандарды жаман сыпаттары менен таанылган адамдардан сак болууга чакыруу зарыл экендиги жана мындай эскертүү гыйбатка кирбей тургандыгы баса белгиленген.

Айша энебиздин (Алла андан ыраазы болсун) дагы бир рабаятында, эки жүздүү экени талашка түшкөн эки адам тууралуу Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Менин оюмча баланча менен түкүнчө дин тууралуу эч нерсе билбейт", – деп башкалардын ал экөөнүн айтканына алданып, жаңылышып калуусунун алдын алган.

Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) да көз көрүнөө күнөө жасоодон тыйылбаган адамдын кадыры жок экенин жана алар тууралуу көзү жокто кеп кылса болоорун билдирген. Мына ошондуктан, Ислам аалымдары залим башкаруучулардын, динге каршы келчү жаңылык киргизгендердин жана эл алдында уялбай, көз көрүнөө күнөө кылуудан тартынбагандардын артынан гыйбат кылуу күнөө эмес экенин айтышкан. (Газзали, "Ихя-у улуумид-дин", 3/153)

Бул жерде баса белгилей кетчү бир жагдай бар. Мындай адамдар тууралуу эч кандай чеги жок, толугу менен гыйбат кылса болот дегендик да туура эмес. Башкача айтканда, ал адамдардын ошол тарабы же элден уялып да койбой көз көрүнөө жасаган күнөө иши тууралуу гана гыйбат кылып, ушактаса болот. Андан башка жактары, бөлөк иш-аракеттери тууралуу гыйбат кылуу таптакыр туура эмес. Андай гыйбат кылуу чоң күнөө.

Күндөрдүн биринде Ауф ибн Жамил табиндердин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн болгон Бин Сириндин жанына барып, Хажжажды жамандап, ушактай баштайт. Анын бул жоругуна ачуусу келе түшкөн Бин Сирин мындай дейт: "Алла Таала – Адилеттүү экени талашсыз. Учуру келгенде Хажжажды гыйбат кылгандарды жазалагандай эле, зулумдук кылганы үчүн Хажжаждын өзүн да жазага тартары бышык. Кыямат күнү Алла Тааланын алдына барганыңда кымындай эле күнөөң Хажжаждын эң чоң күнөөсүнөн да оор болот". (Газзали, "Ихя-у улуумид-дин", 3/153)

Тилдин балээси Ушак китебинен