Күндөрдүн улуусу Арапа
09.08.2019

Күндөрдүн улуусу Арапа

Демейде биз инсандар жакшы жашоо, жеп-ичүү, кийинүү үчүн жаралгандан тээ өткөнгө чейин жашоо менен күрөшүп, аракет кылып, тырмалап, күндүн суугуна, ысыгына карабай кыштын камын жазда көрүп, ар ким өз эмгеги, мээнети менен кампасын толтуруп, жашоо менен алышып өмүрүбүз кандай өткөкүн да сезбей калабыз. Өкүнүчтүүсү бул зор түйшүк мээнеттер бул дүйнөдө эле калып, убактынча аз гана өмүрүбүзгө пайдасын берип өлөөрдө күл болоору өкүндүрөт! Өлүм акыйкат дегендей узак болгон акырет сапарына ар бир жандын кетээри чындык. Биз менен кошо кете турган, коргой турган, сактай турган бир гана сооп амалдарыбыз гана болот. Акырет бейиши үчүн Алла Таалам пенделери үчүн чексиз ырайымы, мээрими менен соопторду жыйып, түбөлүк жашообуз үчүн кампаларыбызды толтуруп алуубуз үчүн бир жылда бир келүүчү мусулмандардын көптөн күткөн Курман айт майрамын, Зулхижжа айынын он күнүн, анын ичинде улуу күн Арапа күндөрүнө өзүнүн сан жеткис сооп-сыйлыктарын тартуулады. Ким бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган болсо пайдаланды, пайдаланбагандар көптөгөн жакшылыктар, сооптордон кур калды...

Арапа күн – Алланын алдындагы эң улуу күндөрдүн бири. Анткени, бул күн – күнөөлөр кечирилип, тозоктон куткарыла турган күн. Ошондой эле ушул күнү Алла Таала периштелерге Арапа тоосунда турган пенделерин айтып сыймыктанат. Бул туурасында Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деп айткан: «Алланын алдында Арапа күнүнөн да улугураак эч бир күн жок. Ошол күнү Алла Таала дүйнө асманына түшүп, жердеги жашоочуларды айтып асман ээлери периштелерге сыймыктанат. Алла Таала айтат: «Менин пенделеримди карагылачы! Алар чачтары жүдөгөн, денелери чаң баскан, талбия айтып, кыйкырышып Мага келишти. Алар алыскы жолдордон келишти. Алар Менин ырайымымды каалашат, а бирок, Менин жазамды көрүшкөн эмес. Арапа күнүндөгүдөй тозоктон куткарылган эч бир күн болбойт». (Сахих Бин Хиббан)

Алла Таала Куранда Арапа күнү менен ант берген. Бүткүл улуулуктун Ээси болгон Алла Таала улуу нерсе менен гана ант берет. Мына ошол күбөлүккө өткөн улуу күн – Арапа күнү. Алла Таала айтты: «Күбө болуучу жана күбөлөнгөн менен ант!» (Бурууж сүрөөсү: 3-аят).

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: «Убадаланган күн – Кыямат Күнү, күбө кылынган күн – Арапа күнү, ал эми күбө болуучу күн – Жума күнү...» (Тирмизи).

Ошондой эле Арапа күнү – Куранда Алла Таала ант берген так күн. «Жуп жана так менен ант!» (Фажр сүрөөсү: 3-аят). Бин Аббас (Алла андан ыраазы болсун) аяттын тапсиринде: «Жуп күн - бул Курман Айт күнү, ал эми так күн – бул Арапа күнү»,– деп айткан.

Арапа күнү Алла Таала Курандын бул аятын түшүргөн: «Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нийматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болуусун кааладым» (Маида сүрөөсү: 3-аят). Бул аяттын улуулугун жөөттөр дагы түшүнүшкөн. Күндөрдүн биринде алар Умар бин Хаттабга (Алла андан ыраазы болсун): «Эй, мусулмандар! Китебиңерде айтылган бир аятты силер дайым окуйсуңар. Эгерде ошол аят бизге түшкөндө, анда, биз ал күндү майрам кылмакпыз»,– деп айтышат. Умар (Алла андан ыраазы болсун) алардан: «Ал кайсы аят?»,– деп сурайт. Алар: «Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нийматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болуусун кааладым»,– деген аят деп жооп беришет. Ошондо Умар (Алла андан ыраазы болсун) аларга карап мындай дейт: «Аллага ант болсун! Мен ал аяттын кайсы күнү, кайсы убакта, кайсы жерде түшкөнүн жана ошол кезде Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кайсы жерде болгонун анык билемин. Бул аят биз Арапа тоосунда турганда Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кутба кылып жатканда түшкөн». Мына ошол күнү Алла Таала Өзүнүн динин толук түшүрүп бүтүргөн. Анткени, мусулмандар ага чейин ажылык ибадаттарын аткарышчу эмес. Ошол жылы ажылыктын парз кылынуусу менен Исламдын негиздери толукталган.

Ыйман желеси