Курман айт жана курмандык чалуунун өкүмдөрү
06.08.2019

Курман айт жана курмандык чалуунун өкүмдөрү

Айт күнү — майрам күнү! Өлгөн жакындарды эстеп ый, кайгы менен өткөрө турган күн эмес.

Курманчылык же курман айт десе тилекке каршы эл арасында курманчылыкты салт катары өткөрөт же өтүп кеткен туугандарды эстеп, айт күнү ошолордун атына атап союш союп (атамдын айты, апамдын айты дегендей) эл чакырып Куран окутууну жана башка шариятта жок нерселерди кылууну курманчылык деп түшүнгѳндѳр бар.

Акыйкатта курманчылык кылуу шариятта өзгөчө чоң ибадат жана Исламдын белгилеринин бири болуп эсептелет. Шариятта жылына эки чоң майрам бар. Бири Орозо айт майрамы, экинчиси Курман айт майрамы. Бул эки майрамда мусулмандар сүйүнүп, жаңы кийимдерди кийип, үй-бүлөсү менен туугандары, достору, кошуналары менен чогулуп, күлүп-жайнап, бири бирине конок болуп, белек тартуулап, өткөн-кеткен жакшылыктар жөнүндө аңгемелешип өткөрө турган күн. Андыктан, майрамды майрамдай тосуп, майрамдай күлүп-жайнап, Аллага шүгүр кылүү менен өткөрүү керек. Бирок, бул күн кээ бирөөлөр түшүнгөндөй өткөн жакындарын эстеп көшөгөнүн артында өкүрүп ыйлап, Куран окутуп, таң ата электе кабырына баруу күнү эмес. Бул амал, салт, адат, шариятта жок нерсе.

Курани Каримде Алла Таала «Каусар» сүрөөсүндө Ѳзүнүн элчисине өкүм берген: فصل لربك و أنحر….

Алланын атына, Алла үчүн намаз оку жана Алла үчүн мал союп курманчылык кыл!

Намаз Алла үчүн гана окулгандай эле, курманчылык дагы Аллага гана аталып союлат. Башка дагы аятта ушул эле мааниде башка сөз менен төмөндөгүдөй деп айтылган:

إن صلاتى ونسكى ومحياى ومماتى لله رب العلمين….

Чындыгында, менин намазым, менин баардык кылган ибадаттарым, менин жашоом, менин өлүмүм бардык ааламдын ээси Алла үчүн! (Тафсир Бин Касир)

Пайгамбарыбыз ﷺ Меккеден Мадинага көчүп келгенден кийин он жыл жашаган. Ар жылы үзбөй, каза кылбай курманчылык кылган. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз   үммөтүнө ар дайым насаат кылып, курманчылык кылууга үгүттөп турган.

Мына ушул себептен шариятыбызда уламалар курманчылык кылууну важиб деп айтышкан. Ошондой эле курманчылык бир эле Мекке шаарына гана таандык эмес, ал амал жер жүзүндөгү ар бир колунда бар мусулман адамга важиб болуп эсептелет.

Курманчылык кылуу кимдер үчүн важиб?

1-Акыл-эси сак саламат болгон;

2-Мусулман болгон:

3-Сапарда болбогон, жергиликтүү болгон;

4-Балагатка жеткен; 

5-Колунда бар, зекет парз болгон бай адамга.

Ушул беш шарт бир адамдан табылган болсо, ал адам үчүн курманчылык кылуу важиб болуп эсептелет. Кимге зекет важиб болсо, ошол адамда зекеттин өлчөмүнөн башка дагы күнүмдүк зарылчылыктан тышкары б.а шарият урксат бербеген буюмдардын дагы базар баасына карап зекеттин өлчөмүнө кошулат. Мисалы бирөөнүн зекет өлчөмүнө 10 000 миң сом жетпейт, демек, курманчылык важиб эмес, бирок, үйүндө 10 000 сомдук гитара же пианино бар болсо, ошонун баасын кошсо ага зекет чыгаруу парз болот, зекет парз болгондон кийин курманчылык кылуу дагы милдет болот.

Зекет менен курманчылыктын айырмасы:

Зекетте зекеттин өлчөмүнө ээ болгондон бир жылдан кийин зекет берүү парз болот. Ал эми курманчылыкта ошол курман айт күндөрү гана зекеттин өлчөмүндө акчасынын болуусу шарт, бир жыл өтсүн деп күтпөйт.

Мисалы: Эгер аял кишинин өзүнө тиешелүү акча же алтын күмүшү, малы болуп, ал зекеттин өлчөмүнө жетсе, анда, ал аял үчүн курманчылык кылуу жеке өзүнө гана важиб болот. Эркекке жубайы тарабынан курманчылык кылуу зарыл эмес. Албетте жубайы эгер менин атымдан дагы курманчылык кылып коюңуз десе, анда, кылса болот.

Ошондой эле балагатка жеткен уул, кыздар үчүн дагы атасы курманчылык кылбайт. Эгер алардын колунда байлыгы болсо, анда, аларга дагы курманчылык кылуу важиб болот.

Мисалы: Курмандык важиб болбой туруп, эгер ал курмандык кылуу ниетинде мал сатып алса, анда, ага ошол малды курмандыкка союу важиб болот.

Курмандык чалуу күндөрү:

Курмандыктын ибадаттары үч күн: Зулхижжа айынын ону (10), он бири (11), он экиси (12). Курман айт күндөрү ушул аталган үч күн. Башка күндөр курманчылыктын ибадат күндөрүнөн эмес. Ушул күндөрү кайсы убакытта болбосун мал союп, курманчылык кылса болот. Албетте, курмандыкты биринчи күнү кылганы абзел. Түндөсү дагы кылса болот, бирок, күндүзү кылган жакшы.

Курмандык чалуунун ордуна садага жана башка жакшылык кылуу:

Эгерде Курман айт күндөрү өтүп кетип, кандайдыр бир себептер менен курмандык кыла албай калса, ошол малдын баасын кедей-кембагалдарга садага кылуу важиб болот. Бирок, Курман айт күндөрү курмандык сойбой туруп эле садага кылып жиберсе, ал кабыл болбойт жана ар дайым күнөөкөр болот. Себеби, курмандык өзү өзгөчө ибадат. Намаз тургузуу менен орозонун парзы, орозо тутуу менен намаздын парзы, зекет берүү менен ажылыктын парзы аткарылбагандай эле жакшылык, садага кылуу менен курмандыктын важиби аткарылбайт. Буга Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткандары, кылган амалы, өкүмү жана сахабалардын амалдары күбө.

Курман айтка аталган жаныбарды кайсыл убакыттан тарта союп башталат?

Кайсы айыл, кыштак, шаарда жума жана айт намаздары окулуп жүрсө, ошол жерде айт намаздан мурун курмандык кылган болбойт.

Эгерде кимде-ким намаздан мурун курмандык кылып алса, ага кайрадан курманчылык кылуу важиб болот. Бирок, жума жана айт намаздары окулбаган чакан айыл, кыштактарда жергиликтүү элдер Зулхижжанын онунчу күнү эртең менен багымдаттын убагы киргенден кийин курмандык кыла берсе болот.

Ошондой эле кайсы бир шаарда Курман айттын биринчи күнү (онунчу Зулхижжада) кандайдыр себептер менен айт намазы окулбай калса, анда, шаардын жашоочулары айт намазынын убагы өткөндөн кийин курмандык кылса болот.

Эгерде шаар чоң болуп, ал шаарда айт намазы ар кандай убакыттарда окулса (м.: бир жерде 07:00 дө, бир жерде 07:30, 08:00 дө) биринчи окулган айт намаздан кийин шаардыктар курмандык кыла берсе болот.

Курмандык кылууга кандай мал жарайт?

Курманыкка чала турган жаныбарлар:

Төө, уй, бука, топоз, кой, эчки.

Ал эми жекече бир адам бир кой же эчки же кочкор же текени курмандык кылат.

Жети адам биригип бир уй же бука же төө союп курмандык кылса болот бирок, баарынын ниети эт жемек үчүн эмес, курмандык үчүн болуу керек. Эгер бир эле адам уй же төө сойгон болсо, анда, дагы жакшы.

Кой, эчкинин жашы бир жашар болуу керек, бирок, алты айлык козу бир жашардай көзгө толумдуу көрүнсө, анда, андай мал дагы курмандыкка жарайт.

Уй, бука, эки жашар; төө беш жашта болуу керек. Андан жашыраагы курмандыкка жарабайт.

Маселе: Эгерде, малды базардан сатып алып жатканда сатуучу жашын “бул бир жаш, эки жаш, беш жаш” - деп айтса, мал дагы сыртынан ошондой көрүнсө, анда, сатуучунун сөзүнө ишенсе болот.

Маселе: Эгерде, кайсы бир малдын мүйүзү тубаса жок, токол болсо же ортосунан сынып калса, ал малды сойсо болот. Ал эми эгер мүйүзү түбүнөн сынып, анын себебинен мал оорукчан болуп калса (баш айланма), андай мал курмандык кылууга жарабайт.

Маселе: Бычылган малды курмандык кылуу жакшыраак болот.

Маселе: Эки көзү же бир көзү көрбөгөн же чолок мал курмандык кылууга болбойт. Ошондой эле союла турган жерге чейин өзү басып бара албаган оорулуу мал дагы курмандыкка жарабайт.

Маселе: Кайсы малдын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөк кулагы же куйругу кесилген болсо ал дагы курмандыкка жарабайт.

Маселе: Кайсы малдын тишинин бардыгы же көпчүлүгү жок болсо, ал дагы курмандыкка жарабайт. Ошондой эле кайсыл малдын кулагы тубаса жок болсо, аны дагы курмандык кылууга болбойт.

Маселе: Эгерде айыбы жок малды сатып алгандан кийин ошол малдан кандайдыр бир айыбы чыкса (курмандык кылууга болбой турган) жана сатып алган адам бай эмес (зекет алган адам) болсо, анда, ал үчүн ошол малды курмандык кылса болот. Ал эми сатып алган адам бай (зекет берген адам) болсо, анда, ага башка айыбы жок мал сатып алып, курмандык кылуу зарыл.

Курмандык кыла турган малды союунун тартиби:

Эң биринчи бычакты жакшылап курчутуп, анан союла турган жерге малды (кулагынан кармап сүйрөбөй) акырын жетелеп алып баруу керек. Андан соң, малды жаткырып төрт бутун кыбылага каратып коюу керек, ошондо мал кыбылага карап жаткан болот жана бул Куран аятын окуу керек:

{إِنِّي وَجَّهْتُ وَجْهِيَ لِلَّذِي فَطَرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ حَنِيفًا وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ, إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ,لَا شَرِيكَ لَهُ وَبِذَلِكَ أُمِرْتُ وَأَنَا أَوَّلُ الْمُسْلِمِينَ,اللّهمّ منك و لك.} (Ал-Анаам сүрөөсү: 79-аят)

Иннии важжахту уажхия лиллазии фаторос-самааваати уал ардо ханиифан уа маа ана минал мушрикиин. Инна солаатии уа нусукии уа махйаайа уа мамаатии лиллаахи роббил ааламиин. Лаа шариика лаху уа бизаалика умирту уа ана аввалул муслимиин. Аллоохумма минка уа лака.

Чындыгында мен асмандар менен жерди жараткан Затка түз ишенимде жүзүмдү бурдум. Мен ширк кылуучулардан эмесмин. Акыйкатта менин намазым, курмандыгым, жашоом, өлүмүм ааламдардын Тарбиячысы Алланыкы. Анын шериги жок, мен ушул нерсеге буйрулганмын. Оо, Кудайым! Сенден алдым, Сага берем. 

Андан кийин курмандыкка ниет кылып туруп, курч бычак менен «Бисмиллаахи Аллоху Акбар» деп кекиртегинен мууздоо керек. Желкесинен мууздабоо керек. Мууздап жатканда малдын төрт тамыры; абанын, тамактын жана кандын эки тамыры кесилүү керек. Бирок, ошол төрт каналдын үчөөсү малдын адал болуусу үчүн кесилүүсү шарт.

Малды союп бүткөндөн кийин бул дуба окулат:

أللّهمّ تقبّله منّى كما تقبّلت من حبيبك محمّد و خليلك إبراهيم عليهما الصّلوة و السّلام. مشكوة المصابيح

Аллоохумма такоббалху миннии камаа такоббалта мин хабиибика мухаммадин уа холиилика иброхима алайхимас-солаату уас-салааму

Котормосу: Оо, Кудай! Досуң Ибрахим жана сүйүктүүң Мухаммаддан кабыл кылганыңдай бул курмандыкты менден кабыл кылгын. 

Малды башка малдын көз алдында сойбоо керек. Мууздалган малды тезинен жүлүндөбөй туруу керек. Курмандыкка союлган малдын терисин кеспей, абайлап сыйруу керек, башкаларга дагы пайдасы тийсин.

Маселе: Курмандык кылууда ниетти жүрөктөн кылуу жетиштүү, тил менен айтуу зарыл эмес. Эгер өзү соё албаса, анда, башкага сойдурса дагы болот, бирок, ошол жерде өзүнүн дагы болгону жакшы.

Курмандык кылуунун адеби:

Курмандыкка деп малды алдын ала алып келип, багуу абзел.

Маселе: Курмандыкка аталган малдын сүтүн саап же жүнүн кыркып алууга болбойт, эгер, ошондой кылынса, анда, саалган сүттүн же кыркылган жүндүн наркын садага кылуу важиб.

Маселе: Эгер курмандыкка союлган малдын ичинен бала чыккан болсо, аны дагы союу керек.

Эгер курмандык важиб болгон адам мал сатып келгенден кийин ал жоголуп кетсе же уурдап кетишсе же өлүп калса анда, ага башка мал сатып келип курмандык кылуу важиб болот. Эгер сатып алгандан кийин мурунку мал табылып калса, анда экөө тең союлат, бирок, экөөнү тең союу важиб эмес.

Ал эми курмандык важиб эмес адамдын малы жоголуп кетсе (напил курманчылык кылуу үчүн) анда, ага кайрадан мал алып курмандык кылуу важиб эмес. Бирок, жоголгон малы табылып калса, ошондо важиб болот. Эгер Курман айт күндөрү өтүп кеткенден кийин табылса, анда, ошол малдын наркын садага кылуу важиб болот.

Курмандык кылган малдын эти:

Маселе: Эгер уй же төөнү 7 адам кошулуп курмандык кылса, анын этин тараза менен так бөлүү керек.

Маселе: Курмандыкка союлган малдын этин үчкө бөлүп бир бөлүгүн өзүнүн үй-бүлөсүнө, бир бөлүгүн туугандарына, дос, кошуна, тааныштарына, бир бөлүгүн кедей кембагалдарга берген абзел.

Кимдин үй-бүлөсү көп болсо, анда ал бардык этти өзүнө алып калса дагы болот. Үй-бүлөсү аз адамдын дагы эттин бардыгын өзүнө алып калуусуна уруксат.

Маселе: Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт, адал эмес.

Маселе: Курмандыкка алынган малды бирөөгө сойдурса жана анын акысына ага ошол малдын этинен же терисин берүүгө болбойт. Анын акысын өзүнчө берүү керек.

Курмандыкка алынган малдын териси:

Маселе: Курмандыкка союлган малдын терисин өзү пайдаланса болот. М: жайнамаз, көлдөлөң, чанач кымыз кыла турган ж.б.у.с. нерсеге иштетүү үчүн өзүнө алып калса болот. Бирок, сатууга болбойт, эгер сатып жиберсе анда, анын акчасын садага кылуу важиб. Терини «садага кылам» - деген ниет кылбай туруп жөн эле сатууга дагы болбойт.

Маселе: Курмандыкка союлган малдын терисин кандайдыр бирөөнүн акысына берүүгө болбойт. М: мечиттин имамына же сопусуна акысы үчүн.

Маселе: Курмандыкка союлган малдын терисин жакшы жерге: Диний медреселердин окуучуларына садага кылуу сооптуу жана дин жайылтуунун кызматына чоң салым. Бирок, сатылган теринин акчасынан медресенин устаздарына же жумушчуларына айлык деп берген болбойт.

Маселе: Курмандыкка союлган малдын этин же терисин мусулман эмес кедей кембагалдарга дагы берсе болот.

Маселе: Кимде-ким башка өлкөдөн айылдагы ата-энесине же башка туугандарына курмандыкка деген акчасын жөнөтүп «менин атымдан курманчылык кылып койгула» - десе дагы жарайт, ал эмес жакшыраак дагы (курмандыктын сообу, тууганчылыктын ортосундагы өз ара сүйүүнүн бекемделүүсүнүнүн себеби, эгер алар бай болуп туруп курмандык кылбаса, ыктымал сизди көрүп кылаар жана сиздин амалыныз аркылуу дин жеткирүүнүн ыкмасы). Бул айтылган маселе, курмандык кылуу важиб болгон бирок, жер шартына байланыштуу курмандык малын таба албай турган туугандар үчүн.

(Бул курмандык маселелери Фатава Хиндия, Фатава Шаами, Бадаайи деген фатвалар китептеринен алынды)

КМДБнын фатва бөлүмү

Даярдаган:  Акжигит Кокоев