Курмандык чалуу кимдерге милдет?
30.07.2020

Курмандык чалуу кимдерге милдет?

Курмандыкты кимдер чалууга милдеттүү жана кимдер чалууга милдеттүү эмес?

Курмандык чалуу ар бир адамга важиб болобу? Жок, албетте. Балким, мусулман жана азат, бай үй-бүлөөгө курмандык чалуу важиб болот. Байлык экиге бөлүнөт:

1. ЗЕКЕТ БЕРҮҮЧҮ БАЙ

Зекет берүүчү бай дегенде, анын өз кажетинен ашыкча мал-дүйнөсү болуп, бир жыл өткөндөн соң зекет берет. Мына ушул ашыкча мал-дүйнөсү зекет берүүсү үчүн адатта өсүүчү мал-дүйнө болуусу жана маалым бир өлчөмгө жетүүсү керек. Мындай өсүү үч нерседе гана болот:

А) Алтын-күмүш жана акча. Инсандын ашыкча акчалары 20 мискал (85 грамм 585-проба) алтындын баасына жетсе, ошол жеткен убакыттан баштап бир жыл өтсө, анын кырктан бири зекетке чыгарылат. Аялдардын тагынчу алтын сөйкө, мончок, билерик, шакек сыяктуу буюмдары эгер алар алтындан болсо баасы да мына ушул өлчөмгө жетсе ар бир жыл айланганда зекет берилет. Бир нерсе сатып аламын же той өткөрөмүн деген ниет менен чогултуп жаткан акчалары да өлчөмгө жетсе жыл өткөн сайын ар бир жылда зекети чыгарылат. Быйыл 2020-жылы Аалымдар кеңешинин чечими менен Муфтият тарабынан байлык өлчөмү 193, 800 (жүз токсон үч миң сегиз жүз) сомго барабар деп чечим чыгарылды. Албетте, бул өлчөм жыл сайын алтындын орточо баасына салышытырылып түрдүүчө болуп өзгөрүп турат.

Б) Оттоочу жаныбарлардан. Алар жылдын көбүрөөк бөлүгүндө жайыттан оттоочу болуусу керек. Алар төмөнкү жаныбарлар. Төө саны бешке жеткенден баштап зекет бериле баштайт. Уй же топоз, экөө аралаш болсо да отузга жеткенден баштап зекет бериле баштайт. Кой же эчки, экөө аралаш болсо да кыркка жеткенден баштап зекет бериле баштайт. Эркек жана ургаачы жылкылар аралаш болсо же жалгыз ургаачы бээ болсо да баасы өлчөмгө жетсе зекет берилет. Жалгыз эркек жылкыдан берилбейт. Себеби, анда өсүү жок. Эгер булар канча болсо да үйдө колго багылчу болсо зекет берилбейт.

В) Соода, бизнес товарлардан. Ар кандай нерсени соода кылып пайда көрөмүн деген максатта сатып алган болсо, анан ошол убакытта анын баасы өлчөмгө жетсе бир жылдан соң жалпы баасынын кырктан бири зекетке берилет. Эгер сатып алгандан соң, бир канча мөөнөт өткөндөн соң сатуу максаты жаралса же мурас жана белек жолу менен ээ болгон нерсени сатуу максаты жаралса, анда мындай нерселерден зекет берилбейт. Аларды саткандан соң, баасы өлчөмгө жетсе, кажеттен ашыкча болуп, бир жыл үйдө турса, анан ошол баасынан кырктан бири зекетке берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн үч нерседен башка байлыктардан, алар канчалык көп болсо да зекет берилбейт.

2. ЗЕКЕТ БЕРБЕЙ ТУРГАН БАЙ

Жогоруда көрсөтүлгөн үч түрдүү нерселерден байлыгы ашыкча акчалары, жайытта багылчу жаныбарлары, соода ниетинде сактап жаткан буюмдары болбогон, бирок үйүндө башка ашыкча нерселери бар жана ушул ашыкча нерселеринин баасы зекет өлчөмүнө жеткен байлар да бар. Мисалы, бир адамдын эки же андан ашык үйү болуп, бирөөсүндө жашап калганы ашыкча болсо, бир эле саан уйунан сырткары саан болбогон уйлары бар болсо, алар ашыкча деп эсептелинет. Бир жылдан көбүрөөккө жеткидей дан чогултуп койгон болсо да өлчөмгө эсептелинет. Алардын баасы өлчөмгө жетсе зекет бербесе да шариятта ал адамды бай делинет. Ошондой эле ашыкча идиш-аяктар, конокторго аталбаган ашыкча көрпө-төшөктөр, сандыкта пайдаланылбай турган нерселер, дубалга жөн гана көрк үчүн асып коюлган килемдер да кажеттен сырткары нерселер катарында өлчөмгө кошуп эсептелинет да өлчөмгө жетсе, демек, ал адам зекет бербей турган бай делинет. Ошону менен бирге жалаң шкафтарды көрктүү кылып турган, окулбай эле турган китептер жана окулуучу китептердин экинчи көчүрүлгөн нускалары сервис идиштер да өлчөмгө эсептелинет да баасы өлчөмгө жетсе ал адам да байлар катарына кирет.

Зекет бере турган жана бербей турган байлардын өкүмү, алар экөө тең курмандык чалуусу, битир садагасын берүүсү важиб болот. Кыйналып калган махрам туугандарына каралашып туруусу да важиб болот. Алар бай адам болгондугунан важиб садагаларды, назырларды ала алышпайт. Аларга бул нерселер арам болот. Мына ушундай эки түрдөгү байлардан болбогон адамдар шариятта жакыр делинет. Мындай жакыр адамдарга курмандык чалуу жана битир садага берүү важиб болбойт. Аларга зекет, үшүр же назырларды алуу мүмкүн болот.

Зекет бербей турган байлар ашыкча мал-дүйнөсүн эсептегенде бир жыл өтүүсү шарт эмес. Битир садагасын бере турган убакытта, курмандык чала турган убакта ашыкча мал-мүлкүн эсептейт да, эгер зекеттин өлчөмүнө жетсе, битир садага жана курмандык амалын кыла берет.

Даярдаган: Абибилла Кадырбердиев