Курмандыктын пазилети жана хикматтары
30.07.2020

Курмандыктын пазилети жана хикматтары

Ар жылы зулхижжа айы кирип келгенде өзүнө ток адамдар Аллага жакындык кылуу максатында жана Ал берген эсепсиз ниматтарга шүгүрчүлүк кылуу сезиминин бир белгиси катары курмандык чалып, кан чыгаруу үчүн соо жана семиз чарба малдарын сатып алып, курман айт күнүнө чейин багып турушат.

Алла Таала үчүн жандык союу Ислам дининин кооз жөрөлгөсү жана шариятыбыз буюрган амалдардан болуп саналат. Анын хикмат жана пазилеттери чексиз. Оболу бул иш пендени Аллага жакындатат. Андыктан, курмандыкты жакшы ниет менен Аллага жакын болоюн, Анын ыразылыгын табайын деген аруу-таза максаттарда амалга ашыруу керек.

Алла Таала Өзүнүн чексиз ырайымы себептүү биз күнөөкөр пенделерди Өзүнө жакындатуучу көптөгөн себептерди жаратып берген. Бул дүйнөнү акыреттин эгинзары кылып койгон. Дүйнөдө адамдар менен мамиледе ар кандай абалдар жүзөгө келет. Бир инсан башка бир өзү урмат кыла турган абийирдүү, окумуштуу же колунда бар дөөлөттүү инсанга жакындашмакчы болот. Ал үчүн түрдүү-түмөн ортомчу болуучу нерселерди ишке салып көрөт. Ага болушунча жакшы мамиле кылат, керек болсо кошомат кылат, белек-бечкектерди берет. Бирок, наркы адам аны таптакыр өзүнө жакындатпастыгы, бүт ортомчулардын жолун жаап коюусу мүмкүн. Мындай нерсе жашоодо көп учурайт. Ал эми, Алла Таала андай эмес. Ал бизге канчалык күнөө кылсак да, ар канча жаман иштерди амалга ашырсак да тобо эшигин рухубуз чыкканга чейин ачык калтырат. Өзүнө жакындатуучу жолдорду эч качан жаап койбойт. Андай жолдордун бир эмес бир канча түрүн көрсөтүп берет. Жадагалса түрдүү жолдор менен Өзүнө жакын болууга чакырат:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَابْتَغُوا إِلَيْهِ الْوَسِيلَةَ .... ﴿٣٥﴾

“Эй ыйман келтиргендер! Алладан коркуп, Ага жакындоо жолдорун издегиле!...”. (Маида сүрөөсү: 35-аят)

Аятта: “Ага жакындоо жолдору” - “васила” сөзү менен айтылган. Бул дүйнөдө Алла Таала пенделерин Өзүнө жакындатуучу, бейишке киргизүүчү жол жана василаларды көп жаратып койгон. Ар бир инсан өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша өзүн Алла Тааланын ыраазылыгына алып баруучу иштерди амалга ашырууга болушунча аракет жасоо керек. Ата-энеге жакшылык кылуу васила, ибадатта туруктуу болуу васила, сабыр васила, шүгүр васила, дуба васила, истигфар-тобо васила, адамдарга жакшылык кылуу васила, кайрымдуулук васила, чөккөн жүрөктөргө кубаныч берүү васила жана ушулардын катарында Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн жандык союу да бир васила. Куранда Алла Таала Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жана ал киши аркылуу бүт мусулман үммөтүн ушул ишке буюрган:

فَصَلِّ لِرَبِّكَ وَانْحَرْ ﴿٢﴾

“Эми Эгеңе сыйынып намаз тургуз жана курмандык чал!”. (Кавсар сүрөөсү: 2-аят)

Атактуу таабиндерден болгон Катаада, Атаа жана Икрима (Алла аларга ырайым кылсын) аяттагы “намаз тургуз” дегенди “айт намазын оку” деп түшүндүрүшкөн. Андыктан, ажылар жана башка курмандык чалуучулар айт намазы окулгандан соң жандыктарын союп курмандык чалышат.

Курмандыктын айрым хикмат жана пазилеттери: 

Курмандыктын хикматы жана пазилеттери жөнүндө канча айтылса ошончо аз.

1. Курмандык – “курбат” - "жакындоо" сөзүнүн өзөктөшү. Муну менен биринчи орунда Алланын мээримине ээ болуу, Анын ырайымына жакын болуу максат кылынат.
Алла Таала үчүн эң жакшы нерсени курмандыкка чалуу инсандын дилине өзүнчө бир ыракат берет. Анын себебинен колго кирүүчү үлкөн сооп үмүтү кишинин ой-пикирин маалым бир мөөнөткө чейин болсо да, жалган дүйнөнүн жалган азгырыктарынан үзүп, түбөлүк ааламдын түгөнгүс байлыктарына көз артууга үндөйт. Анын дилин сараңдыктан тазалайт.

2. Бул – Алла Тааланы бизге таанытуучу белгилеринен, Ал жүргүзүп койгон диний жөрөлгөлөрдү улуулоо, урматоо дегени.

ذَٰلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ شَعَائِرَ اللَّهِ فَإِنَّهَا مِنْ تَقْوَى الْقُلُوبِ ﴿٣٢﴾

«Иш ушундай! Ким Алланын белгилерин улууласа, демек, албетте бул урмат дилдердеги такыбаалык себебинен». (Хаж сүрөөсү: 32-аят)

Демек, курмандык чалуу дилдеги такыбаалыктын белгиси экен. Курмандыктын этинен да, канынан да Алла Таалага эч кандай пайда жок. Балким булар да өзүбүздүн эле пайдабыз.

3. Майрам күнү курмандык чалуу кубаныч үстүнө дагы бир кубаныч. Бул инсандын өзүнө жана үй-бүлөсүнө кененчилик жаратуу үчүн ортомчу. Кошуна-колоң, жакын тууган жана жоро-жолдошторго сый көрсөтүү, жакыр кедейлерге, көңүлү жарым адамдардын көңүлүнө шаттык алып кирүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.

4. Такыбаалыкка жетишүү. Алла Таала айтат:

لَنْ يَنَالَ اللَّهَ لُحُومُهَا وَلَا دِمَاؤُهَا وَلَٰكِنْ يَنَالُهُ التَّقْوَىٰ مِ+نْكُمْ ۚ ﴿٣٧﴾

«Курмандыктын эти да каны да Алла Таалага жетип барбайт! Балким, ушул иш аркылуу силерден пайда болгон такыбаалык гана Ага жетип барат». (Хаж сүрөөсү: 37-аят)

5. Курмандык Алла Таалага Ал Зат берген эсепсиз ниматтар үчүн шүгүр кылуунун бир жолу. Чындыгында, Алла Таала адам баласына санап санагына жетип болбогудай деңгээлде эсепсиз ниматтарды берди. Ага жашоо берди, жаралуусун кооз кылды, ден соолук берди, сезимдерин айта ала турган тил, жарык дүйнөнү көрүү үчүн эки көз, акты карадан ажыратуу үчүн акыл берди. Байлык, мал-мүлк, дөөлөт берди. Ыйман ислам ниматын да берди. Булардын баары шүгүр кылууну важиб кылуучу улуу ниматтар. Курмандык мына ушул ниматтарга шүгүр катары пенде тарабынан амалга ашырылуучу иш.

6. Төмөнкү хадис да Алла Таала үчүн курмандык чалуунун канчалык пазилеттүү экенине далалат кылат:

عَنْ عَائِشَةَ أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ مَا عَمِلَ ابْنُ آدَمَ يَوْمَ النَّحْرِ عَمَلًا أَحَبَّ إِلَى اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ مِنْ هِرَاقَةِ دَمٍ وَإِنَّهُ لَيَأْتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ بِقُرُونِهَا وَأَظْلَافِهَا وَأَشْعَارِهَا وَإِنَّ الدَّمَ لَيَقَعُ مِنْ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ بِمَكَانٍ قَبْلَ أَنْ يَقَعَ عَلَى الْأَرْضِ فَطِيبُوا بِهَا نَفْسًا"[ رواه ابن ماجه والترمذي].

«Айша энебизден (Алла андан ыраазы болсун) рабаят: Адам баласы айт күнү кан чыгаруудан башка Алла Таалага жагымдуурак болгон эч бир амал жасай албайт. Алла Таала үчүн курмандыкка чалынган жандык Кыямат күнү мүйүзү, түктөрү жана туяктары менен келет. Ант болсун, анын каны жерге тама электе Алла Тааланын алдындагы жогорку орунга жазып коюлат. Демек, кылып жаткан курмандыгыңыз менен кубаныңыз, ал сизге дем болсун!». (Имам Бин Маажа жана Имам Тирмизи рабаяты)

7. Ал эми колунда байлыгы, мүмкүндүгү болуп турса бул амалды аткарбагандарга төмөнкү хадисте эскертүү айтылган:

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ: "مَنْ وَجَد سَعَةً فلم يُضَحِّ فلا يَقْرَبَنَّ مُصَلاَّنا" رَوَاهُ ابْنُ مَاجَه وَ أَحْمَدُ

Абу Хурайрадан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят: “Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Кимде-ким мүмкүнчүлүгү болуп туруп курмандык чалбаса, биздин намаз окуучу жайларыбызга жакындабасын”. (Имам Бин Маажа жана Имам Ахмад рабаяты)

Алла Таала курмандык чалууну баарыбыздын дилибизге салсын.

Даярдаган: Абибилла Кадырбердиев