Күйөөгө тийбей жүргөн эжейдин окуясы
15.07.2016

Күйөөгө тийбей жүргөн эжейдин окуясы

Медреселердин биринде өтө зээндүү жана келбети жагынан да абдан сулуу бойдок эжей бар эле.Элдин баары эле: “Сен өтө адептүү жана сулуу кызсын.Эмнеге дагы деле бойдоксун?”,-деп сурай беришчүү.
Жооп катары ал төмөнкү окуяны баяндап берди:
“Кайсыл бир доордо бир аялдын беш кызы бар эле жана анысы аз келгенсип,кош бойлуу да болчу.Күйөөсү эгер алтынчысы да кыз болсо,ал кыздан кутулабыз деп коркутаар эле.Бирок тагдырдын тамашасына ылайык алтынчы перзенти да кыз болуп төрөлөт.Ызааланган күйөөсү жаш наристени колго алып,багымдат намазынындагы азандан мурун мечиттин эшигинин астына таштап кетет.Кечинде ал кызды эч ким албаганын көрүп,кайра эле үйүнө кайтарып келет.Кийинки күнү да таңга жуук таштап,кечкисин кайра алып келет.Бул окуя бир жума кайталанган соң,күйөөсү акыры жадагандыгынан бул кызды үйдө калтырууга уруксат берет.Муну уккан кыздын энеси абдан кубанат.
Бир жылдан соң аялы боюна бүтүп,уул бала төрөйт.Бирок уулу бул дүйнөгө келгенде,чоң кызы чыныгы дүйнөгө сапар тартат.Арадан убакыт өтүп дагы бир эркек бала төрөйт,бирок экинчи кызы көз жумат.Ошентип аял менен күйөөсү беш уулду болуп,бирок беш кызынан ажырайт.Тирүү бир гана кичүү алтынчы кызы калат.Көп өтпөй энеси да кайтыш болуп,жалгыз кызы менен уулдары эр жетилип чоңоет”
-Алтынчы кызы ким экендигини билесиңерби?-деп жаш эжей суроо узатат...
-Ал менмин!Менин турмушка чыкпай жүргөндүгүмдүн себеби-атам картайып калган жана аны караганга менден башка бир жан жок.Инилерим болсо....кээ бири бир айда бир жолу зыярат кылып койсо да-чоң жетишкендик.Байкуш атам күн сайын убагында мени таштайм деген ниетине тообо кылып,ыйлайт.Чындыгында Аллах биз билбеген тараптан жакшылык ыроолойт эмеспи.