Кырк хадис
25.07.2016

Кырк хадис

Ислам дүйнөсүнүн эң белгилүү аалымдарынан болгон Яхья бин Шараф ан-Нававий хижрий жыл санагы боюнча 631-жылы мухаррам айында Дамасктын жанындагы Нава деген жерде дүйнөгө келген. Ал бала чагынан эле башка балдардан айырмаланып илим алууга катуу бел байлаган. 10 жаш курагында Куран жаттоо жана фикх илиминен таалим алууга киришкен. 19 жашында Дамасктагы «Даарул хадис» медресесине кирип илим алуусун уланткан. Ошол замандагы чоң аалымдардын көбүнөн сабак алган. Убактысын аябай үнөмдүү пайдалангандыктан, илимдин бардык түрлөрүн окууга жетише алган. Уламалардын айтуусунда Имам Нававий бир күндө устаздардан 12 түрдүү сабак алат эле. Ал ар бир окуган сабагын жатка жаттоого аракет кылган. Китепти терең түшүнүүсү ал зат үчүн теңи жок ырахаттуу жумуш эле. Талыкпаган мээнет, тажабаган изилдөөнүн натыйжасында, Имам Нававий хадис жана фикх тармактарында даңкы чыккан аалым болуп чыга келди. Өмүрүнүн акыркы күндөрүн негизинен сабак берүү, уламалардын чыгармаларына баяндама берүү жана китеп жазууга багыштаган. Ал аз жашаса да элге пайдалуу болгон бир канча эмгектерди жазып кеткен. Имам Нававийнин китептери түшүнүктүү жана жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турат. Айрыкча анын «Такыбалар бакчасы», «Ал-Азкар» жана «Арбаийн» аттуу китептери эл арасына кеңири тараган. Анын китептеринин кылым карытып сакталып калуусуна анын китеп жазуудагы ыкластуулугу себеп болгон. Имам Нававий хижрий жыл санагы боюнча 676-жылы ражаб айынын 24-күнү 45 жашта киндик каны тамган Навада кайтыш болгон. Ал өзүнүн "Кырк хадис" китебине Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) толук динди камтып турган кырк хадисин киргизген. Көптөгөн аалымдар «Кимде-ким менин үммөтүм үчүн анын дин ишинен болгон кырк хадисти сактап берсе, Кыямат күнү Аллах аны факих жана аалымдар тобунда тирилтет», бир риваятта: «Аллах аны факих, аалым кылып тирилтет», Абу Дарданын риваяттарында «Мен Кыямат күнү ал үчүн колдоочу жана күбө боломун», Ибн Масъуддун риваяттарында: «Ага: Бейиштин каалаган эшигинен кир, деп айтылат», Ибн Умардын риваятында: «Ал аалымдардын катарына жазылат жана шейиттердин арасында тирилет» деген хадиске амал кылуу максатында ар түрдүү маанидеги кырк хадисти топтоп жазышкан. Бирок, хадис аалымдарынын айтуусунда бул хадис ишенимдүү эмес хадис экендиги айтылган. Имам Нававий "Кырк хадис" китебинин киришүүсүндө минтип айтат: "Көпчүлүк аалымда кайсы бир амалдын артыкчылыгын жеткирүүдө ишенимдүү эмес хадистерге да амал кылууга болорун айтышкан. Бирок, мен бул китепти жазууда Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Уккандар укпагандарга жеткиргиле» жана «Менин сөзүмдү угуп, аны сактаган жана укканыдай кылып башкаларга жеткирген адамдын жүзүн Аллах Таала нурлуу кылсын» деген ишенимдүү хадистерине амал кылдым. Бул китепке да Имам Бухарий жана Имам Муслимдин ишенимдүү хадистерин киргизүүгө аракет кылдым.

Биринчи хадис: Амалдар ниетке жараша болот Момундардын амири Абу Хафс Умар бин Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мен Аллахтын элчисинин (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айтканын уктум: "Амалдар ниетке жараша болот жана ар бир адамга ниет кылган нерсеси гана берилет. Ошондуктан кимдин көчүүсү Аллахтын жана Анын элчиси үчүн болсо, анда ал Аллах жана Анын элчиси үчүн көчкөн болот. Ал эми, кимде-ким бул дүйнөнүн пайдасы үчүн же үйлөнүү үчүн көчсө, анда ал эмнени максат кылып көчкөн болсо ошого жетет". (Бухарий жана Муслим).

Хадистин түшүндүрмөсү: Чындыгында, бул хадис Исламдын табиятын билдирүүчү негизги хадистерден болуп, динибиздин көпчүлүк өкүмдөрү үчүн пайдубал болот. Аалымдардын ушул хадис жөнүндө айткан сөздөрү буга жаркын далил боло алат. Имам Абу Давуд айтат: «Амалдар ниетке жараша» хадиси - Исламдын жарымы. Себеби, дин же ачык көрүнүштө болот, же жашыруун ниетте болот. Имам Ахмад жана Шафий айтышат: «Амалдар ниетке жараша» хадисине илимдин үчтөн бири туура келет. Себеби, пенденин амалдары анын жүрөгү, тили жана калган мүчөлөрү менен аткарылат. Жүрөк менен ниет кылуу ушул үч бөлүктүн бири. Ошондуктан аалымдар өз китептерин ушул хадис менен баштоону туура көрүшкөн. Имам Бухарий дагы ушул хадисти «Ал-Жамиуьс-Сахих» китебинин башында келтирген. Имам Нававий дагы өзүнүн «Такыбалар бакчасы», «Ал-Азкар» жана «Арбаийн» китептерин так ушул хадис менен баштаган. Анын себеби, илим алуучу жана китеп окуучу ниетин оңдоп, ар бир ишин калыс Аллах үчүн кылсын деген маанини билдирип турат. Мындан сырткары, Имам Бухарийдин айтымында, бул хадисти Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кутба кылып жаткан учурда айткан. Андан кийин Умар (Аллах андан ыраазы болсун) дагы аны кутбада айтып жүргөн. Абу Убайд айтат: «Хадистердин арасында мындан өткөн мазмундуу жана маанилүү хадис жок».

Хадистин айтылуу себеби: Бир адам Умму Кайс аттуу аялга жуучу болот. Аял: "Эгер сен көчүп келсең, сага турмушка чыгам" - деп шарт коёт. Ошондо тиги киши динди сактоо үчүн көчүп жаткан адамдар менен бирге Мадинага көчүп барат. Бирок, анын ниети Умму Кайска үйлөнүү болчу. Ал чындап эле Умму Кайска үйлөнөт. Бирок, ал дин үчүн көчүп келген башка адамдар сыяктуу соопко ээ боло албай калды.

Хадистен алынуучу пайдалар:

1. Бардык амалдар үчүн ниеттин болуусу зарыл Балагат жашына жеткен ар бир адамдын амалы ниет кылуу менен болсо толук жана сооптуу болот. Намаз, орозо, ажылык сыяктуу негизги ибадаттарда ниет кылуу милдеттүү болуп эсептелет. Өзүнчө ибадат саналбай турган, бирок негизги ибадаттын кабыл болуусуна шарт түзүүчү ортомчу амалдарда (даарат, гусул сыяктуу) ниет кылуунун өкүмү мазхабдарда ар түрдүү айтылган. Ханафий мазхабында мындай амалдарга ниет кылуу сооптун толук болуусуна шарт түзөт б.а. ниет кылынбаса деле даарат толук боло берет, эгер ниет кылынса толук сооптуу болот. Имам Шафий жана башка имамдардын мазхабында, бардык ибадаттар сыяктуу эле ортомчу амалдарга да ниет кылуу милдеттүү б.а. ниетсиз даарат болбойт.

2. Ниеттин убактысы жана орду: Ниеттин убактысы ибадатты аткаруунун алдында болот. Мисалы: намазда - такбир айткан учурда, ажыда - ихрам кийген учурда. Ал эми ибадаттын башталуусу белгисиз болгон учурда, алдын-ала ниет кылууга болот. Мисалы: орозодо таң атышын анык билүү кыйын болгон учурда орозо башталуу убактысынан бир аз мурда ниет кылууга болот. Ниеттин орду - жүрөк. Аны тилге чыгарып айтуу шарт эмес. Ниет кылууда ниет кылып жаткан ибадатты анык кылуу шарт. Мисалы: «Намаз окууну ниет кылдым» деп ниет кылуу жетиштүү эмес. «Бешим же Аср намазын» деп анык ниет кылуу керек.

3. Дин кызыкчылыгы үчүн көчүүнүн зарылдыгы Жашап жаткан жеринде өз дини менен жашай албаса б.а. Исламдын негизги парз амалдарын аткарууга мүмкүн болбосо, анда бул жерден башка ылайыктуу жерге көчүп кетүү милдеттүү болот. Ал эми Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Мекке жеңишинен кийин көчүү болбойт» деген хадиси - «Меккеден, башка жерлерге көчүп кетүүгө болбойт» деген маанини түшүндүрөт. Анткени, Мекке негизги Ислам борбору болуп калган болчу.

4. Ким жакшы ишти ниет кылса, бирок ооруу, өлүм же ушул сыяктуу себептер менен аны аткара албай калса, ал үчүн сооп жазыла берет. Казы Байзавий айтат: «Амалдар ниетсиз жакшы болбойт. Маанилүү себеп менен амалды аткара албай калса да ниети үчүн сооп алат. Бирок, ниетсиз амал чаң сыяктуу сапырылып кетет. Амал менен ниет - дене менен рух сымал болот. Дене рухсуз жашай албайт, рух да бул ааламда денесиз көрүнө албайт».

5. Амал жана ибадаттарды ыклас менен аткаруу: Акыретте соопко ээ болуу жана да дүнүйөдө ийгиликке жетүү үчүн ибадаттарыбызда Аллахка ыклас кылуубуз зарыл.

6. Ар кандай пайдалуу жана жакшы амалдар ниеттин жакшылыгынан жана ыкластын тууралыгынан улам ибадатка айланат.

Канат кызы Наргиза