Кыска насааттар
03.08.2016

Кыска насааттар

Кимдир бирөө сага акыл айтса, ал адам сенден акылдуу болгондугу үчүн, же идеал, үлгүлүү адам болгондугу үчүн акыл айтып жатат деп ойлоп калба. 

Кээде ал, сени өзүнө караганда жакшыраак адам болушуң үчүн акыл айтат. Анткени ал жете албаган бийиктиктерге, сенин жетишиң толук ыктымал.
Акыл айтып, кеңеш берүү - өзүн өзгөчө кылып көрсөтүү эмес. Балким жакшы көрүү, сыйлоо, урматтоо дегенди туюндурат.

Кыямат күнүндө пенде тоодой болгон күнөөлөр менен келет. Бирок, бул дүйнөдө өтө көп зикр кылгандыгы үчүн, тили ал күнөөлөрдү талкалап жок кылат.

Мусулман адам өз бактысын түнкү (тахажжуд) намазынан табуусу керек. Чындыгында Алла Таала андай адамдарды мактаган жана бардык пайгамбарлардын, саалих пенделердин өзгөчүлүктөрү тахажжуд намазын окууда экендигин кабардаган.

Адамдар төрөлгөн кезде бардыгы окшош болушат.
Бирок өлгөн кезде ар-кимиси ар кандай абалда болушат. Адамдын өмүрүнүн башы эмес, өмүрүнүн аягын кандай өткөргөндүгү эске алынат.

Алла Таала парз кылган намаз окулбай, орозо кармалбай, байлары зекетин бербей калган коомдо: Коркунуч көбөйүп, тынчтык азайат. Бузукулук жайылып, изгилик, сый-урмат, кадыр-барк жойулат.

Абдышүкүр ажы Нарматов