Кыска насааттар
07.07.2020

Кыска насааттар

Кимдир бирөө сага акыл айтса, ал адам сенден акылдуу болгондугу үчүн же телегейи тегиз, үлгүлүү адам болгондугу үчүн акыл айтып жатат деп ойлоп калба. 

Кээде ал, сени өзүнө караганда жакшыраак адам болууң үчүн акыл айтат. Анткени, ал жете албаган бийиктиктерге, сенин жетүүң толук ыктымал. Акыл айтып, кеңеш берүү - өзүн өзгөчө кылып көрсөтүү эмес. Балким, жакшы көрүү, сыйлоо, урматтоо дегенди туюндурат.

Кыямат күнүндө пенде тоодой болгон күнөөлөр менен келет. Бирок, бул дүйнөдө өтө көп зикир кылгандыгы үчүн, тили ал күнөөлөрдү талкалап жок кылат.

Мусулман адам өз бактысын түнкү тахажуд намазынан табуусу керек. Чындыгында, Алла Таала андай адамдарды мактаган жана бардык пайгамбарлардын, салих пенделердин өзгөчүлүктөрү тахажуд намазын окууда экендигин кабардаган.

Адамдар төрөлгөн кезде бардыгы окшош болушат. Бирок, өлгөн кезде ар кимиси ар кандай абалда болушат. Адамдын өмүрүнүн башы эмес, өмүрүнүн аягын кандай өткөргөндүгү эске алынат.

Алла Таала парз кылган намаз окулбай, орозо кармалбай, байлары зекетин бербей калган коомдо: коркунуч көбөйүп, тынчтык азаят. Бузукулук жайылып, изгилик, сый-урмат, кадыр-барк жоюлат.

Абдишүкүр ажы Нарматов