Кызды ыймандуу жигитке берүү
06.10.2021

Кызды ыймандуу жигитке берүү

Белгилүү табийиндердин бири Саид бин Мусайиб хадис, фикх, тапсир боюнча өтө илимдүү болгон. Убагында Медина шаарындагы фикх илими боюнча аалымдардын эң алдыңкысы эле.

Ал шарият илимдери боюнча ар кандай сабактарды өткөн. Андан сабак алган адамдардын арасында Абдулла бин Вада деген бир кедей шакирти бар эле. Бир учурда ал шакирти көп сабактарына келбей калат. Кийин Имам Саид бин Мусайиб Абдулланын сабакка келбей калуусуна эмне себеп болгону тууралуу сураганда:

– Аялым кайтыш болуп, ошону менен алек болуп калдым,– деп себебин айтат.

Сабак бүткөндөн кийин Абдулла үйүнө кетейин деп камынып жатканда имам Саид аны чакырып:

– Эй, Абдулла! Аялың өтүп кетиптир, андан кийин үйлөнбөдүңбү? – деп сураганда:

– Алланын сизге ырайымы болсун! Менин болгону 2-3 эле теңгем бар болсо, анан мага окшогон адамга ким кызын бермек эле?! – деп себебин айтат.

– Андай болсо, мен сага кызымды берем,– дейт.

Абдулла уккан сөзүнө эмне дээрин билбей, селейип туруп калат. Анткени буга чейин Ислам мамлекетинин башчысы Абдулмалик бин Марван өзүнүн баласы Валидге анын кызынын колун суратканда, ага кызын бербей койгон.

Ошондо имам Саид жанындагы адамдарды чакырды, Аллага мактоо-шүгүрлөрдү айтты, Пайгамбарыбызга салават-саламдарды жолдоду да, андан соң Абдуллага кызын никелеп, анын калыңы эки теңге болсун деп келишти.

Абдулла айтат: «Ошол жерден дароо турдум да, кубанганымдан эмне дээримди да билбей калдым. Чыгып эле үйгө жөнөдүм. Ошол күнү орозо болчум. Орозомду да унутуп коюпмун. Жол бою үйгө жеткенче өзүмчө: «Эй, Ваданын баласы! Эмне кылып жатканыңды билип жатасыңбы, эми кимди чакырасың, кимден акча сурайсың» деп өзүмдү өзүм жемелеп жаттым.

Ошентип кантип шамга азан айтылганын да билбей калыпмын. Шам намазын окудум, оозумду ачтым, үйдө болгону нан менен эле май бар болчу. Эми отуруп жейин деп жатсам, эшикти бирөө какты.

– Бул ким? – деп сурадым. Сырттагы адам:

– Саидмин,– деди. Биринчи эле оюма Саид бин Мусайиб келди. Ал кайра ойлонуп кызын бербейм деп чечсе керек деген ой келди. Эшикти ачтым, мен баамдагандай эле имам Саид келген экен.

– Оо, Абу Мухаммад! Бирөөнү эле жиберсеңиз, мен сизди убара кылбай өзүм эле бара калмакмын,– десем, ал мага:

– Жок, мен сага келгенге акылуумун,– деп сөзүн улады: «Эми кызым сага аял болду. Сенин жалгыздыгыңды бөлүшөөр жан шеригиң жок экенин билип, сени түндөсү жалгызсырабасын деп сага кызымды алып келдим»,– деди.

– Сөзүн айтты да, кызын таштап үйүнө кайтты. Мен кызынын үстүнө кирсем, ал ушунчалык сулуу, Куранды жатка билген, Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүн жакшы билген, жубайлардын укуктарын мыкты билген кыз экен. Ошентип таң да атты. Эшикке чыгып баратсам, аялым менден:

– Каякка жөнөдүңүз? – деди.

– Атаңдын сабагына жөнөдүм, барып илим алайын,– десем, ал мага:

– Кел отуруңуз, атамдын илимин мен сизге үйрөтөм,– деди. 

“Аль-Хилья” 2/167-168, Абу Наим

Кандай гана үлгүлүү окуя! Колунда бийлиги да, байлыгы да бар адамга кызын бербей, 2-3 эле теңгеси болгон кедейге өз кызын берди. Балким ал кедей болсо да, көкүрөгү бай адамдыр. Байлык, бийлик – бул убактылуу нерсе, бирде келсе, бирде кетет. Ал эми адамдын ички дүйнөсү, адамдык сапаттары аны менен өмүр бою бирге калат. 

Эрланбек Кушчубек уулу