Кызырга айтып койчу...
18.11.2021

Кызырга айтып койчу...

Бадиуззаман Саид Нурси Эмирдаг (Айрым маалыматтар боюнча Афйон) абагында олтурганда, түндөсү Конянын Ладик деген аймагында жашаган Ахмед Аганын жанына келет. Ошол убакта жанында уулу Закария да олтурган. Бадиуззаман Алланын берген керемети менен, жөнөкөй адам түшүнбөгөн мейкиндикте келген эле. Ахмед Аганын эшигинин алдында колундагы жана бутундагы чынжырларды чечип, ичкери кирди да:

— Закария чыгып турсун. Өзүнчө сүйлөшө турган сөздөрүм бар эле, – деди. Ахмед ага:

— Жашыруунун кажети жок. Бөлөк-бөтөн бирөө эмес. Ал деле уксун, – деген соң, Бадиуззаман:

— Ахмед Ага, Кызыр устазга айтып койчу, чыдамым калбай калды деди. Ахмед ага:

Макул, айтып коёюн Саид, – деп макул болгон соң, Бадиуззаман кайрадан колу-бутуна чынжырларын тагып келген жагына кайтты. Кийинчерээк мурдагы калыбында дагы бир жолу келип:

— Айттыңбы Ахмед ага? Жооп барбы? – деди.

Ахмед ага:

— Айттым боордошум Саид, айттым, – деди.

Бадиуззаман:

— Устаз эмне деди? – деп сурады.

Ахмед Ага:

— Сабыр кылууң керек экенин айтты, – деди. Бадиуззаман бул жоопту уккан соң эшиктен эмес терезеден чыгып кетти. Колдору буттары баягыдай эле байлануу болчу. Аралык, убакыт деген мейкиндиктен сыртка чыга алгыдай керемети болсо, абактан чыгып-кире алса, кишендерди чече алса, анан да "айтып коёсуңбу" деп бирөөгө өтүнүп, абактан чыгуу үчүн азирети Кызырдан жардам сураганы кандай деген суроо оюбузга келүүсү мүмкүн. Аалымдардын көбү мындай касиетке ээ. Колдорунда күч да, мүмкүнчүлүк да бар болчу. Бирок, уруксатсыз колдоно алышчу эмес. Ошондуктан Бадиуззаман да ал мүмкүнчүлүккқ ээ болуп турганына карабай Кызыр устазынан уруксат албай туруп колдонгон эмес экен.

Бадиуззаман (1873-1960жж) өмүрүн илим алуу, ыйман жаюу менен өткөргөн. Өз мезгилиндеги "ыйман каатчылыгын" көрүп, жаштарды ыйманга чакыруу максатында 130 бөлүктөн турган "Рысалеи Нур" аттуу китебин жазган. Бул Курандын кыйыр жана терең маанидеги тапсири болчу.

Өчпөс сабактар китебинен