Медицина: Анар
07.07.2016

Медицина: Анар

Анар бадал сыяктуу дарактарда өсүүчү мөмөлүү өсүмдүк. Жапайы анардын дарагы 5-6 м түзсө, үй анарынын бийиктиги 1,5-2 м жетет. Ичке ийне бутактуу, жалтыраган жашыл жалбырактуу анар дарагы кызгылт- сары гүл ачат. Кээ бир түрлөрү диаметри 15-18 см ге жеткен мөмөлөрдү байлашат. Анардын бир мөмөсүндө 1000-1200 суулуу эт менен капталган уруктары болот жана алар 6-12 бөлүктүн ичинде жатат. Анардын түшүмдүүлүгү анын түрүнө жараша бир түптөн 50-60-кг чейин түшүм берет. Анардын мекени болуп азыркы Тунис эсептелет. Азыркы учурда анарды жер шарынын дээрлик бардык жерин- де өстүрүшөт. Айрыкча, Афганистан, Жакынкы Чыгыш, Иран, Испания, Италия, Греция, Франция, Португалия, Азербайджан, Армения, Грузия, Тажикстан жана Өзбекстанда кеңири таркаган.

Куранда:

 Куранда Аллах Таала бир канча мөмө жемиштердин атын атаган. Мына ошондой жемиштердин бир - анар. Куранда аты аталган жемиштердин баары адам баласы үчүн пайдалуу жана анын жашоосу үчүн маанилүү. Анар тууралуу Курандын бир аятында минтип айтылган: "Ал асмандан сууну түшүрдү. Кийин ал (суу) менен ар түрдүү өнүп-өскөн нерселерди чыгардык. Алардан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо, тизилген дандарды чыгарабыз. (Ошондой эле) Курмадан – анын бутактарынан (терип алуучуларга) ийилген шиңгилдер (чыгарылат) жана жүзүм бактары менен бирге зайтундан, анардан бири-бирине окшогон жана окшобогондорун чыгарабыз. (Оо, адамдар!) Силер алардын ар биринин түйгөн мөмөлөрүнө жана бышып жетилген мөмөлөрүнө карагыла. Албетте, бул байкооңордо ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) далилдер бар". (Аньаам, 99-аят). Чындап эле ар бир акылдуу адам анардын мөмөсүн көргөндө анын жаратылуусуна таң калбай койбойт. Ар бир уругун кол менен тизип чыккандай чеберчилик менен жаратылган анар - Аллахтын чебер  Жаратуучу экендигине далил болуп турат. Аллах Таала мына ушундай нерселерди жаратуу бир гана Анын колунан келээрин далилдеп, дагы бир аятта минтип айтат: "Эки Бейиштен ылдый дагы эки Бейиш бар. Жаратуучуңардын дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! Эки Бейиш тең жашыл түстө. Жаратуучуңардын дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар (бар). Жаратуучуңардын дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! (Рахман, 62-69-аят- тар).  Аллах Таала бул аятта Бейиште жаратылган нерселер жөнүндө айтып, андагы мөмөлөрдүн ичинен анарды өзгөчө ажыратып айткан. Демек, анар адамдардын бул дүйнөдөгү гана тамагы эмес, Бейиштеги да тамагы болот.

Сүннөттө:

Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) жогорудагы анар жөнүндөгү аятты чечмелегенде: "Бейиштеги анар силердин анарыңар сыяктуу эмес. Бул анарлар Бейиштеги анардын бир эле уругуна туура келет" - деп айткан. Али (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Анар жесеңер, уругу менен жегиле, анткени, ал аш казанды жакшы иштетет" - деп айткан.

Анардын курамы: Анардын курамы организмге зарыл болгон заттарга бай. Анын негизги бө- лүгүн шекер түзөт. Мындан сырткары органикалык кычкылтектер, минералдар, темир, кремний, калий, фосфор, кальций ж.б. бар. Ал эми витаминдерден С, В1 жана В6 витаминдерине бай.

Анардын пайдасы:

1-Анардын курамында темир көп болгондугу үчүн, аны аз кандуулукта пайдаланууга болот. Ооруну алдын алуу жана айыктыруу үчүн күнүнө бир анарды жеп туруу, же бир анардын сыгылган ширесин ичип туруу керек. Анардан сыгылып алынган ширени ичүүдө ар дайым таза суу кошуп ичүү керек.

2-Тамакка табит тартпай калганда, анар мөмөсүн жеш абдан пайдалуу.

3-Ашказан ооруган учурда, анардын мөмөсүн даны менен бирге жеш керек. Ошондой эле анардын кабыгын 200- 300 мл сууга кайнатып, муздагандан кийин бир чай кашык кум шекер кошуп тамактан алдын 50-60 мл ичүү керек.

4-Ашказанга суук тийгенде жана ич өткөктө да анардын кабыгын жогорудагы ыкма менен ичүү керек.

5-Бетке так түшүп, тери бузула баштаган учурда анар ширесин сүртүү менен жок кылса болот. Анын курамында лимон кычкылтеги болгондуктан, безетки, сепкил жана пигменттик тактарды бат жок кылат.

6-Анар организмдеги зат алмашууну жөнгө салууда да өтө маанилүү. Канды тазалап, уулу заттарды сыртка чыгарат. Ар дайым анар жеп жүргөн адамдын денеси жана бети тунарып, таза болуп турат. Ошондой эле чачтын жана тырмактын толук кандуу болуп өсүүсүнө да анардын пайдасы чоң.