Мен сизди Кудай үчүн жакшы көрөмүн
05.08.2019

Мен сизди Кудай үчүн жакшы көрөмүн

Жакшы көргөн, сыйлуу, сизге жакын адамдарга Зулхижжа айынын он күндүгүндө чын жүрөгүңүздөн жылуу сөз айтып, кубантыңыз! Эгерде мен да ошол адамдардын катарында болсом, мени да унутта калтырбаңыз!

Эгерде, сиздин ачууңузга тийсем, мени кечириңиз!

Эгерде, орой сөз айтып жүрөгүңүздү жараласам, мени кечириңиз!

Эгерде, сизге зулумдук кылсам, мени кечириңиз!

Эгерде, ката кетирген болсом, мени кечириңиз! 

Эгерде, мен сизге орой мамиле кылып, сиз мени кечире албай жүргөн болсоңуз, кечире турган убак келди.

Мен сизден бардыгы үчүн кечирим сураймын!

Ким менден капа болсо, Арапа күнүнөн мурда мени кечирүүсүн сураймын. Анткени, Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деп айткан: "Арапа күнү, таарынышкан адамдардын амалынан башка бардык амалдар Алла Таалага көтөрүлөт".

Айт майрамына саналуу күндөр калды, андыктан, бири-бирибизди кечирип, жүрөктөргө кубаныч киргизели!

Абдишүкүр ажы Нарматов