Мисвак - тиштин дарыгери
17.07.2019

Мисвак - тиштин дарыгери

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Мисвак – оозду тазалайт жана Жаратуучуңду ыраазы кылат" – деп айткан. Хадистен байкалып тургандай мисвак оозду гана тазалоо менен гана чектелбестен, Алла Таалага да жагуучу амал болуп эсептелет. Чынында, динде адамдын тазалыгы биринчи орунда турат. Айрыкча ооздун тазалыгы өтө маанилүү. Мусулман адам экинчи бир адамга оозунун жаман жытын билдирбөөсү керек. Ошондуктан, Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир хадисинде: "Эгерде сарымсак жана пияз жеген адам болсо, мечитке келбесин" – деп айтылган. Мисвак - өсүмдүктүн тамыры болгондуктан, анда эч кандай зыяндуу кошулмасы жок, чыныгы табигый курал болуп эсептелет. Ал тишти тазалап гана тим болбостон, ооздо жагымдуу жытты да пайда кылат. Ар дайым мисвак менен тазаланып жүргөн ооздо жагымсыз жыт такыр болбойт. Учурдагы медицинада тишти таза сактоо үчүн ар бир тамактан кийин оозду чайкап туруу сунушталат. Ал эми динде ар бир намаздан алдын даарат алуу б.а. бир күндө беш жолу даарат алуу сунушталат. Дааратта оозду үч жолу жуу зарыл. Демек, намаз окуган адам бир күндө оозун он беш жолу суу менен чайкайт. Динде буюрулган амалдар жөн гана Алланын буйругун аткаруу эмес, өзүбүз үчүн да пайдалуу. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Эгер үммөттөрүмө оор болуп калат деп чочулабаганымда, ар бир намаздан алдын мисвак колдонууну милдет кылат элем" – деп айткан.

Куттубаева Клара Бейшеновна, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын стоматология факультетинин деканы, медицина илиминин доктору, профессор:

- Тиш адамдын ден соолугунун негизги сактоочусу болуп эсептелет. Оорулардын көбү тиштин туура эмес сакталуусунан улам пайда болот. Тамактын баары тиш аркылуу чайналып өтөт. Ошондуктан, тишти ар дайым таза сактоо керек. Тишти таза сактоо менен ооз көңдөйүнүн гигиенасын сактайбыз. Тамактануудан кийин сөзсүз түрдө оозду чайкап туруу керек. Мындан сырткары, күнүнө эки жолу тиш пастасы менен 2-3 мүнөт тишти жууп тазалоо керек. Антпесе, тиш бат эле кариес оорусуна чалдыгат. Натыйжада, пульпит, парадонтоз сыяктуу оорулар күч алат. Бизде адамдар тишке жакшы кам көрүшпөйт. Качан гана тиш ооруп, жулууга туура келген учурда доктурга кайрылышат. Болбосо, жылына эки жолу тиш доктурга кайрылып, тишин көрсөтүп турса, тиш ооруларын алдын алууга болот. Мисалы Швецарияда биздегидей акыркы стадиядагы тиш оорулары менен ооруган адамдар дээрлик жокко эсе. Тиш ооруларынын көбөйүүсүнө азыркы учурдагы тамак-аштардын сапаты таасирин тийгизүүдө. Илгери табигый таза тамак менен тамактанган ата-энелерибиз 80-90 жашка чейин өз тиштери менен жашап келишкен. Азыр 40 жаштагы адамдар тиши жок калып каптама тиш салдырып жатышат. Буга курамында углеводу көп болгон азыктарды колдонуу, кондитердик азыктар ж.б. себеп болууда.

Тиш пастасы тууралуу:

■ Он тогузунчу кылымга чейин адамдар тиштерин тиш жуучу айна менен жууп келишкен.

■ Алгачкы сыкма тиш паста алгач ирет ойлонуп табылган.

■ Дүйнөлүк сооданын 62% тиш пасталары түзөт.

■ Бир адам орто эсеп менен жылына 70-100 мл тиш пастасын колдонот.

■ Тиш пасталарынын тюбиктерин түбүндө ар түрдүү түстөгү белгилер болот. Бул түстөр төмөнкүлөрдү билдирет: Жашыл түс – 100% табигый кошулмалардан жасалган. Кара түс – 100% синтетикалык-химиялык кошулмалардан жасалган. Кызыл түс – 50% табигый, 50% химиялык кошулмалардан жасалган. Көк түс – 70% химиялык, 30% табигый кошулмалардан жасалган. 

Бетти даярдаган: Абдуллаева Мухабат