Өмүр кыска
28.05.2020

Өмүр кыска

Иса пайгамбар бир күнү тоонун жанынан өтүп бара жатып бир кишини көрдү. Ал киши ачык жерде күндүн ысыгына жана суугуна карабастан ибадат менен алек экен. Иса пайгамбар андан сурады: Бир камыштан болсо да өзүңө уй жасап алсаң жакшы болот эле, күндүн ысыгынан көлөкө, суугунан шамалдан тосуп туруусу үчүн? Ал киши жооп кайтарды: Оо, Алланын элчиси! Сизден мурдагы пайгамбарлар айтчу экен: "Мен 700 жылдан аз жашайт экенмин" - деп. Ал эми менин кыска өмүрүмдө үй куруу менен алек болбой, ибадат менен өткөрүүнү чечтим. Анда, Иса пайгамбар айтты: "Аттиң арман! Акыр замандын үммөттөрү 100 жылдан аз өмүр сүрүшсө да, өлбөй тургандай болушуп бийик-бийик тамдарды курушат". 

Шарият жана Тарикаттан терилген берметтер китебинен