Мусулмандардын 10-кылымдагы өнүгүүсү
03.09.2020

Мусулмандардын 10-кылымдагы өнүгүүсү

10-кылым. Кордовадагы (азыркы Испания, Португалия) ооруканада дарыланып жаткан Франциядан келген бейтаптын сакталган кызыктуу каты.

Француз атасына мындай деп жазат: "Ата, мага акча керек эмес, аны мага жибербе. Мага эч нерсе кереги жок, анткени ушул Ислам ооруканасында дарылоо акысыз. Бул оорукана бейтаптарга эс алуу жана калыбына келтирүү маалында иштебөөсү үчүн кийим жана беш дилде белек кылат.

Урматтуу ата, сиз мага келгиңиз келсе, мен хирургия бөлүмүндө турам. Негизги дарбазага киргенде, түштүк залына, биринчи жардам бөлмөсүнө барыңыз. Андан кийин биргелешкен оорулар бөлүмүнө кириңиз. Менин бөлмөмдүн жанында доктурлар чогулуп, профессорлордун лекцияларын угуу үчүн китепкана бар. Оорукананын короосунун аркы тарабында жайгашкан гинекологиялык бөлүмдү да байкадым. Ал жерде эркектерге уруксат берилбейт. Оорукананын короосунун оң жагында чоң дарылоочу зал бар. Бул жерде алар эс алуу жана калыбына келтирүү мезгилин бир нече күн өткөрүшөт.

Урматтуу ата, бул оорукананын ар бир жери өтө таза, төшөктөр жана жаздыктар мыкты ак кездемелери менен жабылган, жаздыктар назик жумшак пахтадан жасалган. Бул оорукананын бардык бөлмөлөрү таза суу менен камсыздалган. Бул суу түтүктөр аркылуу бөлмөлөргө жеткирилет жана ар бир бөлмө меш менен жылытылат. Тамакка келсек, тоок жана жашылчалар ар дайым дасторкондо берилет. Айрым бейтаптар даамдуу тамактан улам ооруканадан чыккысы келбейт”.

Бул мезгилде Европалыктар үйлөрүндө бошонуп терезеден ыргытышчу, а мусулмандар болсо медицина, география, математика жана башка бардык тармактарда өнүккөн эле.

"Ислам религия мира и добра" деген орусча телеграмм каналдан

Майрамбек Бердибеков