Намаз
23.03.2020

Намаз

Айтууларга караганда Жебирейил (Алланын саламы болсун) бир күнү Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) келип:

«Оо, Алланын Элчиси! Мен кѳктѳ тактыда олтурган бир периштени кѳргѳнмүм. Айланасында жетимиш миң периште кызмат кылып жүргѳн. Ал периште дем алган сайын Алла Таала бирден периште жаратып турчу. Эми анын Каф тоосунун үстүндѳ, канаты сынып ыйлап жатканын кѳрдүм. Ал мени кѳрүп: «Мага шапаат кыласыңбы?»-деди. Мен: «Күнѳѳң эмне?»-деп сурасам. Ал: «Мен Мираж түнү тактымда олтурсам Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жанымдан ѳтүп калды. Мен ал үчүн ордумдан турган жокмун. Натыйжада Алла Таала мени жазалап, ѳзүң кѳрүп тургандай, ушул жерге таштады» деди.

Кийин мен ошол периште үчүн Алла Таалага жалбарып, шапаатчы болдум. Алла Таала мага: «Жебирейил, ага айт, Мухаммедге салават айтсын!» - деди. Ошол периште азыр сага салават айтып жатат. Алла Таала аны ошол кылганы үчүн кечирип, сынган канатын калыбына келтирди» деди.

Кыямат күнү пендеден биринчи болуп намазы суралат. Эгер пенденин намазы толук болсо, калган иштери да кабыл алынат. Намазы кем болсо, башка иштери да четке кагылат. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) намаз тууралуу тѳмѳнкүдѳй хадистери бар:

«Парз намаздар тараза сыяктуу, туура тарткан киши пайдасын кѳрѳт».

«Υммѳтүмдѳн эки кишини ойлоп кѳргүлѳ, экѳѳ тең намазга турушат. Рүкү менен саждалары бирдей. Бирок, экѳѳнүн намазынын ортосунда асман менен жердей айырма бар», - деп, Алла Тааладан айбыгуу менен окулган намаздын маанилүүлүгүн баса белгилеген.

«Рүкү менен сажданын ортосунда белин түздѳбѳгѳн пендеге Кыямат күнү Алла Таала ырайымы менен назар салбайт»,

«Ким убагында намаз окуп, дааратын толук алып, рүкү менен саждасын толук жасаса жана намазды Алла Тааладан корккон абалда окуса ал пенденин намазы ак, жаркыраган кейипте кѳккѳ кѳтѳрүлүп баратып: «Мени адебине ылайык сактаганыңдай, Алла Таалада сени ар кандай жамандыктардан сактасын» дейт.

Ал эми ким намазын убагын ѳткѳрүп окуса, дааратын чала-була алып, рүкүгѳ, саждага жана Алладан айбыгууга кайдыгер караса, анын намазы да капкара абалда кѳккѳ кѳтѳрүлүп: «Мени кууратканыңдай, Алла Таала да сени кууратсын» дейт.

Анан Алла Таала буйруган күн келгенде бул намаз эски кийим сыяктуу оролуп туруп, аны окуган кишинин жүзүнѳ урулат».

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтат: «Намазынан уурдаган киши эң жаман ууру».

Бин Масуд (Алла андан ыраазы болсун) мындай дейт: «Намаз тараза сыяктуу. Ким кемчиликсиз ѳлчѳп берсе, ага да сообу кемчиликсиз берилет. Ким таразадан алдаса билип койсун, Алла Таала: «Таразадан алдагандарга азап!» (Мутоффифин сүрөөсү: 1-аят) деген.

Бир аалым мындай дейт: «Намаз соодага окшош. Соодагер соодага акча салбай туруп киреше таба албагандай эле, парзды так тургузбаган пенденин намаздары да кабыл болбойт».

Намаз убагы келгенде азирети Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) жанындагыларга: «Тургула, Алла Тааланын ѳз колуңар менен жаккан отун ѳчүргүлѳ» деп айтчу.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Намаз салабаттуулук жана кичи пейилдик» деген.

Башка бир хадисте мындай дейт: «Ээсин бузуку жана жаман иштерден тоспогон намаз пенденин Алла Тааладан алыстоосуна гана себепкер».

Жоопкерчилик сезими жок кишинин намазы жаман иштерден жана каталардан тоспойт.

Дагы бир хадисте тѳмѳндѳгүчѳ айтылат: «Намазында чарчоо жана тик туруудан башка эч пайда ала албаган канчалаган кишилер бар!»

Бул жерде да жоопкерчилик сезими жок кишилер тууралуу айтылып жатат.

Башка бир хадисте «Пендеге сезип-билип тургузган намазынын гана сообу тиет» деп айтылган.

Аалымдар мындай дешет:

«Намаз тѳрт негизден турат:

1. Намазды билип баштоо;

2. Намазга турганда адебин сактоо;

3. Баардык парздарын ыйык сезип аткаруу;

4. Намазды коркуу менен аяктоо».

Бир аалым: «Жүрѳгүн акыйкатка бурбаган кишинин намазы бузулат», - деп айткан.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Бейиште «Афях» деген дарыя бар. Анда бермет, жакуттар менен ойногон, Алла зафарандан жараткан үр кыздар бар. Алар Алла Таалага жетимиш миң тилде тасбих айтып турушат. Υндѳрү Дауд пайгамбардын (Алланын саламы болсун) үнүнѳн да жагымдуу. «Биз намазын бериле окуган кишилер үчүнбүз» - дешет. Алла Таала «Андайларды ѳз үйүмѳ жайгаштырам жана зыяратчылардан кылам» деп айтат» деген хадисин айтып кеткен.

Айтууларга караганда Алла Таала Муса пайгамбарга (Алланын саламы болсун) мындай деген:

«Оо, Муса! Мени эстегениңде дене-мүчѳң титиресин. Мени эстегениңде кѳңүлүңдү сүр уяласын. Мага зикир айтканда сѳздѳрүң жүрѳктѳн чыксын, алдымда турганда кулдай таазим кыл, Менден бир нерсе тилегенде жүрѳгүң титиреп, оозуңдан акыйкат сѳз чыксын».

Бир рабаят боюнча, Алла Таала мындай деп вахий жиберген:

«Υммѳтүңдүн күнѳѳкѳрлѳрүнѳ айтып кой! Менин атымды ооздоруна алышпасын! Анткени, атымды атагандарды атоо Менин чечимим. Демек, ал күнөөкөрлөр Менин атымды айтса Мен да аларды каргыш менен эскерем». Бул ѳкүм Алланы зикир кылганда кайдыгер болбогон күнѳѳкѳрлѳргѳ тиешелүү. Ал эми күнѳѳкѳрлүк да кайдыгелик да кошул-ташыл болуп туруп Алла Тааланы зикир кылгандардын абалын ѳзүңѳр ойлоп кѳргүлѳ!

Бир сахаба мындай дейт: «Пенделер махшар майданына намаздагы абалдарына жараша алынып келет. Намазында дилгир болуп, окуган намазынан лаззат алган кишилер махшарда да ошондой абалда болушат. Намаз учурунда жогоруда айтылганга тескери абалда болгондор, махшарда да ошондой абалда болушат».

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир күнү намазда сакалы менен ойноп жаткан кишини кѳрүп, «Эгер бул кишинин жүрѳгүндѳ коркуу сезими болгондо анын турушунан байкалмак. Жүрѳгүндѳ коркуу жок кишинин намазы кабыл болбойт» деген.

Намаз окуганда жүрѳгүн коркуу сезими уялап, ѳзүнүн алсыздыгын сезген кишилерди Алла Таала кѳптѳгѳн аяттарда мактаганы жалпыга маалым. Бул маанидеги аяттара айтылган:

«Алар намаздарында коркуп турушат» (Анаам сүрөөсү: 92-аят), «Алар намаздарын үзгүлтүксүз аткарышат» (Маариж сүрөөсү: 23-аят).

Белгилүү болгондой, намаз окугандар кѳп, бирок, намазында корккондор аз. Ажылыкка баргандар кѳп, ажынын талаптарын аткаргандар аз. Билимдүүлѳр кѳп, билгенин аткарган билимдүүлѳр аз. Намаз - Алланын буйруктарына моюн сунуу маалы, Алладан коркуу жана кичипейилдиктин башаты. Намаздын аткарылуу шарты менен кабыл болуу шарты ар башка. Намаздын аткарылуу шарты - парздарды так аткаруу. Кабыл болуу шарты болсо - коркуу жана берилүү менен тургузуу.

Алла Таала мындай дейт: «Намазын коркуп орундаткан момундар кутулушту» (Муминун сүрөөсү: 1-2-аяттар).

Такыбаалык шарты тууралуу Куранда:

«Алла Таала такыбаалардын гана ибадатын кабыл кылат» деген. (Маида сүрөөсү: 27-аят).

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтат:

«Чын дили менен Аллага берилип эки рекет намаз окуган киши энесинен жаңы тѳрѳлгѳндѳй баардык күнѳѳлѳрүнѳн арылат».

Пенденин кѳңүлүн бийлеген ойлор коркуу менен намаз окуудан алаксытат. Ошондуктан, аларды кууп салуу керек. Ал эми аларды кубалоо үчүн алаксытуучу нерселерден оолак жерде намаз окуган жакшы. Ызы-чуу жерлер, кооздолгон килемдер жана кооз кийимдер кишини алаксытат.

Айтууларга караганда Абу Жахм аттуу киши Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир нерсенин белиси түшүрүлгѳн кур белек кылды. Бирок, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аны менен бир жолу намаз окугандан кийин белинен чечип: «Муну Абу Жахмга кайра алып барып бергиле, анткени, ал мени намазда алаксытты», -деп айткан.

Дагы бир жолу Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кепичинин боосунун алмаштырылуусун буйруган эле. Себеби, ал жаңы болгону үчүн намазда турганда кѳзү түштү. Ошондуктан, жаңы боону алып салды, эскисин тагууну буйруду.

Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) манжасында алтын шакек бар эле. Ал учурда алтын шакекке тыюу салына элек болчу. Бир жолу минбарда кутпа окуп жатып ошол шакекти колунан чыгарып ыргытып жиберди да: «Силерди карап турганымда улам-улам ага кѳзүм түшүп, мени алаксытты» деп, себебин түшүндүрдү.

Айтууларга караганда, бир күнү Абу Талха (Алла андан ыраазы болсун) үйүнүн бакчасында намаз окуп жаткан. Ошол учурда бир канаттуу бутактардын арасынан уча качууга аракет кыла баштады. Абу Талха (Алла андан ыраазы болсун) бул кѳрүнүшкѳ бир топко чейин кызыга карап калды. Натыйжада канча рекет окуганынан да адашты.

Намаздан кийин бул окуяны Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтып берип, «Ал бакчаны садага кылдым, каалаганыңыздай колдонуңуз» - деди.

Дагы бир сахаба тууралуу тѳмѳндѳгүдѳй окуя баяндалат:

Курма дарагы мѳмѳ байлаган учур болчу. Бакчада намаз окуп жаткан сахабанын кѳзүнѳ курма дарагы чалдыгып, суктана тиктеди. Ошонтип, ал да канча рекет окуганын билбей калды. Намаздан кийин дароо азирети Осмонго (Алла андан ыраазы болсун) барып окуяны айтып берди да, «Ал бакчаны казынага бердим. Аны Алла жолунда жумша», - деди. Азирети Осмон ал бакчаны элүү миң теңгеге сатты.

Улуу аалымдардын бири мындай дейт:

«Ушул тѳрт нерсе намазга кедергисин тийгизет:

1. Сажда жеринен башка жакка кароо;

2. Бетти сылоо;

3. Сажда кылуучу жердеги кум жана шагыл таштарды ыргытуу;

4. Алдынан бирѳѳ ѳтүүсү ыктымал болгон жерде намаз окуу».

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Намаз окуган киши сажда кылуучу жерден башка тарапка карамайынча Алла Таала ага назар салып турат» деп айткан.

Абу Бакир Сыддык (Алла андан ыраазы босун) намазда түркүк сымал түптүз турчу. Кээ бир сахабалар рүкүдѳ кѳпкѳ чейин тургандыктан, канаттуулар аларды жансыз нерселер деп ойлоп, жонуна коно калчу.

Жогорку мансаптагы пенделердин алдында да урмат кѳрсѳтүү жѳрѳлгѳлѳрү жасалганы жѳндүү. Демек, падышалардын Падышасынын алдында турганда айрым адеп жана урмат кѳрсѳтүү шартын аткарбай коюу туура болмок эмес.

Тооратта: «Оо, Адам баласы! Алдымда туруп намаз окуганда ыйлагандан тартынба. Анткени, Мен сага ѳз жүрѳгүңдѳн да жакынмын жана Менин нурум кайыпты да кѳрѳт» деп жазылганы айтылат.

Рабаятка караганда азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) бир күнү минбарда туруп:

- Пенде мусулман бойдон сакалын агартканы менен Алланын ыраазылыгына жете турган бир да намаз окубоосу мүмкүн, - деди. Муну уккандар:

- Муну кандайча түшүнсѳк болот? - деп сураганда азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун):

- Адам талапка ылайык коркуу жана кичипейилдик сезими менен Алла Таалага жүздѳнүп намаз окубаган болот, - деп жооп берди.

Абу Алиден (Алла андан ыраазы болсун): «Анткени, алар намаздарын унутуп коюшкан» (Мааун сүрөөсү: 5-аят) деген аяттын маанисин сурашканда, «Бул аят намаз окуганда бир рекет окудубу же эки рекет окудубу, ошонусун билбей адашып, качан салам берээрин биле албай калгандар тууралуу айтылат» деп айткан.

Хасан (Алла андан ыраазы болсун) бул аят тууралуу «Бир нерсеге алаксып намаздын убагын ѳткѳрүп жибергендер тууралуу айтылып жатат» - деген.

Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Алла Таала «Пендем Менин азабымдан мойнуна парз кылган ибадаттарды аткаруу менен гана кутулат» деп айткан» - деген хадиси бар.

Жүрѳктѳрдүн ачкычы китебинен