Наристелерди сүт энеге берүү салты
20.11.2022

Наристелерди сүт энеге берүү салты

Меккенин абасы дайыма ысык болуп турар эле. Өзгөчө наристелерге жакпайт. Алардын чың ден соолукта чоңоюусу үчүн да шарты ыңгайсыз. Жайлоодо болсо таза аба, таза суу, аба ырайы да бир калыпта болуп турчу. Андан тышкары жайлоодо жашаган уруулардын тили бузулбай таза сакталган. Тилдик өзгөчөлүктөрүн таза сактап келген эл адеп-аклагы жагынан да башкалардан айырмаланып турган.

Мына ушул себептерден улам, курайштын улуктары жана тургундары балдарын ден соолугу чың болуусу үчүн жана бузулбаган араб тилин жакшылап үйрөтүү үчүн жайлоодо жашаган аялдарга акча төлөп бактырышчу. Бала 2-3 жылдын аралыгында кээде бир нече сүт энеге берилчү. Бул себептен жайлоолордо турмуш-тиричилик өткөргөн уруулар, анын ичинен өзгөчө Саад бин Бакир уруусу, жылына Меккеге келишип, жаңы төрөлгөн балдарды өстүрүп, тарбиялоого жайлоого алып кетишчү.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр баяны китебинен