Наристени жазалоого болобу?
08.06.2020

Наристени жазалоого болобу?

Кичинекей балакайыңыздын туура эмес жүрүм-турумун кантип оңдойсуз? Туура эмес экенин канча айтсаңыз деле уккусу келбейт. Анан кыйкырасыз, коркутасыз, боло бербесе анча-мынча чаап жибересиз. Бирок, мындайда бала ого бетер көшөрүп, ыйлап, өз айтканын бербейт. Андыктан, баланы ийге келтирүүнүн жолдорун билип алсаңыз жакшы болот.

Табигый жазалоо:

Табигый жазалоо өзүнөн өзү пайда болот: эгер байпакты кийбесең, бутуң үшүп калат. Жаш балага мунун себебин, натыйжасын түшүндүрүп жеткирүү кыйын. Мындай учурда анын көңүлүн болгон окуяга буруу керек. Кошумча жазалап, кечке насаат айтып отуруунун кажети жок.

Бала чыныдагы сууну төгүп алды, ары-бери жылдырып ойноп жатып. Ушундай болоорун апасы эскерткен, бирок апасынын сөзүн этибар албады. “Төгүп алдыңбы? Чүпүрөктү алып үстөлдү аарчы. Кийинчерээк кийимиңди алмаштырам. Азыр идиш жууп жатам”. Албетте, бала каршылык көрсөтөт, ыйлайт, суу болгон кийими менен отургусу келбейт, төгүлгөн сууну тазалагысы келбейт. Сабырдуу болуп акырына чейин туруңуз. Ушул сыяктуу кырдаалдарда өзүңүздү токтоо кармап, дайыма ушундай мамиле кылсаңыз, бала өз ишине жоопкерчиликтүү болгонго үйрөнөт. Жаш балдар адилеттүүлүктү жакшы сезе алышат. 

Балаңыз толтура оюнчуктарынын арасынан өзүнө жаккан машинасын таба албай кыйналып жатат. Ар бир оюнчукту өз ордуна коюу керектигин эскерткенсиз. “Карачы, машинаң табылбай жатат. Эгер кечээ бардык машиналарыңды өзүнүн “гаражына” киргизгениңде азыр оңой эле таап алмаксың”.

Балаңыз үчүн өзүңүз жасабаңыз. Анан да “мен сага айттым го!” деп кайра-кайра кыйкыра бербеңиз, антип бир жолу айтсаңыз болот, урушуу иретинде эмес, сиздики туура экенин тастыктоо үчүн эмес, жөн гана эскертүү, берилген маалыматты бекемдөө үчүн. Кийинкисинде жагымсыз абалдын натыйжасын эскертип коюу жетиштүү. Максатыбыз аны жемелеп, өзүн күнөөлүү сездирүү эмес, жагымсыз натыйжа болоорун эскертүү эле.

Балага көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштаңыз. “Эми эмне кылабыз? Ойлонуп көрөлүчү”. Бирок, анын ордуна сиз чечип бербеңиз, өзүнө ыктыяр бериңиз. Мындай ыкманы кооптуу жерлерде колдонбоңуз, мисалы, күйүп кала турган, чөгүп кете турган, жаракат ала турган жерлерде.

Мындай ыкманы колдонууда баланын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу керек. Туура эмес иштин натыйжасы мүмкүн болушунча тезирээк болуусу керек. Бул көрсөткүч баланын канча жашта экенинен көз каранды: наристе кылган “ишинин” натыйжасын дароо көрүп, баалоосу керек, болбосо болгон окуянын мааниси жоголуп, өзүнө пайдалуу чечим чыгара албай калат. Эгер ал ысык үтүктү кармап колун күйгүзүп алса, натыйжасы дайын, бирок балага бардык ысык үтүктөр тууралуу түшүндүргөндү унутпаңыз. 

Жазалоонун мындай түрүн колдонуу менен бала акырындап себеп менен натыйжанын байланышын түшүнүп, сизди уга баштайт.

Этибарга албоо:

Маанисиз нерсени этибарга албай, маанилүү нерсеге көңүл коюуну үйрөнүңүз. Майда-барат нерселерди чоң көйгөй кылып, өзүңүздүн да, балаңыздын да маанайын түшүрбөңүз. Балага бардык нерсе кызык, дүйнө таанымын кеңейтип жатат. Чоңойгон сайын көп шоктонбой калат.

Тыныгуу:

Түзөтүү чарасы дээрлик дайыма жардам берет. Муну жазалоо эмес, жагымсыз жүрүм-турумду жөнгө салуу десек болот. Бул эмнени туура эмес кылдым, кантип оңдойм деп ойлонуу. Мисалы, балаңыз туура эмес нерсе кылса, “тыныгуу” дейсиз, ал кылып жаткан “ишин” токтотуп, мурда сүйлөшүлгөн жерге барып олтуруп эмне кылганын ойлонуусу керек. Бул көпчүлүккө белгилүү болгондой бурчка тургузуп коюп же отургучту көтөртүп коюп жазалоо эмес. Тыныгуу чоң кишилерге да, жаш балдарга да пайдалуу, бул ойлонуу үчүн убакыт. Эгер урушуп же унчукпай коюп жазалаганга көнүп калган болсоңуз, анда сизге убакыт керек экенин билдириңиз: “Тыныгуу. Ойлонуп, өзүмө келип алуум үчүн убакыт керек”.

Тыныгуу ыкмасын эрте жаштан эле баштаса болот. Мисалы, наристе улам эле электр туташтыргычына жөрмөлөп барат. Аны кармаганга болбойт экенин айтып, улам бөлмөнүн аркы бурчуна алып барып коёсуз. Ушундайча бурчка алып барган сайын “тыныгуу” деп олтургузуп, бул эрежеге көндүрөсүз. Тыныгуу учурунда эки тарап тең унчукпайт. Эгер наристе белгиленген жерде олтургусу келбесе, жанына олтуруңуз, боло бербесе “Азыр бизде тыныгуу” деп кармап олтуруңуз. Олтуруу убактысы кыска эле болот – бир жашка бир мүнөттөн, мисалы, эки жаштагы балага эки мүнөт. Убакытты түшүнгөн чоңураак балдарга таасир эте тургандай убакыт бөлөсүз.

“Үчкө чейин санайм!..”

Мындай ыкмадагы жазалоо көп колдонулат. Бирок буйрук берүү, коркутуу иретинде айтылгандыктан баланы ого бетер каршылык көрсөтүүгө түртөт. “Үчкө чейин санайм, айтканды кылбасаң таяк жеп каласың менден!”. Минтип баланын түшүнүгүн бузуунун кереги жок. Ушул эле үчкө чейин санайм дегенди шаңдуу үн менен, коркутуп-үркүтпөй айтсаңыз пайдасын көрөсүз. Мисалы, оюнга айлантып жибериңиз. “Азыр мен үчкө чейин санайм, анан сен тура калууң керек. Бир, эки, үч. Турдук!” Бала өз ыктыяры менен турат, маанайы да көтөрүлөт.

Мындан ары буйрук берүү үчүн үчкө чейин санабайбыз, үчкө чейин санаганча кийинип бүткөнгө жетишебизби же жокпу деп балага түрткү беребиз.

Сыйлык берүү:

Бул ыкма жардам берүүсү үчүн алдын ала сүйлөшүп алуу керек. Ата-энелер балдарынын кандай болуусу керектигин алдын ала айтып келишим түзүшөт. Эгер келишимди бузса, келишимдеги сыйлыктан куржалак калат. Мисалы, “эгер сабакты бешке окусаң велосипед алып берем”.

Көз караш менен тарбиялоо:

Бул чеберчиликтин эң жогорку түрү! Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун)  пайгамбарыбыз бул ыкманы колдончу. Бир күнү пайгамбарыбыздын неберелери Хасан менен Хусейн садагага берүү үчүн жыйналган курмалардын жанында ойноп жатышып, алардын бирөөсү бир курманы алып оозуна салганы калат. Бирок анын көздөрү пайгамбарыбыздын көздөрү менен чагылыша түшкөндө, ал дароо курманы ордуна коёт. Бул көз караш кадимки көз караш эмес. Бала анын көз карашынын маанисин түшүнүп, бирөөнүн акысын ордуна койду. Бул оңой ыкма эмес. Эгер баланы дайыма эле жекире карап, урушуп, кыйкыра берсеңиз бул ыкма эч кандай жардам бере албайт! Пайгамбарыбыз дайыма неберелерин сүйүү толгон көздөрү менен карап, сыйлагандыктан бир эле башкача көз караш жетиштүү болгон.

Даярдаган: Назира Манас кызы