Ордо оюну
26.08.2020

Ордо оюну

"Ашык аткан азат, ордо аткан озот" деген чынбы же ордо оюну тууралу учкай кеп.

Ордо кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Кыргыз, кыргыз болгону анын каны менен жаралган ордо аттуу оюну тууралу эпостордо да кеңири айтылган. Манастагы:

Чийип койгон чийинде,
Кара баспай, ак басып,
Кыйшыгы жок жол басып.
Кадамыкты кадашып.
Оюн салып жатканда,
Тоорумак тооруп жатканда,
Ичке түштү зор Манас,
Чүкө чертээр, чоң оюн
Ишке түштү зор Манас... 

деген саптар анын эзелки оюн экендигин тастыктап турат. Ошондой эле: 

Кызыгып ойноп кыргыздар,
Кызыктуу оюн ордону!
Кымбат оюн баштаган,
Атабыз кыргыз болжолу!
Ашыгып ойнойт кыргыздар,
Ашык оюну ордону...

деген сыяктуу элдик ырлар ордо кыргыздар үчүн эң кадырлуу жана кызыктуу оюн болгондугун билдирет.

Оюндун тартиби: Оюн атайын даярдалган тегиз аянтта ойнолот. Мурда кой жатып тапталып калган короого ойношкон. Алгач аянттын ортосуна казык кагылып, ага байланган аркан менен ордону сызышат. Ордонун диаметри оюнчулардын абалына жараша болот (мисалы жаш балдарга 5-7 метр болсо, чоңдорго 9-14 метр болот). Андан кийин ордонун борборунун жыдымасына «кан» салынат жана анын айланасына чүкөлөр курчата тизилет. Чүкөлөрдүн саны ар кайсы аймакта ар түрдүү болот. Кээ бир жерлерде ар бир оюнчуга 2 чүкө салынса, кээ бир жерлерде 5 чүкө салынат. Оюнчулардын саны да ар түрдүү болот. Ар бир тайпада 3төн 10го чейин адам ойноого болот. Көпчүлүк жерлерде кан салынчу орунду оюп чукур кылып коюшат.

Ордодо колдонулуучу куралдар: Ордону уй жана топоздун томпою менен атышкан. Көбүнчө топоздун томпою колдонулган. Анткени уйдукуна караганда топоз томпою оор жана катуу. Томпой оң же сол болот. Аны оюнчулар өз шыктарына жараша тандап алышат. Ошондой эле тоо текенин мүйүзүнөн узундугу 8 см, туурасы 6 см, калыңдыгы 2,5 см болгон абалак жасап, томпой ордуна ошону пайдаланган жерлер да бар. Ордону абалак менен Ысык-Көл, Нарын, Чүй өрөөнүндө атышса, Түштүк облустарда жана Таласта томпой менен гана ойношкон. Чүкөлөр кой, эчкиники, ал эми «хан» улак же козунун чүкөсү болот.

Ордонун пайдасы: Ордо оюну ден соолук үчүн абдан пайдалуу оюн. Чарчоону жазып, кан тамыр, жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, денени ийилчээк болуусуна шарт түзөт. Дене булчуңдарын чыңдап, муундардын иштөөсүн жакшыртат. Ошондой эле адамдын ойлоо жөндөмүн арттырат. Ордо - аскердик тактиканы үйрөтө турган акыл оюну.

Ордо атуунун ыкмалары: Ордо оюнунда ура атуу, топ бузуу, кыңай атуу, кадамак кадоо, тоорумай, чалмай атуу жана чертүү ыкмалары кеңири колдонулат. Ошондой эле тыюу салынган бир нече кыймыл-аракеттер, жыдымайдын түрлөрү дагы так эрежеге салынган. Жыдымайдын түрлөрү жана тыюу салынган абалдар.

1) Чүкөнү борбордон кыйшык атууга болбойт.

2) Ханды атса болот, бирок тооруп алууга болбойт, артка чыгып кетсе жарабайт.

3) Чүкө чыгып жатканда ойноп жаткан тараптын оюнчулары ичке кирип алса, чийинди басып турса, чүкө сырттан тийип ичке кирсе жыдыйт.

4) Ичтеги оюнчу көрбөй туруп чүкөдөн өтүп кетсе, бир нерсе денесинен ичке түшүп кетсе, сырттагы оюнчу бир нерсени ичке кийирип жиберсе жыдыйт.

5) Ичтен томпойду, чүкөнү эки жолу алса жыдыйт.

6) Атып жатканда ичте томпой калып калса жыдыйт.

7) Хан же чүкө чийинге илинип калса чыкпайт.

8 ) Черткен хан сырттагы адамга же башка бир нерсеге тийип кайра ичке кирсе, эки тарап тең макул болсо чыкты деп эсептелинет.

9) Хан, чүкө сыртка чыгып эч нерсеге тийбей кайра имерилип ичке кирип кетсе чыкпайт.

10) Тооруганда томпой сыртка чыгып, кайра ичке кирсе жыдыбайт.

11) Чүкө черткенде томпой жерден көтөрүлүп кетсе оюн жыдыйт.

12) Чүкө чыгарып жүргөндө оюнчу чийинди эки жолу басып алып бутун оңдосо оюн жыдыйт.

Турмушта: Азыркы учурда Ордо оюну көп ойнолбой бара жатат. Шаарларда Ордо үчүн атайын шарт жок жана жаштардын бул оюндан кабары да жок. Ал эми айылдарда, айрыкча алыскы Чоң Алай сыяктуу аймактарда Ордо ойнолуп келет. Ордонун эски нагыз шарттары Памир кыргыздарында сакталып калган. Ордо абдан кызыктуу жана мөөнөт белгиленбеген оюн болгондуктан ордо атуучулар таң эртеден кечке чейин ошо менен алектенип калган учурлар болот. Бул албетте адамдардын социалдык абалдарына терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Ошол себептен «Ашык аткан азат, ордо аткан тозот» деген сөз айтылып калса керек.

Шариятта: Шариятта, эгерде динге каршы келбесе ар бир элдин улуттук оюндарына тыюу салынбайт. Ордо оюнун ойноого да тыюу салынган эмес. Бирок, оюнчулар ортого акча чогултуп ойноого болбойт. Анткени, кайсы бир адамдын же тайпанын экинчи жактын акчасын утуп алуусу кумар болуп эсептелет. Ошондуктан, ордо оюнун башка тарап же той ээси уюштуруп бергени жакшы. Мындан сырткары ордого берилүү менен аткарылуусу парз болгон ибадаттарды кечиктирүүгө болбойт (мисалы: намаз убактысын өткөрүү, орозо кармабай коюу ж.б.). Ошондой эле күн сайын Ордо атуу менен алек болуу убакыттын текке кетүүсүнө себеп болуусу мүмкүн. Андыктан, ар бир нерсени өз чени менен аткаруу абзел.

Бейиш гезити