Пайгамбарыбыз эмне үчүн бут учу менен басып жүрдү?
09.06.2020

Пайгамбарыбыз эмне үчүн бут учу менен басып жүрдү?

Азирети Саалаба (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кызматчысы болчу. Бир күнү Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аны бир жумушка жөнөттү. Ошондо ал, Мединалык бир адамдын эшик алдынан жуунуп жаткан аялды көрүп, аны бир азга карап калат. Анан бул кылыгы үчүн өзүн жемелеп, кайра кайтат. Бирок «Бул туурасында Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) вахий келип, билип алат» деп ойлогондуктан, кайра Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) келбей коёт. Ошентип, Мекке менен Мединанын ортосундагы тоонун этегинде кырк күн жашынып жүрдү. Бир күнү Жебирейил (Алланын саламы болсун) келип: «Мухаммед, сага Раббың салам айтты. Ошондой эле бир адамдын сенден жашынып тоо арасында жүргөнүн айтты» - дейт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Умар менен Салман Фарсийди (Алла алардан ыраазы болсун) чакырып, Саалабаны алып келүүгө жөнөтөт. Алар аны тоо арасынан таап келишет.

- Эмне үчүн жашынып жүрөсүң, - деп сурады, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) андан.

- Күнөө жасаганым үчүн, - деди, тиги.

- Күнөөнү кетире турган ишти айтайынбы?

- Айтыңыз, оо, Аллахтын Элчиси.

- «Роббанаа аатинаа фид-дуняа хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар» деп айткын.

- А менин күнөөм чоң да.

- Алланын сөзү андан да улуу, - деди, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун).

Анан Саалаба (Алла андан ыраазы болсун) кайра кетти. Арадан сегиз күн өткөндөн кийин Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жолдоштору менен анын жашаган жерине барат. Аны менен саламдашкан Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) анын башын көкүрөгүнө коёт. Бирок, Саалаба (Алла андан ыраазы болсун) башын шашылып тартып алат.

- Эмне үчүн менин көкүрөгүмө башың койбойсуң? - деп сурайт, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун).

- Ал күнөөгө толгон, - дейт, Саалаба (Алла андан ыраазы болсун).

- Сен эмнени каалайсың? - деп сурайт, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун).

- Алланын кечиримин гана каалаймын, - деп жооп берет.

Ошол мезгилде Жебирейил (Алланын саламы болсун) келип: «Оо, Мухаммед, Раббың сага салам айтты жана: «Эгерде ушул пендем Мага деңиз көбүгүндөй күнөө менен келсе, Мен аны деңиз көбүгүндөй кечирим менен тосуп алам» деди» - деп айтат.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) анын сөзүн Саалабага (Алла андан ыраазы болсун) айткан мезгилде, ал катуу кыйкырып жиберет да ошол бойдон жан таслим болот. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аны жуудуруп, кепиндетип, анан жаназасын окуйт. Анын жаназасын окур алдында Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бутунун учу менен этияттап басып жүрөт. Ага таң калган сахабалар жаназа окулуп бүткөн соң: «Оо, Алланын Элчиси, жаназа алдында эмне үчүн бутуңуздун учу менен этияттап басып жүрдүңүз?» - деп сурашты.

- Мени пайгамбар кылып жөнөткөн затка касам ичип айтам, Саалабанын (Алла андан ыраазы болсун) жаназасына келген периштелердин көптүгүнөн улам, бут коёрго жер таппай жаттым, - деп жооп берди, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун).

Урматтуу окурман! Ушул күнгө чейин « Роббанаа аатинаа фид-дуняа хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар» деген дубаны жөн гана айтып жүргөн болсоң, эми аны чын көңүлүң менен, көз жашыңды агызып айткын. Анткени, сен жасаган күнөөлөр да Саалабанын (Алла андан ыраазы болсун) күнөөсүнөн аз эмес.

Бейиш гезити